Трамп: АКШ Иран менен тынчтык келишимин түзүшү мүмкүн

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-би-си Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
АКШ президенти Дональд Трамп шейшембиде БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып, 3-ноябрда өтө турган Конгресстин аралык шайлоосунан кийин АКШ Иран менен тынчтык келишимине жетишиши мүмкүн экенин айтты.
Ирандан тышкары, Трамп өз сөзүндө Украинадагы согушка, Кубанын келечегине жана Гренландия боюнча жаңы келишимге да токтолду. Ошондой эле ал жасалма интеллекттин аталышын өзгөртүүнү сунуштады.
"Менин оюмча, биз [Иран менен] шайлоодон кийин дароо келишим түзөбүз. Анткени алардын келишим түзбөй коюшуна эч кандай негиз жок. Алар аралык шайлоодо менин ишим кандай болорун күтүп жатышат", - деди Трамп.
Тегеран Трамптын бул билдирүүсүнө комментарий берген жок. Бирок АКШ президенти АКШ менен Ирандын расмий өкүлдөрү БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын алкагында Нью-Йоркто бир нече айдан бери биринчи жолу жолукканын айтты. "Financial Times" басылмасынын тактоосуна караганда, эки өлкөнүн өкүлдөрү июнь айынын аягынан бери жолуга элек болчу.
Жолугушууда АКШнын атынан Трамптын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер, ал эми Иран тараптан Тышкы иштер министри Аббас Арагчи катышты. Сүйлөшүүлөр мурдагыдай эле ортомчулар аркылуу жүргүзүлдү.
"Бүгүн БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында Ирандын делегациясы менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Сүйлөшүүлөр бою эки тараптын ортосунда ортомчулар байланышып турду. Биз талкуулардын кезектеги айлампасын ийгиликтүү жыйынтыктадык. Бул сүйлөшүүлөр конструктивдүү жана келечектүү болот деп үмүттөнөбүз. Ортомчулар өз ишин улантат", - деп жазды кийинчерээк Уиткофф X социалдык тармагына.
БУУнун трибунасынан Дональд Трамп алдында маанилүү чечим турганын - Иранды жок кылуу же аны менен келишим түзүү керектигин айтты.
"Мен маанилүү чечим кабыл алышым керек. Иранга өз өлкөсүн кайра курууга жана аны мурдагыдан да күчтүү кылууга мүмкүнчүлүк бере турган келишим түзүлөбү же болбосо мындан ары алар адамдарды өлтүрүп, өлкөсүн талкалабашы үчүн Ислам Республикасын тез арада жок кылыш керекпи?", - деди Трамп.
"Аларга жашап калууга эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, келечекке жана кийинки муундарга үмүтү калбаган тозокту орнотобузбу? Бирок менин оюмча, биз шайлоодон кийин дароо келишим түзөбүз", - деп сөзүн улады Трамп.
Трамп дүйнө өлкөлөрүн Иранга басым көрсөтүүнү колдоого чакырды. Ошондой эле ал АКШ Иранга каршы согуш баштоо менен анын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербегенин дагы бир жолу айтты.
Иран өзөктүк программасын өнүктүрүп келгени менен, анын максаты тынчтык гана экенин жана өзөктүк курал жасоого ниети жоктугун дайыма айтып келген.
Украинада тынчтык орнотуу боюнча жаңы убада
Орусия менен Украинанын согушу тууралуу сөз кылып жатып Дональд Трамп дагы бир жолу жакын арада тынчтык орноторун убада кылды. Бирок бул жолу анын конкреттүү мөөнөтүн айткан жок.
"Биз Орусиянын жана Украинанын лидерлери менен абдан тыгыз иштешип жатабыз жана биз муну жасайбыз. Бул [тынчтык келишими] көпчүлүк ойлогондон да эртерээк болот деп ойлойм", - деди Трамп.
АКШ президенти жума күнү өзү кол койгон "тозоктой жаман санкциялар" деп аталган мыйзам тууралуу да сөз кыла кетти.
"Өткөн жумада сенатор Линдси Грэмдин урматына Конгресс кабыл алган күчтүү жаңы мыйзамга кол койдум. Ал мага тарифтер боюнча чоң жаңы ыйгарым укуктарды берет жана зарыл болсо, аларды колдоном [...] Кыргынды токтото турган убак келди», — деди Трамп.
Куба - бийлик алмашуу
Куба тууралуу кеп кылып жатып Трамп, анын адмнистрациясы аралдагы коммунисттик режимди кулатууга аракет кылып жатканын белгиледи.
"Менин администрациям Кубада фундаменталдуу өзгөрүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылууда. Өлкөдөгү коммунисттик режим катуу басым алдында турат, буга чейин болуп көрбөгөндөй басымда турат. Бул толугу менен кыйраган мамлекет. Ал мурда болуп көрбөгөндөй кризиске кептелди жана акыры кулайт", - деди АКШ президенти.
"Коммунизм Америкага эч качан келбейт, Кубага эркиндик келет", - деди Трамп, анын сөзүн Reuters агенттиги цитата келтирди.
Трамп сүйлөп жатканда Кубанын делегациясы залдан чыгып кетти.
Гренландия жөнүндө келишим

Сүрөттүн булагы, EPA
Шейшембиде Трамп БУУда Гренландия тууралуу келишимге кол койду. АКШ менен Дания бул боюнча макулдашууга жетишкени тууралуу өткөн жуманын аягында билдиришкен.
Гренландиянын премьер-министри Йенс-Фредерик Нильсен келишимге кол коюу аземинде Трамп буга чейин айткан коркунучтар Гренландия үчүн да актуалдуу экенин билдирди. Анын айтымында, НАТО үчүн Арктикада бекем позициясын сактап калуу абдан маанилүү.
Дональд Трамп бул келишимге кол коюлгандан кийин АКШнын Дания жана Гренландия менен мамилеси кыйла туруктуу болорун айтты.
"Суперинтеллект"
Жасалма интеллект тууралуу сөз кылып жатып, Трамп дүйнө жүзүнө анын аталышын өзгөртүүнү сунуштады. Ошондой эле ал жасалма интеллектти иштеп чыгууну чектөө керек деген ири технологиялык компаниялардын жетекчилеринин чакырыктарына жооп кылып, АКШ анын өнүгүшүнө бөгөт койбой турганын билдирди.
"Биз анын өнүгүшүн жайлатпайбыз, тескерисинче, ылдамдатабыз. Ошол эле учурда анын ишин Юстиция министрлигинин күчү менен тыкыр көзөмөлдөп турабыз. АКШ суперинтеллект тармагында дүйнөдө лидер болуп саналат жана коопсуздук менен жоопкерчиликти сактоо менен лидерлигибизди улантабыз", - деди Трамп.
АКШ президенти өтө күчтүү жасалма интеллект моделдерин "жасалма интеллект" эмес, "суперинтеллект" деп атоону сунуштады.
"Мындан ары АКШнын жана, үмүттөнөм, дүйнөнүн бардык документтеринде "жасалма интеллект" дегендин ордуна бир кыйла так "суперинтеллект" деген аталыш колдонулат", - деди Трамп.
"Суперинтеллекттин жаңы дүйнөсүнө кош келиңиздер"
Зеленский, Бернем жана башка лидерлер менен жолугушуулар
БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөгөндөн кийин Трамп шейшембиде ондон ашык чет өлкөлүк лидер менен жолугушууну пландаган. Алардын арасында Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Улуу Британиянын премьер-министри Энди Бернем да бар.
Мындан тышкары, Трамп Перс булуңундагы алты өлкөнүн өкүлдөрү, Дания менен Гренландиянын премьер-министрлери жана Венесуэланын убактылуу лидери Делси Родригес менен сүйлөшөт.
Кечинде БУУда уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин урматына кабыл алуу уюштурулат. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, анда Трамп дагы ондогон өлкөнүн жетекчилери менен кыскача сүйлөшүп алууга мүмкүнчүлүк алат.




























