Литва Борбор Азия жарандарынын жумушка орношуу боюнча арыздарын кабыл алууну токтотту
Элеонора Куленбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Photo by Paulius Peleckis / BNS
Литва Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарынын жумушка орношуу жана өлкөгө кирүү боюнча арыздарын кабыл алууну убактылуу токтотту. Буга акыркы бир жылда бул аймактан Литвага баргандардын саны көбөйүп, жумушка орношуу боюнча "абдан көп арыз" түшкөнү себеп болгону айтылды.
Литванын массалык маалымат каражаттары Миграция департаментинин жетекчиси Индре Гаспереге шилтеме берип, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарынын жумушка орношуу жана өлкөгө кирүү боюнча арыздарын кабыл алуу убактылуу токтотулганын жазып жатышат.
Гасперенин айтымында, акыркы бир жылда Литвага Борбор Азия өлкөлөрүнөн - Казакстандан, Кыргызстандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан барган адамдардын саны ашыкча көбөйүп кеткен. Андыктан литва өкмөтү бул өлкөлөрдөгү визалык борборлорун жаап жатат.
Буга чейин эле былтыр Литванын бийлиги Душанбе шаарындагы виза борборун да жапкан. Буга Литвага кирүүгө жана анда иштөөгө уруксат алган айрым адамдардын эрежелерди бузганы себеп болгону айтылган эле.
Душанбедеги виза борбору эки жыл иштеген убакытта Литвада жашоого уруксат алуу үчүн документтерди болжол менен 6,5 миң адам тапшырган. Алардын көбү айдоочулар жана курулуш тармагында иштегендер болгон.
Бирок кийин алардын көбү Литваны башка өлкөлөргө өтүү үчүн транзиттик аймак катары гана пайдаланганы, иш жүзүндө Европа Биримдигинин башка өлкөлөрүндө иштегени аныкталган.
Литванын Миграция департаментинин маалыматына караганда, 2026-жылдын 1-сентябрына карата өлкөдө дээрлик 227 миң чет өлкөлүк жарандын жашоого уруксаты бар.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Алардын 80 миңге жакыны Украинанын, 48 миңге жакыны Беларустун жарандары. Орусия менен Өзбекстандын ар биринен 13 миңдей, Индиядан 9 миңден ашуун, Тажикстандан 7 миңден ашуун жарандын Литвада жашоого уруксаты бар.
Литвада иш алып барган кыргызстандык айдоочулар дагы бар. Алар бул маалыматты кандай кабыл алышты?
"Мен Литвада жүк ташыган айдоочу болуп иштегениме алты жыл болуп калды. Соңку кезде, чындап эле бул жакта Борбор Азиядан жарандар көбөйүп кетишти. Орусияга дрондордун чабуулу күчөгөнү ал жакта иштеген өзбек, тажик жана кыргыз жарандары бул жакка агылып келе башташкан. Арасында айдоочу болуп келип, кийин такси же башка кызмат көрсөтүүлөргө өтүп кеткендери бар. Литва өкмөтү Европада жүк ташуу менен акча табат. Андыктан алар айдоочуга муктаж, чынында. Бирок азыр бул жакка Африка өлкөлөрүнөн да мигранттар келе башташты", - дейт Литвада иш алып барган кыргызстандык Нурбек Би-Би-Сиге.
Анын айтымында, аларга буга чейин жаңы чектөөлөр тууралуу эскертүүлөр берилген. Буга чейин аталган өлкөдө иш алып барууга уруксат алган жарандар мурунку визасынын мөөнөтү чыкса, аныузартып ишин уланта берилерин айтылган.





























