Окуу китептеринин базарда сатылышы боюнча кылмыш иши козголду

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстанда мектептер үчүн басылган окуу китептеринин базарда сатылышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 22-сентябрда Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында анын төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.
Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети окуу китептеринин жетишсиздиги жана алардын базарда сатылып жатышы боюнча маселени жабык режимде карап жатат.
Өмүрзаков кылмыш ишинин чоо-жайын ачыктаган жок.
Кылмыш иши кайсы берене менен козголгону жана иштин алкагында кимдер жоопкерчилиги каралары азырынча ачыктала элек.
"Биздин комитет коррупциялык бир элементтер барбы деген бүдөмүк ой менен бир канча мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакырып отурабыз. Бул боюнча кылмыш иши козголгонун уктук. Ошондуктан, урматтуу депутаттар, уруксат берсеңиздер купуя комитет отурумун өткөрөлү. Агартуу министри бул боюнча маалымат берет", - деди Сүйүнбек Өмүрзаков.
Анын айтымында, акыркы эки жылда жаңы окуу китептерин чыгарууга бюджеттен 1,3 миллиард сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров дагы 7 миллиард сом бөлгөн.
Өмүрзаков мындай каражаттар бөлүнүп жатканына карабай мектептерде окуу китептеринин жетишсиз болуп жатышын комитетте талкуулоо зарылдыгын белгиледи.
Жабык жыйында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева баяндама жасап жатат.
Мектептерде окуу китептери жетишсиз болуп жаткан учурда айрым китептердин Бишкектеги "Дордой" базарында жана башка соода түйүндөрүндө сатылып жатканы тууралуу 16-сентябрда депутат Дастан Бекешев маселе көтөргөн.
Депутат базардан сатып алган китептер "Учкун" басмаканасында басылганын жана алардын сыртына "сатууга жатпайт" деген белги коюлганын айткан.
Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев окуу китептеринин базарга кандайча чыгып кеткенин текшерүүнү УКМКга жана ИИМге тапшырган.
Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери окуучуларга бекер берилиши керектигин билдирген.
Ошол эле учурда "Учкун" басмаканасы жеке мектептердин буйрутмасы менен да китептерди чыгарарын билдирген. Базардан сатылып жаткан айрым китептер жеке мектептер үчүн даярдалган болушу мүмкүн деген версия да айтылган.
































