"Өзүңөр эмне кылып жатасыңар деп сурашы мүмкүн". Жапаровдун БУУдагы билдирүүсү талкууда

Сүрөттүн булагы, courtesy image
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 22-сентябрда БУУнун трибунасында Ысык-Көлдү сактоо боюнча маселе көтөрдү. Ал эл аралык каржы институттарын демилгени колдоого чакырып, атайын траcстык фонд түзүүгө чакырды. Айрым эксперттер өлкө жетекчисинин бул сунушун колдосо, башкалары көлдүн экологиясына, анын тегерегиндеги курулуш иштерине көңүл бурулушу керек деп эсептейт.
Жапаров БУУда Ысык-Көлдүн деңгээли 170 жыл ичинде дээрлик 14 метрге төмөндөгөнүн, акыркы 5 жылда көлдүн деңгээлинин төмөндөө ылдамдыгы жылына 7 сантиметрге жеткенин айтты.
"Мына, карасаңыздар, Арал деңизи менен Чад көлү аз эле убакыттар мурда Ыссык-Көл сыяктуу эле толуп турган көлдөр болчу. Азыр минтип кургап калды. Биз үчүн булардын мисалдары ачык эскертүү болушу керек. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Бириккен Улуттар Уюмун, эл аралык каржы институттарын жана донор өлкөлөрдү биздин демилгени колдоп, Уюмдун алдында Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын биргелешкен трасстык фондун түзүүгө расмий түрдө чакырамын", - деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчы Ысык-Көлдү сактап калуу максатында Кыргызстан бардык ички ресурстарын мобилизациялап жатканын кошумчалады.

Сүрөттүн булагы, social media
Буга чейин көлдүн тартылып баратканын экологдор, коомдук ишмерлер кулак кагыш кылып келатканы маалым. Алардын бири - Илимдер академиясынын Сейсмология институтунун башчысы Канат Абдрахматов Ысык-Көлдө суунун тартылышына гана эмес, анын экологиясына да маани берилиш керек деп эсептейт.
"Биздин президент эл аралык коомдун алдында эң жакшы көйгөйдү көтөрүп жатат. Бирок сөз көлдүн көлөмү азайып жаткандыгы тууралуу эле болуп жатат. Биз биринчи кезекте Ысык-Көлдүн экологиясын сактап калышыбыз керек. Ысык-Көлдөгү болгон мыйзамдар өз ирети менен болуш керек. Мисалы атайын Ысык-Көлдүн биосфералык аймагы тууралуу мыйзам бар. Ошону колдонсок, көп нерселерди ордуна коет элек. Ал мыйзам 1996-жылы эле жазылган. Бирок, тилекке каршы, бул мыйзам тебеленип эле кетип жатат. Ал жакта мисалы, көлдүн жээгинде ядролук аймак деген тилке бар. Ал жакка эч нерсе курулбаш керек. А бизде көлдүн жээгинде көп кабаттуу үйлөр курулуп жатпайбы. Көлгө трактор менен барып, шагыл, кум төгүп жатышпайбы, бул мыйзамсыздык да. Ошондуктан, эл аралык коом жардам берсе, трасттык фонд түзөбүз деп туура айтты, бирок эл аралык коом биринчи ирет бизден сурайт: "Макул, биз жардам берели, бирок силер өзүңөр эмне кылып жатасыңар? Өзүңөр мыйзамынарды сактабай жаткан турбайсыңарбы" деши мүмкүн. Ошондуктан биздин экология боюнча, көл боюнча жазылган мыйзамдар сакталышы керек", - деди Абдрахматов.

Сүрөттүн булагы, oficcial
Жапаров БУУдагы сөзүндө мөңгүлөрдүн эришине токтолуп, Ысык-Көл жоголсо, бүткүл аймак үчүн орду толгус көйгөй болушу мүмкүн экенин айтты.
"Ысык-Көлдүн негизги суу булагы - Тянь-Шань тоо мөңгүлөрү. Акыркы 70 жылдын ичинде тоолордогу мөңгүлөрдүн 30 пайыздан ашыгы ээрип кеткен. Анын 20 пайызга жакыны акыркы 7-10 жылдын ичинде гана кыскарган. Бул процесс аймактын биологиялык ар түрдүүлүгүнө жана жүз миңдеген адамдардын экономикалык туруктуулугуна түздөн-түз коркунуч келтирет", - деди Жапаров.

Сүрөттүн булагы, social media
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Коомдук ишмер, активист Айбек Сарыгул уулу президенттин сөзүн кубаттап, бул маселе Кыргызстанга эле эмес, биосфералык аймак катары дүйнө үчүн да орчундуу деп эсептейт.
"Дүйнөлүк климаттык өзгөрүүлөргө биз Ысык-Көлдү толугу менен тамчылатып сугарууга өткөрсөк, үйлөрдөгү септиктердин бардыгын тең кайрадан суу колдонулгандай система киргизгенде дагы, көлдүн азайышына 30% гана таасир бере алабыз. Экологиянын таасирлерин азайта албайбыз. Ал үчүн ээрип жаткан мөңгүлөрдүн резервин ылдый кетирбей, суу сактагычтарды курушубуз керек, ал жерде көп иш бар. Ошондуктан, дүйнөлүк коомчулуктан жардам керек бул багытта. Биз жалгыз өзүбүз климатка каршы күрөшө албайбыз. Бул биосфералык аймак да, бул кыргыздар үчүн эле маанилүү эмес, дүйнө үчүн маанилүү болуп турган жерлерден болуп саналат. Ошондуктан, көлүбүздү сактап калууга дүйнө да салым кошсо жакшы болмок. Садыр Жапаров абдан туура сунуш киргизди", - деди Айбек Сарыгул уулу.
Соңку жылдары экологдор бийликти көлдүн тартылып жатканына көңүл бурууга чакырып келишет. Алар дүйнөлүк климаттык өзгөрүүлөр менен катар көлгө кошула турчу агын суулардын туура эмес жана ысырап пайдаланылып жатканын эскертишет.

Сүрөттүн булагы, oficcial
Соңку жылдары президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ысык-Көлдү балык кармоочу торлордон жана таштандылардан тазалоо иштери жүргүзүлүп келүүдө. Ошондой эле Ысык-Көл менен Соң-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана суу экосистемасын коргоо максатында балык уулоого мараторий киргизилген.

Сүрөттүн булагы, UTRK
Ошол эле маалда көл жээгинде кум төгүлүп, ири объектилердин курулуп жатканына түрдүү сын пикирлер айтылып келет. Өкмөт ал имараттар уруксат кагаздардын негизинде салынып жатканын жана көлгө зыяны болбой турганын жүйө келтирет.
Ысык-Көл - деңиз деңгээлинен болжол менен 1 609 метр бийиктикте жайгашкан, дүйнөдөгү ири тоо көлдөрүнүн бири. Көлдүн узундугу болжол менен 182 км, туурасы 60 км, аянты 6 236 чарчы чакырым, эң терең жери 668 метрге жетет. Акыркы жылдары Ысык-Көлдүн суусуна климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн азайышы жана суу ресурстарына болгон басымдын күчөшү таасир этүүчү негизги факторлордун катарына айтылып келет.
Ысык-Көл - Кыргызстандын туризм тармагындагы негизги багыттардын бири. Ошондуктан көлдүн жээгинде эс алуу жайлары, жайкы пляждык инфраструктура активдүү курулууда. Айрыкча, Ысык-Кол району, Балыкчы, Чолпон-Ата жана Каракол шаарлары туристтик инфраструктуранын негизги борборлору болуп саналат.
Акыркы жылдары аймакка келген туристтердин саны өсүп, мейманкана, тамак-аш, транспорт жана башка кызмат көрсөтүү тармактары үчүн маанилүү киреше булагына айланып келет. Бирок бул Ысык-Көлдүн экологиялык маселелерин да күн тартибине чыгарууда.





























