Украина: Киевдеги дрон соккуларынан эки адам өлдү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украина бийлиги Киевдеги беш кабаттуу үйдүн чатырына ракетанын сыныктары түшкөнүн билдирди.
Киевдин Голосеевский районунда сыныктар беш кабаттуу үйдүн үстүнө кулап, чатыры күйүп кеткенин шаардын аскер башкармалыгы тастыктады.
Шаардык мэриянын маалыматы боюнча, Соломенский районунда сыныктар жеке үйдүн аймагына түшкөн.
Киевде учкучсуз учактардын коркунучунан улам аба чабуулу боюнча эскертүү күчүндө. Бийлик буга чейин Печерский районундагы үч кабаттуу имарат жабыркаганын кабарлаган.
Баш калаада түнкү саат бирлерде баллистикалык ракеталардын чабуулуна байланыштуу айгай жаңырды. Киевдин Мэри Виталий Кличконун билдиришинче, Соломенский районунда ракеталардын сыныктары үйдүн короосуна түшүп, бирок өрт чыккан эмес. Анын айтымында, ошол эле аймакта инфраструктуралык объекттин административдик имаратына жана "окуу жайдын корпустарынын бирине" да сыныктар тийген.
Киевге түнкү жана күндүзгү тынымсыз чабуулдар бир нече күндөн бери уланып келе жатат. Мурунку күнү түштөн кийин Илимдер академиясынын имараты чабуулга кабылып, эки адам каза болгон.
Киевде гана эмес, Киев облусуна да чабуулдар уланып жатат.
Куткаруучулардын билдиришинче, Бучан районунда учкучсуз учактын соккусунан жеке турак үй жана коңшу үйдүн чатыры күйүп кеткен. 300 чарчы метр аянттагы өрт өчүрүлүп, эки жабырлануучу ооруканага жаткырылды.
Орус аскерлери Киев менен Киев облусуна жаңы чабуулдар болгонун азырынча билдире элек. Алар бир күн мурда кол салуудан жабыркаган медициналык борбордун көчөсүндө жайгашкан "Укртелеком" компаниясынын маалымат борборуна сокку урулганын билдиришкен.
































