"Үйүбүздүн жарымы бузулган". Оштогу бузуу иштеринен кийин кенемте күткөн тургундар

Ошто жолдорду кеңейтүү жана шаарды иретке келтирүү иштеринин алкагында айрым турак үйлөр жана соода жайлары бузулуп жатат. Бийлик мындай иштер мыйзамда каралган тартипте жүргүзүлүп, үйү же мүлкү алынган жарандарга компенсация төлөнөрүн билдирүүдө. Бирок айрым тургундар үйлөрү бузулганына карабастан, компенсация ала электигин айтып, кышында кайда жашарын билбей турганын айтышууда.
Жарымы бузулуп, жарымы калган бул үйдө 10 адам баш калкалачу. Мадина Жороева жолдошу экөө Орусияда иштеп жүрүп салган бузулганына алигиче ишене албай келет.
"Бул кызыл китепти мамлекеттен алганбыз. Кызыл сызыктан чыккан эмеспиз. Ош мэриясынын кызматкерлери, келип, 13 жаштагы кызым үйдө кезинде бузуп кетишиптир. Эки бөлмөлүү үйүмдү, жуунучу жайымды, ажатканамды бузуп кетишкен", - дейт Ош шаарынын тургуну Мадина Жороева.
Мадина Жороеванын айтымында, Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери бул кадамды жолду кеңейтүү зарылдыгы менен түшүндүрүшкөн.
Ал үй-бүлөсүнө азырынча мамлекет тарабынан кенемте төлөнбөгөнүн же бузулган үйүнүн ордуна башка үй берилбегенин коошумчалады.
"Азыр кыштай турган үйүбүз калбады. Эки бөлмөлүү үйдө жашап жатабыз. Кайнатам менен кайненемди кайнимдин үйүнө алып барып койдук. Кайнатамдын жашап турган, кыштай турган үйүн бузуп коюшту", - дейт ал.
Мадина Жороева сыяктуу кызыл китеби бар туруп, мүлкү бузулган башка да жарандар бар.
"Ош шаарындагы мыйзамсыз мүлктөрү бузулган ишкер жана жарандардын укугун коргоо" коомдук бирикмесинин жетекчиси, адвокат Төлөгөн Келдибаевдин айтымында, мурунку мэрдин тушундагы мүлк бузуу иштерине байланыштуу көйгөйлөр азыр да уланып келет.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"2025-жылы дагы, 2026-жылы дагы Ош мэриясына мыйзамсыз бузуулар боюнча эскертүү берилген. Ошого карабастан, ушул иштер уланып жатат. 2026-жылы дагы Жанар Акаев келгенден бери 30га жакын арыз түштү. Аларга юридикалык жактан баа берилиши керек. Ош шаарында муниципалдык кызматтын ичинде "Мыйзамсыз курулуштарды бузуу жөнүндө" деген бөлүм бар. Алар бирөөнүн документи мыйзамдуубу, мыйзамсызбы, барып талкалап салып жатат. Андайларга жол бербешибиз керек да. Андай бөлүмдү жоюшубуз керек. Сот аткаруу кызматы бар. Соттун чечимдери чыгышы керек. Шаар кеңейиши керек, андай болушу керек, мындай болушу керек - туура. Бирок ошол адамдардын дагы ордуна өздөрүн коюп көрүшү керек да. "Эгер мен болгондо кантип жашайт элем?" деп. Үйдүн жарымы бузулуп жатса, кар жаайын деп турса, эртең ал адам кайда жашайт?" - дейт адвокат Төлөгөн Келдибаев.
Ал эми Ош шаарынын вице-мэри Шумкарбек Пайзиевдин айтымында, жолду кеңейтүү максатында айрым жарандардын үйлөрү жана соода жайлары бузулуп, мыйзамда каралган тартипте кенемте төлөнүп жатат.
"Шаарда эл көбөйүп, мамлекеттин мүмкүнчүлүгү болгон сайын, шаардын башкы планы ушинтип ишке аша берет. Албетте, бул оңойлук менен ишке ашпайт. Ушинтип жол боюндагы күркөлөр, турак үйлөр сөзсүз бузулат. Мамлекет аларга компенсация төлөп, ушинтип жолду чоңойтот", - дейт Ош шаарынын вице-мэри Шумкарбек Пайзиев.
Оштогу "Интербилим" уюму Ош шаарындагы жашоочулардын жер тилкелерин алуу жана турак жайларын бузуу иштеринин кесепеттерин изилдеген.
Анда бузуу иштери 1200гө жакын үй чарбасына таасирин тийгизгени айтылат. Уюмдун маалыматына караганда, бузуу иштери укук бузуулар менен коштолгон. Мунун алдын алуу үчүн атайын эреже иштелип чыгышы керектиги айтылат.
"Тартып алуунун эрежеси кабыл алынмайынча, ушундай укук бузуулар боло берет деген жыйынтыкка келдик. Демек, негизги сунуш ошондой болду: тездетип бузуу иштеринин эрежелерин кабыл алуу, Министрлер Кабинетинин алкагында үйлөрдү сүрдүрүү маалындагы эрежелерди тизмелеп, тартипке келтирүү зарыл", - дейт уюмдун өкүлү.
Оштогу мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүүдө үйүнөн ажыраган жарандарга кенемте төлөп берилерин эл менен жолугушууда президент Садыр Жапаров билдирген.
Азыркы мэр Жанар Акаев да компенсация маселеси чечилип жатканын айткан.

































