"Чекиш-Ата" базарындагы ок атуу: шектелген адам кыргыз, базарда иштечү

шектуу
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бишкек шаарындагы «Чекиш-Ата» базарынын аймагында ок атып, 32 жаштагы эркек кишини жарадар кылууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Би-Би-Си "Чекиш-Ата" базарынын администрациясына байланышып, окуянын чоо-жайын сурап көрдү. Алардын айтымында, жаракат алган бала да, шектелип жаткан жаран да кыргыз жарандары, аталган базарда иштешет.

"Биз аларды тааныйбыз. Экөө тең бул базарда иштейт, дүкөндөрү бар кишилер. Мылтык алып жүргөн бала деле кыргыз, бирок анын мылтыгы ок атуучу эмес, пневматикалык мылтык окшойт, жаңы алыптыр, анан көрөйүн десе керек. Мен да таң калып жатам, акыл-эстүү эле, жакшынакай балдар. Анан эмнеге киши көп жүргөн жерде атышты, билбейм. Экөө тең кыргыз балдар, ушу жерде иштеп жүрүшөт", - деди "Чекиш-Ата" базарынын администрациясынын өкүлү.

Милициянын маалыматына ылайык, 25-сентябрда милицияга "103" кызматынан базардын аймагынан ооруканага ок тийген жаракат менен эркек киши жеткирилгендиги тууралуу кабар түшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүнү аныктап, кармашкан.

Ал 2002-жылы туулган С. Д. экендиги белгилүү болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган жаран мылтыкты 2026-жылдын июнь айында куралы тактала элек үлгүдө сатып алганын айткан.

25-сентябрда ал «Чекиш-Ата» базарындагы соода түйүндөрүнүн биринде болуп, терезеден эки жолу ок чыгарган. Шектүү куралды милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары аныкталууда.

Буга чейин жабырлануучу базардын жанынан өтүп бара жатканда белгисиз тараптан ок тийгенин айткан видео тараган. Ок анын бутуна тийген. Башында бул факт Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн.