Шаирбек Ташиевдин иши боюнча экспертиза дайындалды

Шаирбек Ташиев
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Жемкорлукка шектелип кармалып, кийин үй камагына чыккан мурдагы депутат Шаирбек Ташиевдин иши боюнча комиссялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу анын адвокаты Жыргалбек Бабаев Би-Би-Сиге билдирди.

"Комиссиялык экспертиза дайындалган. Себеби мамлекетке келтирилди делген зыяндын көлөмү так аныктала элек. Талаштуу учурлар бар. Ошондуктан бул маселени комиссиялык экспертиза карап чыксын деген өтүнүч келтиргенбиз. Бул жерде айрым нюанстар бар. Тергөөнүн купуялуулугу үчүн баарын ачык айта албайм, бирок биз макул болбогон жерлер бар", - деди Жыргалбек Бабаев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, УКМКнын мурдагы башчысынын бир тууган иниси Шаирбек Ташиев "Кыргызнефтегаз" жана "Кыргызпетролеум компанияларындагы" коррупциялык схемага байланыштуу 1-апрелде шектүү макамында кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, СИЗО-1 тергөө абагында кармалат деген чечим чыгарган. Кийинчерээк анын тергөө абагына жеткирилбегени, төрт айга жакын милициянын убактылуу кармоочу жайында болгону ачыкка чыккан.

Бул маселе талкуу жаратып, көп өтпөй, 27-июлда Шаирбек Ташиев үй камагына чыгарылган.

Буга анын "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупциялык схемадан улам мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгүн төлөгөнү себеп болгону белгиленген.

"Тергөөнүн маалыматы боюнча, "Кыргызнефтегаз" ААК жана "Кыргызгаз Петролеум Компани" ЖАКтын кызмат адамдары күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуунун коррупциялык схемасын уюштурушкан. Мыйзамга каршы аракеттердин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген. Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу Т.Ш.К. мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгүн өз ыктыяры менен төлөп берген. Ушул жагдайга байланыштуу соттун чечими менен ага карата колдонулган бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн", - деп айтылган Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Мекеме Ташиевдин канча каражат төккөнүн ачыктаган эмес, бирок ал чыгымдын негизги бөлүгүн жапканын белгилеген. Жалпы чыгым буга чейин 4,1 миллиард сомду түзөрү айтылган эле.

УКМКнын мурдагы төргасы Камчыбек Ташиев быйыл 10-февралда кызматтан алынгандан кийин анын жакындары айрым коррупциялык иштер боюнча суракка алына баштаган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Кыргызнефтегаз" иши боюнча анын уулу Таймурас Ташиев да сурак бергени кабарланган. Бирок ИИМ муну төгүндөгөн. Күн мурун, 28-сентябрда өлкөдөгү жергиликтүү басылмалар Таймурас Ташиев Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылганын, ал буга чейин козголгон алдамчылык ишине байланыштуу экенин жазышкан. Тергөө кызматтары бул маалыматты төгүндөп же бышыктай элек.

Быйыл 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту "75чилер каты" боюнча өкүм чыгарган. Ишти караган судья Азирет Медеров Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен.

Бул иш кийинки инстанцияда каралып, 10-сентябрда Бишкек шаардык соту айыпталуучуларга карата "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси жокко чыгарылып, ал "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине (195-берене) алмашкан. Сот сегиз адамды төрт жылдан эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык жазасын эки жылга кыскарткан.