Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Парламент токтом кабыл алды

яывы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 24-сентябрдагы жыйынында кезектеги президенттик шайлоону дайындоо тууралуу токтомду кабыл алды. Токтомго жыйынга катышкан 86 депутаттын баары "макул" деп добуш берди.

Ага ылайык, шайлоо 2027-жылдын 27-январында шаршемби күнү өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров Би-Би-Cиге берген маегинде Жогорку Кеңештин токтому 25-сентябрда "Эркин-Тоо" гезитине жарыялана турганын, ошондо тарта шайлоого катышууну каалагандар талапкерлигин көрсөтсө болорун билдирди.

Буга чейин президенттик шайлоого катышарын азыркы президент Садыр Жапаров билдирген. Шайназаровдун айтымында, мыйзамга ылайык Жапаров кызматын тапшырбастан туруп президенттикке талапкер боло алат.

Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев да парламенттеги сөзүндө бул маселеге токтолду.

"Конституциялык мыйзамдын 21-беренесине ылайык, сиздер, депутаттар жана президент шайлоого ыйгарым укуктарын токтотпой катыша берет. "Атаандаштык болуш керек" деген сөздөр айтылып жатат. Жогорку Кеңештин VII чакырылышында депутат болгондор кийинки шайлоого депутат катары кадимкидей барганбыз. Бирок бул эч кандай деле артыкчылык берген жок. Жарым-жартылай өтүп келди, жарым-жартылай өткөн жок. Бирок бул туруктуулук үчүн, мамлекеттүүлүк үчүн керек. Анткени дүйнөдө кандай жагдайлар болбосун – ошол эле COVID, ошол эле чек ара маселеси болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан өз ыйгарым укуктарын аткарыш керек. Ошол үчүн кылынган нерсе. Муну биз кечээ кабыл алып калган жокпуз. Бул тээ 1991-жылы 31-августта жана 1999-жылы 29-майда кабыл алынган мыйзамдардын алкагында болуп жатат", - деди Марлен Маматалиев.

Кыргызстандын Конституциясына ылайык, президенттик шайлоону дайындоо укугу Жогорку Кеңешке берилген.

Июль айынын аягында президент Садыр Жапаров президенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтүнө байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, кезектеги президенттик шайлоо мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган жылы январдын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт. Кыргызстанда буга чейин шайлоолордун баары жекшемби күнү өтүп келген.

Добуш берүүнү шаршемби күнү өткөрүү демилгеси элди шайлоого көбүрөөк катыштыруу максатында сунушталган.

Жогорку Кеңеш шайлоону добуш берүү күнүнө чейин кеминде төрт ай мурда дайындашы керек.

Конституцияда президенттикке талапкер Кыргызстанда туулган, 35 жашка толгон, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан кеминде 15 жыл жашаган Кыргызстандын жараны болушу керектиги жазылган. Талапкер ошондой эле кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын топтошу зарыл.