"Мыкты достук", "адилет атаандаштык" жана көзөмөлдөгү жасалма интеллект. Си Цзиньпиндин Ак үйгө сапары

Си

Сүрөттүн булагы, EPA

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Кытай лидери Си Цзиньпиндин соңку 10 жылдагы Вашингтонго болгон алгачкы сапары учурунда Си Цзиньпин менен АКШ президенти Дональд Трамп өз өлкөлөрүн дүйнөдөгү алдыңкы держава деп атап, бири-бирин кызматташууга жана адилет атаандаштыкка чакырышты. Ошондой эле алар жасалма интеллекттин өнүгүшү сыяктуу маселелерди талкуулай турганын билдиришти. Кытай лидери жасалма интеллект адамдын көзөмөлүндө болушу керектигин айтты.

Бейшемби күнү кечинде Си Цзиньпин менен Трамптын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы аяктагандан кийин, Кытайдын "Синьхуа" агенттиги лидерлер Жакынкы Чыгыштагы абал, Украинадагы согуш жана Корей жарым аралындагы кырдаал боюнча "пикир алмашканын" кабарлады.

Бейшемби күнү кечинде, сүйлөшүүлөр Ак үйдө кечки тамак үстүндө уланат.

Шаршембиде, Ак үйдөгү жолугушуунун алдында Трамп жубайы Мелания менен бирге Си Цзиньпинди Мэриленд штатындагы Эндрюс биргелешкен базасында кызыл килем төшөп жеке өзү тосуп алды.

Си

Сүрөттүн булагы, Reuters

Бул 11 жыл арылыгында АКШ президенти чет өлкөлүк лидерди аэропорттон жеке өзү тосуп алганына алгачкы окуя болду. Мындай сый-урмат акыркы жолу 2015-жылы Барак Обаманын президенттиги учурунда Рим папасы Францискке көрсөтүлгөн. Ага чейин, 1962-жылы президент Жон Кеннеди Улуу Британиянын премьер-министри Гарольд Макмилланды аэропорттон тосуп алган.

Бейшемби күнү эртең менен Кытайдын лидери Ак үйгө келип, Трамп менен бирге журналисттер алдында сөз сүйлөдү. Ошондой эле алар АКШ президенттеринин резиденциясынын жанындагы Роза бакчасында өткөн аскердик салтанатка катышты.

Трамп менен Си Цзиньпиндин Ак үйдүн алдындагы жолугушуусун америкалык телеканалдар адаттагыдай түз эфирде көрсөтүшкөн жок.

Буга президенттин Politico, MS Now жана CNN телеканалдарынын журналисттерине Ак үйгө кирүүгө тыюу салган чечимине байланыштуу АКШнын ири жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялаган бойкот себеп болгон. Бейшемби күнү эртең менен сот бул маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө Ак үйгө кирүүгө уруксат берүү өкүмүн чыгарган. Президенттин күзөт кызматы алгач журналисттерди киргизген эмес, бирок кийин соттун чечимине баш ийди.

Атаандаштыкпы же тынчтыкта жашообу: Трамп менен Си Цзиньпин эмне тууралуу сүйлөштү?

Си

Сүрөттүн булагы, Reuters

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Сүйлөшүүлөр алдында Трамп менен Кытайдын лидери билдирүү жасашты. АКШ президентинин сөзү Си Цзиньпиндин сөзүнө караганда бир аз кыска болду.

Трамп Си Цзиньпин менен абдан жакшы достук мамиледе экенин айтты.

"Төрага Си экөөбүздүн ортобузда өз ара урматтоого жана элдерибиздин маанилүү кызыкчылыктарына негизделген абдан жакшы достук мамиле түзүлдү",- деди Трамп.

Мындай сөздөргө карабастан, Трамптын президенттик мөөнөтүнүн экинчи мезгилинде Вашингтон менен Бээжиндин мамилеси кыйла чыңалган бойдон калды. Эки өлкөнүн ортосундагы негизги көйгөй соода согушу болуп, Ак үйдүн башчысы Кытай товарларына жогорку бажы төлөмдөрүн киргизген.

Би-би-синин баяндамачысы Алексей Калмыковдун түшүндүргөнүнө караганда, Кытай буга АКШ үчүн маанилүү болгон сейрек кездешүүчү металлдарды экспорттоого чектөө киргизүү менен жооп берип, бул Трампты айрым чечимдеринен артка чегинүүгө мажбур кылган.

Азыр эки тарап соода согушундагы убактылуу жарашууну январга чейин узарткан. Ак үйдө тыныгуу менен өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдө Трамп менен Си бул келишимди дагы узартуу маселесин талкуулашы күтүлүүдө.

Мындан тышкары, сүйлөшүүдө Тайвань жана Иран маселелери да көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок баяндамачылар ири бурулуш жасай турган келишимдер же чечимдер кабыл алынат деп күтүшпөйт.

Си Цзиньпиндин Ак үйдө сүйлөгөн сөзүнөн соода согушуна ишарат байкоого болот.

"Кытай менен АКШ кызматташуудан пайда көрөт, ал эми тирешүүдөн эки өлкө тең уттурат. Биз атаандаштык тууралуу сөз кылуудан качпашыбыз керек. Бирок биздин атаандаштыгыбыз адилет болуп, белгилүү бир чектен чыкпашы зарыл. Бул кимдир бирөө утуп, экинчиси утулган күрөш эмес, эки тарап тең бири-бирин кууп жетүүгө жасаган жарыш болушу керек",- деди Кытайдын лидери.

Трамп Кытай менен АКШ бийлиги "соода мамилесин тең салмактуу сактоого, анын ичинде америкалык фермерлер менен мал чарбачыларынын Кытай рыногуна кирүүсүн кеңейтүүгө аракет кылып жатканын" айтты.

Ошол эле учурда Кытайдын лидери эки өлкө бири-бири менен жакшы мамилени сактоого милдеттүү экенин, анткени мындан дүйнөнүн тагдыры көз каранды экенин билдирди.

"Дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн шартында Кытай менен АКШ дүйнөдөгү эки алдыңкы держава катары адамзаттын өнүгүүсү жана прогресси үчүн тарыхый жоопкерчиликти алышы абдан маанилүү",- деди Си Цзиньпин.

Жасалма интеллект тууралуу эмне дешти?

Си

Сүрөттүн булагы, Reuters

Күтүлгөндөй эле, эки лидер тең жасалма интеллект технологияларынын тез өнүгүшүн талкуулай турганын билдиришти.

Бул тармакта азырынча америкалык компаниялар алдыңкы орунда турат, бирок Кытай аларды тез кууп жетүүдө. Адистердин айтымында, Трамптын администрациясы (айрым техникалык жетекчилер талап кылгандай) Кытайдын атаандаштыгынан корккондуктан, жасалма интеллект технологияларынын өнүгүшүн жайлатууну каалабайт.

Си Цзиньпин Ак үйдөгү сөзүндө жасалма интеллект тууралуу мындай деди:

"Эки өлкөнүн тең жасалма интеллектти өнүктүрүүгө жана аны адамзаттын жыргалчылыгы үчүн пайдаланууга мүмкүнчүлүгү жана жоопкерчилиги бар. Жасалма интеллект ар дайым адамдын көзөмөлүндө болушун камсыз кылышыбыз керек".

"Бул сапардын жүрүшүндө биз коопсуздукка, технологияларга жана суперинтеллектке байланыштуу эң актуалдуу маселелерди да талкуулайбыз. [Трамп жасалма интеллектти суперинтеллект деп атоо керек деп эсептейт - ред.] Бул тармактарда бүгүн кабыл алган чечимдерибиз жакынкы ондогон жылдарда тынчтыкка жана бакубатчылыкка өбөлгө түзүшү мүмкүн",- деди Трамп Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдүн алдында.

АКШга болгон сапарында Кытайдын лидери "панда дипломатиясын" да унуткан жок. Бээжин жакшы мамиле түзүүгө умтулган өлкөлөрдүн зоопарктарына пандаларды белек катары берип келет. Си Цзиньпин жакынкы күндөрү Атлантадагы зоопаркка Кытайдан эки панда алып келине турганын билдирди.

Мындан тышкары, ал кийинки беш жылдын ичинде 100 миң жаш америкалыкты билим алмашуу программасынын алкагында Кытайга чакыруу ниети бар экенин жарыялады.

Би-би-синин кабарчылары белгилегендей, бул чакыруу күтүүсүз болду. Азырынча программанын кандай иштей турганы тууралуу кеңири маалымат жок.

Анализ: Трамп Си Цзиньпинге таасир калтырууга аракет кылууда

Си

Сүрөттүн булагы, Reuters

Би-би-синин Вашингтондогу кабарчысы Дэниел Буш:

Ак үйдүн Роза бакчасында өткөн аскердик салтанатты көптөгөн журналисттер чагылдырды.

АКШнын ардактуу күзөт кароолу Ак үйдүн Батыш канаты менен Овалдык кабинеттин үстүндөгү колоннада жайгашты. Аскерлер АКШ менен Кытайдын желектерин кармап турушту.

Овалдык кабинеттин үстүндө форма кийген америкалык аскерлердин сапта турганын көрүү адаттан тыш көрүнүш болду.

Мындай салтанаттуу көрүнүш президент Трамптын Си Цзиньпиндин болжол менен он жылдан берки алгачкы Ак үйгө сапарын мүмкүн болушунча өзгөчө өткөрүүгө аракет кылганын көрсөттү. Саммит кандайдыр бир маанилүү жаңы чечимдерге алып келбеши мүмкүн.

Бирок Кытай лидерин тосуп алуудагы салтанат, кечээки кабыл алуу аземи, Трамптын президенттик мөөнөтүнүн экинчи мезгилинде Вашингтонго келген башка чет өлкөлүк лидерлердин сапарларынан өзгөчө болду.