Президент Жапаров санкция салуу укугун БУУга берүүнү сунуштады

Садыр Жапаров Башкы Ассамблеянын 81-сессиясында
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаров
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө санкция маселесине өзүнчө токтолуп, өзүнүн сунуштарын берди.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө санкциялар айрым өлкөлөр тарабынан эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү куралы катары колдонулуп жатканын белгиледи. Айтымында негизсиз, бир тараптуу киргизилген санкциялардын терс таасири жаңыдан бутуна туруп келе жаткан чакан өлкөлөргө тийүүдө.

Садыр Жапаров мындай көрүнүштөр көз карандысыз мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүгө алып келип, эл аралык укуктун негизги принциптерине каршы келип жатканын айтты:

"Айрым ири мамлекеттер өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөрдү кээ бир маселелер боюнча соодалашууга барууга мажбурлап, ультиматум коюшууда", - деди президент Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле кайсы бир мамлекеттке санкция киргизүү укугун бир гана БУУга берүү демилгесин көтөрүп, аны эл аралык санкциялар системасын жакшыртуунун жалгыз жолу деп атады:

"Уюм тарабынан бардык санкциялык чараларды алдын ала карап чыгуунун милдеттүү механизмин киргизүү керек. Санкциялар боюнча демилгелерди алдын алууну карап чыгуу - алардын мүмкүн болгон гуманитардык, экономикалык жана социалдык кесепеттерин эске алууга жардам берет. Сунушталган мезханизмдин маанилүү элементи ачык-айкындуулукту жана жоппкерчиликти жогорулатуу болуш керек. Санкцияларды демилгелеген мамлекеттер өздөрүнүн укуктук негиздемесин, мындай чаралардын зарылдыгын, алардын максаттарын жана аларды келечекте кайра алып салуу үчүн критерийлерин жана шарттарын так көрсөтүүлөрү керек. БУУнун колдоосу астында санкцияларга мониторинг жүргүзүү жана аларды үзгүлтүксүз карап чыгуу үчүн бирдиктүү эл аралык механизмди түзүү максатка ылайыктуу деп эсептеймин. Ошондо гана БУУнун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу борбордук ролу күчөйт жана укуктары кеңейет", - деди Жапаров.

Өлкө башчынын баамында, санкция киргизүү милдетин БУУга жүктөө менен санкцияларды саясий же экономикалык пайда үчүн өзүм билемдик менен колдонуу коркунучу жоголот.

"БУУ бардык жактан күчтүү болушу керек. БУУ санкция салат экен дегенди укканда ар бир мамлекет титиреп турушу керек. Мына ошондо гана дүйнөдө катуу тартип орнойт. Антпесе БУУнун кээ бир чечимдерин эч ким тоготпой калды. Ар ким өз билгенин кылып жатат. БУУнун ар бир чечими дароо аткарылышы керек. Аткарылбаса, ал өлкө менен бир дагы өлкө кызматташпай койсо, санкциянын таасири мына ошондо артат. Мына ошондо гана бардык чечимдер дароо аткарылат. БУУ күчтүү жана барктуу уюм болот. Антпесе азыркы санкциялар баланын оюнчугундай эле нерсе болуп калды".

Санкциялардын таржымалы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Орусиянын Украинадагы согушу башталгандан бери АКШ, Британия жана Европа Биримдиги Кыргызстандагы бир катар ишканаларга, анын ичинде айрым банктарга санкция салган. Батыш өлкөлөрү бул ишканалар Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп эсептейт.

Апрель айында Еврошаркет санкцияларды айланып өтүүгө каршы механизмин биринчи жолу ишке киргизип, Кыргызстанга станокторду жана радио байланыш жабдыктарын экспорттоого тыюу салган.

"Кыргыз Республикасы Европа Биримдигинен импорттолгон жана Орусияда дрондорду жана ракеталарды өндүрүүдө колдонулган айрым станокторду жана айрым телекоммуникациялык жабдууларды Орусияга сатууну, жеткирүүнү, өткөрүп берүүнү же экспорттоону алдын алуу маселесинде системалуу жана туруктуу түрдө жетишсиз аракет көрүп жатат. Бул жогорку тобокелдиктеги товарлар Орусияга Украинага каршы мыйзамсыз аскердик агрессиясын улантууга жана согуш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзөт", - деп айтылган Евробиримдиктин билдирүүсүндө."

БУУдагы кайрылуу

Президент Жапаров Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышын колдогон мамлекеттерге ыраазычылык билдирип, уюмдун Башкы Ассамблеясынын алкагында резолюциялардын жана милдеттенмелердин мүчө-мамлекеттер тарабынан аткарылышы боюнча Туруктуу коомдук реестрин түзүүнү да сунуштады. Ошондой эле президент Жапаров "бейөкмөт уюмдарды каржылоону токтоткону үчүн" АКШ президенти Дональд Трампка ыраазычылыгын айтты.

Бул күндөрү Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарынын жогорку деңгээлдеги жумалыгы өтүүдө. Ал 28-сентябрга чейин уланат.

Кыргызстан быйыл 3-июнда БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланган. Башкы ассамблеядагы добуш берүүдө Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагына бөлүнгөн орун үчүн атаандашы Филиппинден озуп өткөн. Эки мамлекет добуш берүүнүн үч айлампасында жетиштүү добуш ала алган эмес. Төртүнчү айлампада Кыргызстан 142 добуш менен жеңишке жеткен.

Эми Кыргызстан Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тартып баштайт. Бул Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине тарыхында биринчи жолу шайланышы. Буга чейин аймактан Казакстан гана 2017-2018-жылдары бул милдетти аркалаган.