Кытайдан Кыргызстанга жүк ташуу кымбаттады: буга эмне себеп болууда?

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Элеонора Куленбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Martin Zwick/REDA/Universal Images Group via Getty Images

Сүрөттүн булагы, Martin Zwick/REDA/Universal Images Group via Getty Images

Кытайдан Кыргызстанга "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттери аркылуу жүк ташуунун баасы акыркы эки жумада кескин өскөнүн ишкерлер жана айдоочулар билдирүүдө. Алардын маалыматына караганда, Топо–Бишкек багытында бир фура менен жүк ташуунун баасы 35%, ал эми Улуу-Чат–Ош багытында 72% өскөн.

Жүк ташуучу ишкерлер баанын өсүшүнө эмне себеп болгонун тактоону суранып, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасына кайрылышты.

Ишкерлердин бири Эсенбек Анарбаев учурда Кытайдын Улуу-Чат аймагында жүрөт. Ал товарынын акыркы бөлүгүн Кыргызстанга алып кирүүгө унаа издеп жатат. Эсенбек күйүүчү майдын кымбатташы жол кире баасына таасир этип жатат деген жүйөөгө макул эмес:

"Эмнеге баар көтөрүлдү десем, күйүүчү май дешти. Мурда жол кире 2 миң доллар болчу, 1 миң 800 доллар болчу трактын баасы. Ошол 2 миң доллардын 1 миң доллары күйүүчү май болчу. Азыр эми ошол эле күйүүчү отун 1 миң 300 доларга кымбаттады. А эмнеге жол кире 5 миң долларга чыгып кетти?"

Соода-өнөр жай палатасынын Транспорт жана логистика комитетинин жетекчиси Айбек Сарыгул ишкерлердин кайрылууларынан кийин өткөн жумада Ат-Башыдагы жүк ташуучу унаалар топтолгон жайга барып келди.

Анын айтымында, ал жерде жүздөгөн фура турганын көргөн. Ошол эле учурда Кытай тарапта кыргызстандык фуралардын жетишсиздиги жүк ташуу баасынын өсүшүнө себеп болуп жатканы тууралуу арыздар түшүп жатат.

"Мен Ат-Башыга баргам. Ат-Башыда АО ГТИ бар, Мамлекеттик Бажы кызматынын астындагы акционердик коом. Мамлекеттик бажы инфраструктурасы деген. Ошонун унаа токтотуучу жайлары болот. Баягы чек арадагы өткөрүүдө көп машиналар турбасын, тыгын болбосун деп, электрондук кезек менен унаа токтотуучу жайлар курулган. Иштеп жатканына эки-үч ай болуп калды. Бирок баратканда көргөнүбүзгө караганда, ошол жакта көп машина туруп жатат. Ошол эле убакта Кытай тараптан, Топодон жүктү жөнөткөндөрдүн айтканына караганда, ал жакта машина аз болгону үчүн баалар көтөрүлүп жатат. Бирок Ат-Башыда унаа токтотуучу жайда толтура машиналар толтура, 400-500дөй машина турат".

Соода-өнөр жай палатасы чек арадагы жана бажыдагы кырдаалды иликтөө өтүнүчү менен Кыргызстандын Министрлер кабинетине жана УКМКга кайрылды.

Сарыгул бош фуралардын Кытайга өтүшү атайын чектелип жатышы мүмкүнбү деген суроо коюп, эгер мындай аракеттер ырасталса, аны иликтөө зарыл экенин айтты: "Муну териштириш керек".

Бажы кызматы эмне дейт?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы жүк ташуу тарифтери жүк жөнөтүүчүлөр, жүк алуучулар жана ташуучулар ортосундагы келишимдердин негизинде түзүлөрүн билдирди.

"Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы социалдык тармактарда тараган Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына жүк ташуунун наркынын жогорулагандыгы тууралуу маалыматтарга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет. Жүк ташуулардын тарифтери жүк жөнөтүүчүлөр, жүк алуучулар жана ташуучулар тарабынан келишимдик негизде түзүлөт. Транспорт каражаттарын өткөрүү белгиленген тартипте, өткөрүү пункттарынын иш жүзүндөгү өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жана кыймылды уюштурууну эске алуу менен жүргүзүлөт".

Бажы кызматы мамлекеттик чек арадан өтүү убактысын кыскартуу боюнча иштер жүрп жатканын айтууда.

Кыргызстанда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасы киргизилген. Анын оператору - Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасы. Система транспорттун агымын башкаруу, чек арадагы кезекти азайтуу жана өткөрүү процессин ачыгыраак кылуу максатында иштелип чыккан.

Бул электрондук система быйыл мартта "Торугарт" өткөрмө пунктунда ишке киргизилген.

Эмне үчүн баа өстү?

Жүк ташуучу айдоочулар баанын өсүшүн бир гана чек арадагы кезек менен байланыштырышпайт.

Мисалы, Кытайдан жүк ташыган айдоочу Адилеттин айтымында, күйүүчү майдын, автоунаанын тетиктеринин кымбатташы, жүктүн көбөйүшү жана жолдун татаалдыгы баары чогулуп келип, баалардын өсүшүн шарттап жатат.

"Жүк кымбаттаганын биринчи себеби - солярка кымбаттап кетти. Солярка былтыр 60 сомдун тегереги болсо, быйыл 100-110 сомго чыгып кетти. Экинчи себеби - жүк дагы өтө көбөйүп кетти. Мисалы, Кытайдан чыккан жүктүн 80-90% Өзбекстан, Түркмөнстанга кетет, Тажикстан, Түркмөнстан, андан ары Иранга чейин чыгат. Жүк көп болгонуна байланыштуу дагы кымбаттады. Тетиктер деген кымбат. Жол деле татаал. Ашуулар мурдагыдай болбой калды, жолдор кыйын. Кар дагы жаап баштады. Ош-Эркечтам жолунда Тоңмурун, Талдык деген ашуулар бар. Жол дагы кыйын. Ошолордун эсебинен кымбаттап калды".

Ошентип, жүк ташуу тарифтеринин кескин өсүшүнө бир нече себеп айтылууда. Алардын арасында күйүүчү майдын кымбатташы, жүктүн көбөйүшү, чек арадагы кезек жана бош фуралардын Кытайга өтүшүнө байланышкан маселелер бар.

Ишкерлер бул факторлордун кайсынысы баанын өсүшүнө көбүрөөк таасир эткенин тактап, чек арадагы жүк ташуу тартиги боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышууда. Ал эми Мамлекеттик бажы кызматы тарифтерди өзү белгилебей турганын, жүк ташуунун баасы ташуучу, жүк жөнөтүүчү жана алуучунун ортосундагы келишимдин негизинде түзүлөрүн билдирүүдө.