УКМК "кустуруудан" былтыр бюджетке 102 миллиард сом түшкөнүн билдирди

Сүрөттүн булагы, Official
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде УКМК тарабынан козголгон кылмыш иштердин алкагында өндүрүлгөн каражаттарын суммасы жана мүлктөрдүн баасы тууралуу маселе көтөрүлдү.
22-сентябрда комитеттин жыйынында 2025-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы талкууланып жатканда депутат Медина Кайрылбекова мамлекетке өткөрүлгөн кыймылсыз мүлктүн суммасы тууралуу суроо берди.
Депутат айрым объекттер рыноктук баасынан жогору бааланганы тууралуу талкуулар чыгып жатканын айтып, алардын чыныгы наркын тактоону сурады.
Каржы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев конфискацияланган мүлктүн мамлекетке өткөрүлүшү жана кийин сатылышы боюнча министрликте маалымат бар экенин айтты. Ал эми мүлктү баалоо Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында экенин белгиледи.
Кайрылбекова мамлекетке түшкөн кирешелер ошол кезде көрсөтүлгөн баалардын негизинде эсептелгенин айтып, азыр бул баалар жогорулатылып көрсөтүлгөнү айтылып жатканын белгиледи.
Аманбаев бул маселени өзүнчө талдоо керектигин билдирди.
УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев кылмыш иштеринин алкагында акчалай каражаттар, ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр соттун чечими менен мамлекетке кайтарылганын айтты.
"Сиз айткандай ,"кустуризация" деп козголгон кылмыш иштеринин негизинде акчалай каражаттар жана андан сырткары кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн бардыгы мамлекетке кайтарылган. Соттун чечими менен бул кайтарылган нерселерди УКМК өзү бир жактуу экпертиза кылып же болбосо, баалай албайт. Алар мамлекет тарабынан же болбосо, жеке ишканалар тарабынан бааланып, эсептелгенден кийин мамлекетке өтөт. Калган бардык мүлк соттун чечиминин негизинде мамлекет өткөрүлүп берилген. Акчалай каражаты боюнча айта турган болсом, былтыркы жылдын эсебинен УКМК козгогон иштердин негизинде 102 милилард сом акча каражаты бюджетке түшкөн", - деди Алишер Эрбаев.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Үмүтжан Аманбаев мүлктөрдү көз карандысыз баалоочулар баалай турганын айтып, алардын наркы боюнча маалыматты жабык берүүнү депутатка сунуштады.
"Көз карандысыз баалоочулар бар, ошолор баалайт. Суммалары боюнча аны жабык айтсак жакшы болот" - деди Аманбаев.
Кайрылбекова бул маалыматты жазуу жүзүндө берүүнү өтүндү.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматта турган кезде коррупцияга каршы күрөштөн казынага 4 млрд доллар түшкөнүн айтып келген.
Бирок президент Садыр Жапаров өткөн айда журналист Али Токтакуновго берген маегинде мындай суммадагы каражат түшкөнүн четке каккан.
"Коррупциядан 4 миллиард түшкөн жок, чынын айтыш керек. Башында эле "Мына, 10 миллиард төктүрдүк, быйыл 50 миллиард төктүрдүк" деп Камчыбек Кыдыршаевич досум айтып жатканда, "Ай, досум, сандар менен ойнобо. Эртең ошончо чыкпай калса, эл "жеп алды" деп айтат. Реалдуу түрдө айт" деп айткам. 300 миллиард болуп кеткени - мисалы, базар баасындагы 100 миң долларлык батирин алса, 300 миңге баалай берген. Аны кимге сатасың, эгер 100 миң доллар болсо базардагы баасы?" - деген эле Садыр Жапаров буга чейин Али Токтакуновго берген маегинде.
Жапаров айрым конфискацияланган кыймылсыз мүлктөр рыноктук баасынан жогору бааланганын айтып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте сатылбай турган жүздөгөн объект бар экенин билдирген.

































