Иран АКШга Ормуз кысыгын ачуу боюнча планын сунуштады, Трамп аны четке какканы айтылды

иран
    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

Иран АКШга Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамын калыбына келтирүү үчүн ок атууну токтотуунун жети күндүк планын сунуштады. Бир нече сааттан кийин The Wall Street Journal басылмасы АКШ президенти Дональд Трамп бул сунушту четке кагып, аскердик өнөктүктү кайра баштоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбаганын кабарлады.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи буга чейин БУУда журналисттерге Тегеран тынчтык планын Катар аркылуу өткөрүп бергенин билдирген. Анын айтымында, келишим Ормуз кысыгын ачууга жана аймактагы согуштук аракеттерди токтотууга чейинки жети күндүк макулдашууну баштоого тийиш болчу.

"Эгерде америкалык тараптын келишим түзүүгө жана Ормуз кысыгын ачууга олуттуу ниети болсо, анда учурда буга бардык шарттар даярдалган", — деп билдирди Арагчи.

Ошол эле учурда The Wall Street Journal гезити аты аталбаган америкалык аткаминерлерге шилтеме жасап, Трамп Ирандын сунушун четке кагып, кеңешчилерине ноябрь айында өтө турган Конгресске шайлоодон кийин бомбалоолор кайра башталарын күтүп жатканын айтканын жазды.

АКШ президенти ошондой эле өзүнүн Truth Social социалдык тармагында Ормуз кысыгынын картасын жарыялап, аны тегеректеп сызып, сүрөткө "Трамп кысыгы" деп кол койгон.

Ушул жумада БУУнун трибунасынан сүйлөп жатып, Трамп алдыда маанилүү чечим кабыл алышы керектигин: Иранды жок кылуу же аны менен келишим түзүү керектигин жарыялады.

Америкалык чиновник буга чейин Reuters агенттигине АКШ менен Иран ортомчулар аркылуу "позитивдүү жана конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү" жүргүзүп жатканын билдирген.

Бирок The Wall Street Journal жазгандай, Трамп жеке сүйлөшүүлөрүндө Иран анын талаптарын аткарарына күмөн санаарын билдирген.

АКШ жана Израиль тарабынан 28-февралда башталган Иран менен согушу миңдеген адамдардын өмүрүн алып кетти, алардын көбү Иранда жана Ливанда. Жооп катары Тегеран Израилге жана Парс булуңундагы АКШнын өнөктөштөрүнө чабуул жасаган.

Согушка чейин Ормуз кысыгы аркылуу күнүнө орточо эсеп менен 130га жакын кеме өтүп турган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Согушка чейин Ормуз кысыгы аркылуу күнүнө орточо эсеп менен 130га жакын кеме өтүп турган

Жаңжал Ирандын Ормуз кысыгын иш жүзүндө жаап салышынан улам масштабдуу энергетикалык кризисти пайда кылды.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи билдиргендей, тараптар өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койгондон кийин июнь айында макулдашкан "зарыл шарттар аткарылганда" кысык кайрадан ачылат.

60 күндүк мөөнөткө эсептелген ал план бардык фронттордо, анын ичинде Ливанда согуштук аракеттерди токтотууну, Тегеранга салынган санкцияларды алып салууну, Иранды калыбына келтирүү фондун түзүүнү жана анын ичинде Ормуз кысыгын ачууну караган. Иран менен АКШ документке 18-июнда кол коюп, согуштук аракеттер убактылуу токтотулган.

Убактылуу ок атышпоо келишими бир айга жетпеген убакытка созулуп, өз ара соккулар 8-июлда кайра башталган.