"Атаандаштар эмес, өнөктөштөр". Си Цзиньпин АКШга үч күндүк сапар менен барды, Трамп аны аэропорттон өзү тосуп алды

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-би-си Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
АКШ президенти Дональд Трамп кытайлык кесиптеши Си Цзиньпинди Вашингтондо башталган үч күндүк саммиттин алдында бомбалоочу учактарды учуруп, узундугу 30 метрлик кызыл килем төшөп тосуп алды.
Трамп Кытайдын төрагасын аэропорттон өзү тосуп алды. Аэродромдо АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн оркестри марш менен басып өтүп, Американын жана Кытайдын желектери желбиреп турду.
АКШ президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп шаршемби күнү кечинде Мэриленд штатындагы Эндрюс биргелешкен базасында Си Цзиньпинди жана анын жубайы Пэн Лиюанды тосуп алышты.
Си Цзиньпиндин 2015-жылдан берки Вашингтонго алгачкы сапары учурунда бир нече жабык жолугушуулар жана мамлекеттик сый тамак уюштурулат. Ошондой эле тараптар жасалма интеллект, Ирандагы согуш, Тайвань маселеси жана соода боюнча элдешүүнү узартуу сыяктуу бир катар маанилүү темаларды талкуулайт деп күтүлүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытайдын Коммунисттик партиясынын лидери Air China авиакомпаниясынын учагы менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:39да конду. Эки лимузин учактын трабына жакындаганда, ардактуу кароол учакка келип, кызыл килемдин эки тарабына тизилди.
Си Цзиньпин менен Пэн Лиюань учактан түшкөндөн кийин, Трамп жана анын жубайы Мелания менен кол алышып учурашты. Алар кыскача сүйлөшүп, андан соң кызыл килем менен катар басып өтүп, сүрөткө түшүштү.
Оркестр АКШнын мамлекеттик гимнин аткарып жаткан учурда, эки B-1 бомбалоочу учагы базанын үстүнөн учуп өттү. Бул ылдам учкан учактар АКШнын аскердик арсеналынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Учурашып, кыскача сүйлөшкөндөн кийин, эки президенттик жуп Вашингтонго өз-өзүнчө унаалар менен жөнөп кетишти.
АКШ президентинин чет өлкөлүк лидерди аэропорттон өзү тосуп алышы акыркы 11 жылдагы алгачкы учур болду. Мындай сый-урмат акыркы жолу 2015-жылы Барак Обама президент болуп турган кезде Рим папасы Францискке көрсөтүлгөн. Ага чейин, 1962-жылы АКШ президенти Жон Кеннеди Улуу Британиянын премьер-министри Гарольд Макмилланды аэропорттон өзү тосуп алган.
АКШнын Каржы министри Скотт Бессент АКШ менен Кытай соода боюнча элдешүүнүн мөөнөтүн январга чейин узартарын буга чейин эле жарыялаган. Трамп айрым товарларга коюлган тарифтерди төмөндөтүп, анын ордуна Си Цзиньпин сейрек кездешүүчү металлдарды экспорттоого киргизген чектөөлөрдү жумшартууга макул болгон бул келишимдин мөөнөтү 10-ноябрда аякташы керек болчу.
Кытайдын вице-премьери Хэ Лифэн менен жолугушкандан кийин Бессент тараптар келечекте соода тармагында кеңири келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн да талкуулаганын билдирди.

Сүрөттүн булагы, EPA
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кытайдын мамлекеттик "Синьхуа" маалымат агенттиги жарыялаган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Си Цзиньпин Кытай менен АКШнын экөө тең "улуу мамлекеттер, ал эми алардын элдери улуу элдер" экенин айтты.
"Эки өлкө атаандаш эмес, өнөктөш болушу керек", - деди Си Цзиньпин.
Мелания анын жолдошу Трамп Си Цзиньпиндин сапарынын программасын даярдоого өзү да түздөн-түз катышканын айтты. Ал Fox News телеканалына берген маегинде Дональд Трамп Си Цзиньпинди аэропорттон өзү тосуп алууну "экөөнүн мамилеси абдан жакшы болгондуктан" чечкенин билдирди.
Си Цзиньпин менен бирге партиянын Саясий бюросунун туруктуу комитетинин мүчөсү Цай Ци, вице-премьер Хэ Лифэн, тышкы иштер министри Ван И жана Бээжинден келген башка делегаттар да АКШга барышты. Цай Ци Си Цзиньпиндин эң жакын адамдарынын бири деп саналат.
"Кытай элинин улуу кайра жаралуусуна жетишүү жана Американын кайрадан улуулугун калыбына келтирүү бири-бирине толук шайкеш келет. Алар бири-бирин бекемдеп, дүйнөгө пайда алып келе алат»", - деп Си Цзиньпин айтканын "Синьхуа" агенттиги таратты. Си ошондой эле бул сапар "жемиштүү жыйынтыктарды берет" деген ишенимин билдирген.
Си Цзиньпин өзү менен кошо кытайлык бизнес өкүлдөрүн алып келгени белгисиз. АКШдагы кытай компанияларынын катышуусу Кытайдын бизнес жүргүзүү ыкмалары, субсидиялары жана ашыкча өндүрүш кубаттуулугу тууралуу суроолорду жаратышы мүмкүн. Мунун баары Си Цзиньпин менен анын партиясы каалагандан да көбүрөөк сын-пикирге жана суроолорго алып келиши ыктымал.
Трамп май айында Пекинге барганда аны АКШнын ири технологиялык компанияларынын жетекчилеринен турган топ коштоп барган. Алардын арасында Apple компаниясынын башкы директору Тим Кук, Tesla компаниясынын жетекчиси Илон Маск жана Nvidia компаниясынын жетекчиси Женсен Хуанг да бар эле.
Жасалма интеллект тармагында иштеген америкалык компаниялардын жетекчилери бейшемби күнү өтө турган салтанаттуу мамлекеттик сый тамакка катышары күтүлүүдө. Си Цзиньпиндин АКШдагы сапары жума күнү аяктайт.
Трамп жакында эле тармактын өкүлдөрү жасалма интеллекттин мүмкүн болуучу коркунучтары тууралуу айткан эскертүүлөрдү четке кагып, аларды "ойдон чыгарылган нерсе" деп атады. Ошол эле учурда АКШ менен Кытай бул тармакта лидерликке жетишүүгө аракет кылып жатышат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Bush China Foundation фондунун өкүлү Дэвид Файерстайндин айтымында, Трамп соода жана тарифтер боюнча дагы бир катар келишимдерге жетишүүгө аракет кылат. Анын ичинде Кытайдын америкалык товарларга киргизген бажы төлөмдөрүн азайтуу, Кытайдан сейрек кездешүүчү металлдарды импорттоону көбөйтүү жана АКШнын айыл чарба продукциясынын экспортун дагы арттыргысы да келет.
Бирок Кытай АКШнын айыл чарба продукциясын сатып алууну жана АКШга сейрек кездешүүчү металлдарды жеткирүүнү көбөйтүү боюнча мурда берген убадаларынан баш тарткандай көрүнүп жатат.
Файерстайндин айтымында, Си Цзиньпин Трампты Конгресс жактырган Тайванга 14 миллиард долларлык курал-жарак сатуу боюнча келишимди дагы создуктурууга же андан таптакыр баш тартууга көндүрүүгө аракет кылышы мүмкүн. Ошондой эле ал АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода байланышын мындан ары да тереңдетүүгө аракет кылат деп күтүлүүдө.
Анын айтымында, булар АКШ менен Кытайдын мамилесиндеги көптөн бери чечилбей келе жаткан маселелер. Бирок бул жолу "мамилелер мурдагыга караганда туруктуураак болуп, былтыр, 2025-жылы болгон сыяктуу олку-солку абал азыраак болуп жаткандай" көрүнөт.
Си Цзиньпиндин сапары америкалыктардын Кытайга болгон мамилеси, сыягы, жумшарып жаткан учурга туш келди. Chicago Council on Global Affairs уюмунун жакында жүргүзгөн сурамжылоосу көрсөткөндөй, америкалыктардын 41% Кытайдын аймактык амбицияларын АКШ үчүн коркунуч деп эсептейт. Бул көрсөткүч 2022-жылы 52% болгон.
Америкалыктардын жарымынан көбү — 57% АКШ Бээжин менен кызматташып, диалог түзүшү керек деп эсептейт. Кызыгы, мындай пикирди АКШнын ар кандай саясий көз караштагы адамдардын көбү бөлүшөт.
MAGA кыймылын колдобогон республикачылардын 57%ы Кытай менен кызматташууну жактайт. Мындай пикирди демократтардын басымдуу бөлүгү , өздөрүн ортолук же либералдык көз караштагы демократтар деп эсептегендер да колдойт.
Бирок Трампты бекем колдогондордун 63%ы АКШ Кытай менен болгон мамилесин чектеши керек деп эсептейт. Бул Си Цзиньпинди жылуу кабыл алган Трамптын позициясынан айырмаланат.
Ак үйдөгү расмий тосуп алуу аземдеринен тышкары, Мелания Трамптын Кытайдын биринчи айымы Пэн Лиюань менен бирге Смитсондун Улуттук Азия искусствосу музейине баруу планы бар. Мелания Трамп музейге баруу менен эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды көрсөтүүнү көздөйт.
Бул маанилүү сапар Улуттук архивдин имаратында тарыхый маанайда жыйынтыкталат. Ал жерде Трамп менен Си Цзиньпин маанилүү тарыхый документтер менен таанышышат. Ак үй алардын арасында "АКШ менен Кытайдын мамилеси үчүн маанилүү" документтер да бар экенин белгилейт.

































