Бишкекте өрт чыккан имараттан эркек кишинин жансыз денеси табылды

ӨкМ
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бишкектеги өрт чыккан эки кабаттуу имараттан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу калаанын Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 26-сентябрь күнү саат 08:00 чамасында Бишкек шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу имараттан өрт чыккан.

Окуя болгон жерге райондук башкармалыктын тергөө-ыкчам тобу жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери барып, өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Имараттын биринчи кабатында автоунааларды техникалык тейлөө станциясы (СТО), ал эми экинчи кабатында тигүү цехи жайгашкан.

Өрттү өчүрүү иштеринин жүрүшүндө имараттын экинчи кабатынан эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык болгон жер курчоого алынып, аны өчүрүүгө ОКМден жети бөлүм тартылганын маалымдаган.

Аталган факты боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары аныкталууда.