Өмүрбек Суваналиев: Президенттик шайлоого сөзсүз катышам

Суваналиев
    • Author, Элеонора Куленбекова
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт
  • Би-Би-Синин кыргыз тилиндеги жаңылыктарын, эксклюзивдүү баяндарын WhatsApp каналыбыздан да окуп туруңуз.

27-январда өтө турган шайлоого катышуу ниетин президент Садыр Жапаровдон тышкары биринчилерден болуп саясатчы, мурдагы ички иштер министри, генерал Өмүрбек Суваналиев билдирди. Би-Би-Си аны менен байланышып, эмнеге шайлоого катышууну чечкенин сурады.

Би-Би-Си: Президенттикке баруу ниетиңизди билдирдиңиз. БШКга качан арыз жазасыз?

Өмүрбек Суваналиев: Арызды жаза элекпиз. Бирок бул президенттик шайлоого сөзсүз катышабыз. Мыйзам боюнча биринчи кыргыз тили боюнча экзамен тапшырылат. Бир миллион сомдук төлөм бар. Андан кийин 30 миңден кем эмес кол топтоп, анан процедура башталат.

Би-Би-Си: Президенттик шайлоого катышуу чечимине кантип келдиңиз? Өзүнүздү шансыңызды кандай баалап жатасыз?

Өмүрбек Суваналиев: Негизи демократиялык өнүгүү нугун жактаган жана авторитардык башкарууну жактаган топтор бар да. Мен президенттик шайлоого демократиялык топтон чыгайын деп жатам. Себеби мен авторитардык башкарууга башынан эле каршымын. Биз Кыргызстанды демократиялык нукта өнүктүрүүгө шарт түзүп, иштешибиз керек.

Бүгүнкү күнү чоң амбициялуу көп саясатчылар президенттик шайлоого катыша албайт. Анткени Кыргызстандагы "эки дос" институту көбүн коркутуп, көбүн соттоп, шайлоодон четтетип салышты. Көбү чыкпай калды. Ошол үчүн бүгүнкү күнү Кыргызстанда кайсы жерге барба, бардыгы эле "президенттикке ким чыгат, альтернатива болобу" деген эле суроону коюп атышат. Эл таза жана коркпогон саясатчылардын чыгышын каалайт эле. Билимдүү, тажрыйбалуу саясатчылардын келишин каалап жатат. Ошонун баарын анализдеп, мен дагы өзүмдүн талапкерлигимди коём деген ниетимди билдирип жатам. Буйруса, чоң президенттик шайлоого катышабыз.

Би-Би-Си:Президент Садыр Жапаров Кыргызстан демократиялык өнүгүү жолунда экенин айтып келет. Сиз болсо азыркы башкарууну авторитардык деп мүнөздөдүңүз. Бул бааңызга кандай конкреттүү фактылар негиз болот?

Өмүрбек Суваналиев: Эл аралык изилдөөлөрдүн баарын карасаңыз. Кыгызстан мурункуга караганда бүт индекстерде, мисалы, сөз эркиндиги боюнча төмөн түшүп кетти. Укуктук базалар боюнча да ылдый түшүп кетти. Социалдык тармакта иш алып барып келген бейөкмөт уюмдардын көбү иштебей калды. "Демократиялык аралча" элек, ошону менен Кыргызстан сүйкүмдүү эле. Бүгүнкү күнү андай деп айта албайбыз. Бүгүн аткаруу бийлиги гана үстөмдүк кылып жатат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Адам укугу индекстеринде дагы биз артка кеттик. Канчасы пробацияда жүрөт.

Парламенттин деңгээлин көрдүңүздөр. Өкмөттүн ишин жалаң президенттин иш башкармалыгы алды.

Би-Би-Си: Шайлоодо Садыр Жапаровдун негизги атаандашы боло алам деп ойлойсузбу?

Өмүрбек Суваналиев: Шайлоого катышкан кишиде атаандаш болот. Башкы атаандаш деп эл чечет. Бүгүнкү күнү ошол эле Жапаровдун баскан жолун карасаңар, ал саясатта аябай чоң добуш алып келгендерден эмес. Революциянын алдында Ташиев экөөнүн "Мекенчил" партиясы парламентке да өтпөй калган. Ал эми Мадумаров экөөбүз "Бүтүн Кыргызстан" партиябыз менен өткөнбүз, булар өтпөй калган. Негизи эле Кыргызстандын тарыхында президенттердин бардыгы шайлоолордон өтпөй, революциялык жол менен келип, кызматка отуруп, анан кийин шайлоого барып жеңип келгендер. Бакиевди алсаңар, депутаттыктан өтпөй калган, кийин президент болду. Ошол эле Атамбаевди алсаңар, Бакиев менен президенттик шайлоого чыкканда, утулуп калган. Бирок революциядан кийин президент болуп калды. Сооронбай Жээнбеков революциянын айынан кеткенден кийин Садыр Жапаров болду. Кыргызстанда бизде эл чечет, ким кандай добуш аларын.

Би-Би-Си: Кыргыз саясатында шайлоого пиар үчүн барып, орто жолдон соодалашып же талапкерлигин добуш берүүгө чейин эле алып салгандар бар. Сиз дагы талапкерлигиңизди алып салбайсызбы?

Өмүрбек Суваналиев: Менин тарбиям мындай: эгер мен чечим кабыл алсам, анын аягына чейин чыгам. Мен эч качан бийлик менен соодалашкан эмесмин дагы, эч кандай пиар кампания кылып, орто жолдо таштаган эмесмин. 2009-жылы өткөн президенттик шайлоодо мага канча сунуш түшкөнүнө карабай, аягына чейин эле баргам. Мен абийирди, намысты сактаган адаммын.

Би-Би-Си: Бул жолу шайлоого барарын айткан талапкерлер аз болуп жатат. Буга, балким, 1 миллион сомдук төлөм акы себеп болуп жатабы?

Өмүрбек Суваналиев: Саясий жагын караш керек. Адахан Мадумаров 100% шайлоого чыкмак. Бирок аны эрте, билип туруп соттон өткөрүп, "соттолду" кылып коюшту, катыша албагандай. Кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткен эле. Ага карабай аны, четтетип салышты. Мадумаров шайлоого катышпайт. Калгандарын "кустуризация" менен камашты да. Аны эске албаганда деле, мисалы, Бабанов эки ай камалып чыкты. Президенттикке мурунку талапкер ошол эле Темир Сариев жарым жыл отуруп чыкты. Алар камалып чыккандан кийин саясаттан көңүлдөрү калышты. Эми шайлоого дагы ким чыгары белгисиз болуп жатат. Анткени мурункулардын бир бөлүгү же камакта же соттолуп кеткендер болуп жатат.

Би-Би-Си: Сиз талапкерлер аз, анткени көбү коркуп калды дегендей ойду айтып атасыз. Бирок Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго айтпадыбы, бардык талапкерлерге "жол ачык" болот деп.

Өмүрбек Суваналиев: "Бийлик айта турган сөздү айтат. А бирок практикада мурунку талапкерлерди карасаңар, же түрмөдө отурат же "кустуруудан" өтүп камалып чыккандар".

Би-Би-Си: БШК төрагасы да шайлоо атаандаштык мүнөздө өтсө болот эле деди. Президенттик шайлоо кандай өтөт деп ойлойсуз? Өзүңүзгө ишеним канчалык?

Өмүрбек Суваналиев: Талапкерлигин коюп жаткандан кийин ар талапкер өзүнө ишенет. Бүгүнкү күнү менде деле тактика, стратегия бар. Мен шайлоодо оппозициялык, демократиялык нукта Кыргызстанды өнүктүрөбүз деген шайлоочуларга ишенип жатам. Мыйзамдуулук сактап, келечегин ойлогон шайлоочуларга багыт алып жатам. Кыргызстанда шайлоо системасы жакшы, кеп админресурста жана добуш сатып алууда болот деп ойлойм. Кыргызстанда шайлоочулар аябай тажрыйбалуу, андыктан ар бири өз жүрөгүнөн добуш берет деген үмүттөбүз.