Түштүк Африканын бир шаарында эки айда тогуз аялдын сөөгү табылды

Сүрөттүн булагы, EMMANUEL CROSET / AFP via Getty Images
- Author, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Role, Жаңылыктар бөлүмү
- Published
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Йоханнесбургдун жанындагы Экурхулени шаарында эки айдын ичинде эле мыкаачылык менен өлтүрүлгөн тогуз аялдын сөөгү табылды. Полиция бул аялдардын ортосунда кандай байланыш бар болгонун иликтеп жатат.
Кандуу жол
15-июлда Түштүк Африканын ири шаары Йоханнесбургдун жанындагы Экурхулени аймагындагы Кемптон-Паркындагы жолдун боюнан 37 жаштагы аялдын сөөгү табылган.
Эки күндөн кийин полиция шектүүнү – маркумдун жигитин камакка алган. Бийлик мындан башка маалыматтарды берген жок.
Ошондон бери Экурхулениде дагы тогуз аялдын жансыз денеси табылды.
3-августта Кемптон-Паркта 32 жаштагы Итумеленг Кекананын сөөгү табылган.
24-августта ошол эле Кемптон-Парктагы жолдун боюнда 32 жаштагы аялдын сөөгү табылган (бийлик маркумдун аты-жөнүн айта элек).
7-сентябрда Клейвиллдеги дарыядан болжол менен 20-30 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Аял ич кийимчен гана болчу.
10-сентябрда ошол эле жолдун боюнда дагы бир жансыз дене табылды, маркум жылаңач болчу жана анын жаш курагы азырынча белгисиз.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Алтынчы аялдын – Элизабет "Тсонтсо" Моселакгомонун сөөгү 12-сентябрда эртең менен кара жолтой жолдун жанындагы мейманкананын артында табылган. 38 жаштагы аял 9-сентябрда "бир аз чуркап келейин" деп үйдөн чыгып кеткенден бери дайынсыз болуп жаткан. Аял үйүнө кайтпагандан кийин анын сегиз жаштагы кызы туугандарына кабар берген.
Бирок кылмыштар бири-бирине абдан окшош болгондуктан (көпчүлүк жансыз денелер жарым жылаңач болчу жана ур-токмоктун издери бар), бийлик жергиликтүү тургундарга расмий эскертүү берип, аялдар Кемптон-Парк районунда жалгыз жүрбөш керектигин эскертти.
14-сентябрда Олифантсфонтейнде дагы бир аялдын жансыз денеси табылды.
15-сентябрда 38 жаштагы Динео Эвелин Мотапаненин сөөгү Кватемадагы жолдун жээгинен табылды (Кемптон-Парктан 45 км аралыкта). Жакындары аны акыркы жолу 13-сентябрда көрүшкөн жана полиция анын жансыз денесин тапкан учурда дайынсыз жоголгондугу тууралуу кабар бере элек болчу.
17-сентябрда болсо полиция Доун-парктан дагы бир аялдын сөөгүн тапты.
Аялдардын өлүмүн иликтөө үчүн полиция атайын топ түздү. Анын милдеттеринин бири — бул кылмыштардын ортосунда байланыш бар-жогун аныктоо.
21-сентябрда полиция аялдардын бири Жабулиле Нтимбанын өлүмүнө байланыштуу үч адам (эки аял жана бир эркек) кармалганын билдирди. Жабулиленин сөөгү 17-сентябрда табылган эле.
Сурактан кийин эркек бошотулуп, эки аял камакта калганын IOL жазды. Аларга киши өлтүрүү беренеси боюнча айып тагылат деп күтүлүүдө.

Сүрөттүн булагы, EMMANUEL CROSET / AFP via Getty Images
"Биз бул кылмыштардын бири-бири менен байланышы бар экендигин четке какпайбыз, бирок Жабулиле Нтимбанын өлүмү тууралуу айта турган болсок, бул кылмышка кызганыч себеп болушу мүмкүн", - деди полициянын өкүлү Тебелло Мосикили.
Ошол эле басма сөз жыйынында полиция онунчу өлүк табылганын билдирди: дагы бир аялдын жансыз денеси 20-сентябрда кечинде Йоханнесбургдун түштүк-батышындагы Соуэтодо, Кемптон-Парктын бет маңдайынан табылды.
Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса бийлик кылмышкерлерди табуу үчүн колдон келгендин баарын жасай турганын убада кылды. Учурда тогуз аялдын сегизинин тек жайы такталды.
"Үйдөн чыга албай, коркуп отурабыз. Дүкөнгө да бара албай жатабыз. Аялдар өзүн коопсуз сезе турган өлкөдө өзүбүздү эркин сезбей калдык", - деди Би-Би-Сиге жергиликтүү тургун Бонгека Себела.
Түштүк Африка – дүйнөдөгү фемицид (аялдарды өлтүрүү) боюнча эң жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон өлкө. БУУнун маалыматы боюнча, 2023-жылы 4 миңден ашык аял гендердик зомбулуктун кесепетинен каза болгон. Бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн бир нече эсе көп дегенди билдирет.
2025-жылдын ноябрь айында нааразычылык акцияларынан кийин Түштүк Африканын өкмөтү аялдарга карата зомбулукту улуттук кырсык катары классификациялоого мажбур болгон. (ZMa)






























