БШК төрагасы: "Президенттик шайлоодо чыныгы атаандаштык болушун каалайм"

Published
Окуу убактысы: 7 мүнөт

Элеонора Куленбекова,

Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Shanazarov

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров 24-сентябрда Жогорку Кеңеште баяндама жасайт. Бейшемби күнү парламент депутаттары келерки жылы өтө турган президенттик шайлоонун күнүн бекитүү боюнча токтом кабыл алышары күтүлүүдө.

Би-Би-Бинин Кыргыз кызматы БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров менен алдыдагы президенттик шайлоо, ага катыша турган талапкерлерге түзүлгөн шарттар жана жаңы шайлоо эрежелери тууралуу сүйлөштү.

Би-Би-Си:Президенттик шайлоого төрт айдан ашыгыраак убакыт калды. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүгө даярбы?

Т. Шайназаров: Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо өткөрүүгө даяр.

Би-Би-Си: Даяр дегенде кандай даярдыктарды айтып жатасыздар? Мисалы, мыйзамдык, техникалык жактан даярдыктар кандай?

Т. Шайназаров: Даяр дегенде жалпы уюштуруу жагын айтып жатам. Эртең, 24-сентябрда Жогорку Кеңеш токтом кабыл алса, ал 25-сентябрда "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланат. Ошол күндөн баштап талапкерлер өздөрүнүн талапкерлигин көрсөтүүгө укуктуу. Биз Борбордук шайлоо комиссиясы катары календардык планды түзүп, ошонун негизинде иш алып барабыз. Бул — уюштуруу жагы. Ал эми техникалык жактан деле даярбыз. Анча-мынча жасай турган иштер бар. Алар боюнча тиешелүү кызматкерлер, адистер иш жүргүзүп жатат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Бул жолу президенттик шайлоо жаңы мыйзамдар менен өтөт. Мурдагыдан айырмаланган кандай жаңы тартип-эрежелер кирди?

Т. Шайназаров: Мурдагы шайлоолордон айырмаланып, бул президенттик шайлоодо бардык жерде аралыктан добуш берүү системасы колдонулат. Жөнөкөй сөз менен айтканда, шайлоочуда шайлоо күнү каалаган жерден добуш берүүгө мүмкүнчүлүк болот. Сиздин каттооңуз кайда?

Би-Би-Си: Мисалы, менин каттоом Бишкекте.

Т. Шайназаров: Шайлоо күнү кандайдыр бир себеп менен Европада болуп калышыңыз мүмкүн же Таласта, түштүктө жүрүшүңүз мүмкүн. Каалаган шайлоо участогуна кирип, бюллетень алып, добуш берсеңиз болот. Мурда андай мүмкүнчүлүк жок эле.

Дагы бир өзгөчөлүк — талапкер үчүн взнос. Мурда талапкердин акчасы күрөө деп аталчу жана ал кайтарылчу. Бир миллион сом кайтарылат эле.

Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизилип, эми ал кайтарылбай турган болду. Азыр депутаттар аны взнос, салым акы деп жатышат. Жеңген учурда да, жеңилген учурда да талапкерге ал акча кайтарылбайт, мамлекеттик бюджетке кетет.

Би-Би-Си: Негизи эле бул президенттик шайлоодо талапкерлерге коюлган талаптар катаалдашкан жокпу? Мисалы, бүгүн талапкерлер "Түндүк" аркылуу кол топтошу керек деген маалымат чыкты.

Т. Шайназаров: Талапкерлерге карата жаңылыктар боюнча айтып өттүңүз. "Түндүк" аркылуу да, ошондой эле мурдагыдай салттуу түрдө — кол менен топтоп, кагаз түрүндө тапшырса деле болот. Бул жерде талапкерлерде, тескерисинче, мүмкүнчүлүк бар. Кааласа кагазда кол топтоп, кааласа "Түндүк" аркылуу кол топтосо болот. Тескерисинче, бул жакшы. Мен бул жерде эч кандай проблема көргөн жокмун. Талапкерлерге, тескерисинче, жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Ал эми баягы миллион сом боюнча мен депутаттарга толугу менен кошулам. Бул жерде талапкерлердин жоопкерчилик сезими дагы жогору болушу керек. Мисалы, мурда практикада кандай болчу? Айрыкча, Жогорку Кеңештин депутаттыгына бараткандар жүз миң сом төлөйт эле. Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери канча деген чечимдерди, токтомдорду даярдайт. Алардын өкүлдөрү боюнча укуктук жактан, уюштуруу жактан - көп жумуш аткарат. Ошончо жумуш жасалгандан кийин талапкер бир убакта эле "жок, мен катышпайм" деп чыгып кетсе, анын акчасын кайра кайтарасың. Мен жогоруда айтып кеткен жумуштар кайра башталат. Бул канча деген убаракерчилик, чыгым. Ошондуктан взнос кандайдыр бир деңгээлде талапкерлердин жоопкерчилигин жогорулатат деген ишеним бар. Депутат болобу, президент болобу, мамлекетти башкарууга бара турган адамдар буга жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек. "Катышып турам, каалаган учурда пиар кылып туруп, кайра акчамды алып чыгып кетем" деген болбошу керек. Мен ушул демилгесин кабыл алганы үчүн депутаттарды толук колдойм.

Би-Би-Си: Бул шайлоого байланыштуу дагы бир талкуу чыкты. Аракеттеги президент Садыр Жапаров кызматын тапшырбастан талапкер катары катышат деген сөздөр айтылды. БШК төрагасы катары сиздин позицияңыз кандай?

Т. Шайназаров: Мен ар дайым айтып келем: мыйзамдын күчтүүлүгү анын аткарылышында. "Сила закона в его исполнении" дейт.

Бул - Конституциялык норма, ченем. Мыйзамдын талабы. Депутат жана президент кызматын тапшырбай туруп, шайлоого бара берет деген кабыл алынган, күчүндө турган мыйзам бар.

Биз ошол мыйзамдын чегинде иш алып барышыбыз керек. Эгерде андай ченем болбогондо, анда мен азыр "тапшырыш керек" демекмин. Бирок мыйзам бар, биз аны аткарышыбыз керек.

Би-Би-Си: Анткени, бул талкууларда президент административдик ресурс колдонбойбу деген тынчсыздануулар да айтылууда. Мисалы, Садыр Жапаров шайлоо маалында мамлекеттик иш-чараларды өткөрсө, БШК аны административдик ресурска жатабы же жөн гана мамлекеттик иш-чарабы, кантип ажыратат?

Т. Шайназаров: Биринчиден, президент Садыр Жапаров шайлоолордо административдик ресурс колдонулбашы керектигин өзү ар дайым айтып келет. Ал өзү буга автор. Мурда болсо, административдик ресурс колдонгон мамлекет башчылары "жардам бергиле" деп, өздөрү расмий эмес түрдө айтып келишчү. Эгер сиз айткандай, кандайдыр бир учурларда ошондой фактылар орун алган болсо, анда мыйзамда көрсөтүлгөн чаралар колдонулат.

Би-Би-Си: Бул жерде президент мамлекеттик иш-чараларга барып, жолугушууларды өткөрүп, өкмөттүн жыйындарына катышып жатканы кыйыр түрдө үгүткө айланып кетпейби деген чочулоолор бар. БШК кандай учурда бул үгүт, кайсы учурда мамлекеттик иш-чара деп айырмалайт?

Т. Шайназаров: Талапкер өзүн көрсөткөндөн кийин анын кыймыл-аракеттери кандайдыр бир деңгээлде шайлоочуларга, жарандарга таасир тийгизе турган болсо, үгүт ишине аралашкан элементтер пайда болот. Ошондой үгүт элементтери болсо, анда бул туура эмес болот. Мен ойлойм, президент Садыр Жапаров мыйзамдын талаптарын билет. Баары мыйзам чегинде болот. Ал эми иш-чараларга катышууга ал укуктуу. Бирок ошол эле учурда ал барбай коюшу да мүмкүн. "Шайлоо башталды, башка талапкерлер же элдер мени үгүт иштери башталбай туруп эле үгүт жүргүзүп жатат деп ойлоп калбасын" деп, айрым иш-чараларга катышпай коюшу мүмкүн.

Би-Би-Си: Демек, үгүт маалында мамлекеттик иш-чараларга катышпай коюшу мүмкүн деген ойдосузбу?

Т. Шайназаров: Ошону айтып жатам. Ал киши мыйзамдын талабын түшүнөт. "Койгула, эртең эл туура эмес түшүнүп калбасын, башка талапкерлер, журналисттер сындабасын" деп, катышпай деле коюшу мүмкүн. Министрлер Кабинетинин төрагасы бар, вице-премьерлер бар, министрлер бар. Алар иштей берет. Мен азыр муну чын жүрөктөн айтып жатам. Эч кандай даярдык жок. Бул мыйзамдын талабы. Эгер кайсы бир иш-чарада үгүт элементтери жок болсо, анда ал өзүнчө маселе. Мисалы, Кытайдын төрагасы келди дейли. Президент аны тосуп алат, жолугушуу өткөрөт. "Си Цзиньпин менен көрүшсөм, башкача ойлоп калат" деп андай иш-чарага барбай койбойт да. Бул анын милдети. Албетте, ал үгүт иштери башталганда элди топтоп, "келгиле, колдогула, шайлагыла" дебейт. Провокаторлор, атайын адамдар чыгып, "давайте, колдойбуз" деп чыгышы мүмкүн. Биз ага чара көрөбүз. Баары мыйзам чегинде болот.

Би-Би-Си: Сиз келе жаткан президенттик шайлоо атаандаштык негизде өтөт деп ойлойсузбу?

Т. Шайназаров: Мен ошону каалайт элем. Мен "ушундай болот" деп айта албайм. Бирок каалайм.

Би-Би-Си: Сиз бул шайлоодо президент Садыр Жапаровдон тышкары талапкер катары кайсы саясатчыларды көрөсүз?

Т. Шайназаров: Андай десем туура эмес болот го. Менин кааларым: талапкерлер көп болсун. Күчтүү саясатчылар катышса, реалдуу түрдө атаандаштык болсун дейм.

Би-Би-Си: Азыр өлкөдө оппозиция бар деп ойлойсузбу? Эгер оппозиция бар болсо, андан талапкер чыгат деп ойлойсузбу?

Т. Шайназаров: Мен ойлойм, оппозиция бар. Бирок оппозицияны мен конкреттүү түрдө бир саясатчыга байлап айтпайм. Жалпысынан кыргыз эли эркиндикти сүйгөн, чындыкты сүйгөн эл. Эгер кандайдыр бир адилетсиздик, мыйзам бузуу одоно түрдө болгон болсо, кыргыз эли оппозиция болуп чыгат. Оппозиция бар. Себеби биз демократиялык коомдо жашайбыз. Бизде сөз эркиндиги бар. Бизде жабык маселе жок. Ошондуктан кайрадан эле айтып коёюн, чыкса жакшы болот эле. "Мен оппозиционермин, мен бул кишиге оппозициямын же системага оппозициямын" деп чыксын. Маселе жок. Катышсын. Биз бардык шартты түзүп беребиз. Чектөө болбойт. Баарына мамиле бирдей болот — мыйзам чегинде.

Би-Би-Си: Буга чейинки маектериңизде өткөн президенттик шайлоодо талапкерлер көп болгонун айттыңыз. Бирок бул жолу жаңы тартиптер, анын ичинде бир миллион сомдук салым акы киргизилиши талапкерлердин санынын азайышына алып келиши мүмкүнбү?

Т. Шайназаров: Болушу мүмкүн. Себеби бир миллион сом оңой эмес. Бирок президент болом деген адамдын колдоочулары болот да. Алар миң сомдон, беш миң, он миң сомдон топтоп берип, ошол взносту чогултуп бере алышы мүмкүн. Туугандары бар. Президент болом, мамлекетти жетектейм, мамлекетти башкарам деген адамдын колдоочулары болсо керек. Өзү деле даярданса керек. "Менде андай акча жок, бирок мени укугумду чектеп жатасыңар" деген туура эмес. Негизинен, биз укуктук мамлекетте жашайбыз. Парламент кабыл алган мыйзамдын талабына ылайык жашайбыз. Мыйзам бар, биз аны аткарышыбыз керек. Ал жагабы же жакпайбы — мыйзам бар. Кээ бирлер "бул туура мыйзам" деши мүмкүн, кээ бирлер "туура эмес" деши мүмкүн. Бирок мыйзам бар. Ошол мыйзамдын чегинде иш алып барышыбыз керек.

Би-Би-Си: Сиз жакында Орусияга барып, ал жактагы парламенттик шайлоого байкоо салып келдиңиз. Сапардын жүрүшүндө жергиликтүү орусиялык телеканалдардын биринде ток-шоуга да катыштыңыз. Ал жерде шайлоо элдин эрки экенин, шайлоонун жыйынтыгына Батыштын же эл аралык байкоочулардын берген баасы анчалык маанилүү эмес экенин айттыңыз. Бул сөздөр Кыргызстанда интернетте да талкууга түштү. Ошол боюнча түшүндүрүп берсеңиз.

Т. Шайназаров: Ал жерде "Биринчи каналга", "Россия" каналына, "МИРге" интервью бердим. Бир эле каналга эмес. Мен өз көзүм менен көргөн нерсени айттым. Мисалы, 20-сентябрга караган түнү дрондордун чабуулу болду. Подмосковьеде адамдар каза болду. Бирок ошого карабастан активдүүлүк чоң болду. Мен көрдүм. "Бул жакта дрондор жарылып жатат, имараттар күйүп жатат, эл өлүп жатат" деп коркуп, шайлоого эл чыкпай коёт деп ойлошу мүмкүн эле. Бирок эл шайлоого барып жатты. Ошол нерсени байкадым. Андан кийин мен бир гана Батыш мамлекетинин көз карашын карап, же Орусияны, же башка мамлекетти бөлүп айткан жокмун. Адамдын, элдин шайлоочулардын тандоосун баары сыйлашы керек. Мисалы, Кыргызстанда шайлоо өттү дейли. Эл өзүнүн баасын берип, шайлады. Аны баары сыйлашы керек. Ал эмне себептен андай чечим кабыл алды, эмнеге ошондой добуш берди деп, анын укугуна шек келтирбешибиз керек. Биз алардын укугу менен манипуляция кыла албайбыз. Бул бир гана Орусия эмес, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын шайлоочуларына да тиешелүү. Мен өз көзүм менен көргөндү айттым. Бул сөздү мен ар дайым айтып келем. Башка мамлекеттин башка мамлекетке "сеники туура, сеники туура эмес" деп айтууга укугу жок. "Мен тааныйм, мен тааныбайм" деген туура эмес. Биринчиден, реалдуу баа бериши керек. Саясий көз караш болбошу керек. Кайсы бир саясатчы жакпайт, алардын жетекчилиги жакпайт деп бүт элдин тандоосуна шек келтирбеш керек. Бул менин жеке оюм. Аны эч ким өзгөртө албайт.

Би-Би-Си: Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы катары эл аралык байкоочулардын, мисалы, ЕККУнун байкоочуларынын баасы шайлоонун жыйынтыгында маанилүү деп ойлойсузбу?

Т. Шайназаров: Маанилүү, маанилүү. Эгерде туура баа берилсе. Мисалы, мен сизге ачык айтайын. Биздин шайлоолордо, мисалы, жок нерсени жазып коюшат. Андан "Мына ушундай депсиңер. Кайсы жерде көрдүңөр?" деп сурайсың. "Биз жазып койдук" дешет.

Би-Би-Си: Ошондой мисалдарды атап өтөсүзбү?

Т. Шайназаров: Парламенттик шайлоодон кийин бир уюм "Кыргызстандагы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу алдын ала маалымат менен кол эсептин маалыматы бири-бирине туура келбейт" деп айтты. Мен: "Кайсы участокто?" дедим. "Жарандардын укугу толук кандуу камсыз болгон жок. Мыйзамдуулукту күчөтүш керек" дешет, бирок конкреттүү мисалы жок. Биздин шайлоолор дүйнөдө эң таза, ачык, айкын. Өзүңүз билесиз. Бизде жабык тема жок.

Байкоочулар каалаган шайлоо участогуна барып, каалаган облуска барып, кирип, көрө алат. Бизде добуш берүү идентификация аркылуу болот. Бюллетень чыгарылып берилет. Ал жерде атайын штрих-код бар, корголгон. Бизде "бир шайлоочу - бир бюллетень" принциби бар. Эл кандай шайласа, ошондой жыйынтык чыгарабыз. Ачыкпыз. Мен, мисалы, сынды туура түшүнөм, жакшы көрөм, эгер ал аргументтүү болсо. Ал эми жөн эле жалпы фраза менен "баары ушундай" деген болбойт. Биз, мисалы, коңшу мамлекеттерден, ошондой эле Европа мамлекеттеринен шайлоону уюштуруу жагынан кыйла алдыдабыз. Алардын баары өздөрү ошого ынанышат. Мисалы, Американын элчиси, Франциянын, Германиянын элчилери келип көрүп, "кыргыздар, азаматсыңар" дешкен.

Би-Би-Си: Соңку суроом. Кыргызстанда буга чейин көп шайлоолор өттү. Айрым шайлоолордун жыйынтыгына нааразычылыктар чыгып, бийлик алмашкан учурлар да болгон. Бул жагынан алганда, бул жолку президенттик шайлоо кандай өтөт деп ойлойсуз? Анын тынч өтүшүнө кандай факторлор маанилүү?

Т. Шайназаров: Сиз туура айтасыз. Бизде революциялардын баары ошол шайлоонун жыйынтыгы менен болуп келди. "Шайлоо бүттү" дегенде эле митингдер, нааразычылык акциялары болчу. 2025-жылдын ноябрь айында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болду. Бир да нааразычылык акциясы болгон жок. Эмнеге? Себеби эл шайлоонун таза өткөнүнө ынанды. Ал эми талапкер менен элдин ортосундагы добуш сатып алуу, сурап алуу, коркутуу — бул башка маселе. Ал шайлоо участогунан тышкары, көчөдө болгон нерселер. Биз, Кудайдын колдоосу менен, жакшы, аман-эсен сонун өткөрдүк. Эл ыраазы болгондуктан нааразычылык болгон жок.

Утулган талапкерлер да "шайлоо жакшы өттү, менин мүмкүнчүлүгүм жетпей калды" деп айтышты. Азыр президенттик шайлоодо кайрадан эле Кудайдан тилейм, үмүт кылам, ушундай өтсүн деп. Биз максималдуу түрдө шарт түзүп беребиз. Эң негизгиси, элден суранып кетейин: шайлоого келиңиздер. Биз, мисалы, "бул талапкерге же тигил талапкерге добуш бергиле" дебейбиз. Эл өзүнө жаккан талапкерге добуш берсин. Бирок келип добуш берсин. Ошол добуштарды биз так эсептеп бергенге мен кепилдик берем. Менин үмүтүм — шайлообуз аман-эсен, жакшы өтсүн. Элибиз келип добуш берсин. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аткарылып жаткан жумуштардын баары акыйкат, мыйзам чегинде болот.