Президенттик жарышка Жапаровдон башка дагы кимдер чыгат?

Жапаров, 2021-жыл

Сүрөттүн булагы, Владимир Воронин / AP

    • Author, Элеонора Куленбекова
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 5 мүнөт

Кыргызстанда президенттик шайлоонун күнү белгилүү болду. Жогорку Кеңеш 24-сентябрдагы жыйынында шайлоону 2027-жылдын 27-январында өткөрүү тууралуу токтомду кабыл алды. Аны 86 депутат колдоду.

Муну менен президенттик шайлоого расмий старт берилди.

Бирок шайлоонун күнү белгилүү болгону менен, анын башкы суроосу азырынча жоопсуз: Президент Садыр Жапаровдон башка шайлоого дагы кимдер катышат?

Азырынча шайлоого барарын ачык билдирген жалгыз киши - Садыр Жапаров өзү гана.

Ал быйыл 13-августта журналист Али Токтакуновдун "Президенттик шайлоого барасызбы?" деген суроосуна: "Барам мен жана башында эле айтпадымбы. Дагы бир мөөнөткө барышым керек болуп калды", - деп жооп берген эле.

Шайлоо датасы расмий бекитилгенге чейин Жапаровдон башка жарышка түшөрүн ачык жар салган саясатчы болгон жок.

Мурдагы бир катар шайлоо өнөктүктөрүндө жарышка түшчү башкы талапкерлердин ысымдары коомчулукта алдын ала эле айтылып келгени белгилүү.

Мадумаров, сот иши жана шайлоо

Жапаровдун мурдагы атаандаштарынын бири - "Бүтүн Кыргызстандын" лидери Адахан Мадумаров.

Ал 2021-жылдагы президенттик шайлоодо Жапаровдон кийинки экинчи орунду ээлеп, 6,79% добуш алган эле. Бирок ал азыр президенттик жарышка катыша албай турган саясатчылардын катарында.

2024-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протоколго кол койгон иш боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу ага жаза чегерилген эмес. Кийинки инстанцияларда соттун өкүмү күчүндө калган.

Ошентип, буга чейинки Кыргызстандагы шайлоолорго катышып келе жаткан Мадумаровдун азыркы шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү да чектелүү болуп турат.

"Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын соңку редакциясына ылайык, соттолгон, же соттуулугу жоюлган, же өздөрүнө карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган адамдар президенттикке талапкер боло албайт.

Мадумаров

Сүрөттүн булагы, Akipress

Мадумаров 2011-жылдагы, 2017-жылдагы президенттик шайлоолорго да катышканы белгилүү.

Бабанов да жарышка чыкпайт

Жапаровго атаандаш болушу мүмкүн деп коомчулукта аты аталган дагы эки саясатчы - мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы спикер Акматбек Келдибеков жарышка чыкпай тургандыктарын билдиришти. Бабанов 1-сентябрда 2027-жылкы президенттик шайлоого талапкерлигин койбой турганын билдирди. Ал саясий карьерасын жыйынтыктаганын жана азыр ишкерлик менен гана алектенип жатканын айтты.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Ал шайлоодо 33 пайыздан ашык добуш алып, экинчи орунду ээлеген.

Келдибеков дагы быйыл май айында президенттик шайлоого катышпай турганын жарыялаган.

Ташиев да шайлоого бара албайт

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров бүгүн Жогорку Кеңеште УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев шайлоого катыша алабы же жокпу деген суроолорго дагы бир жолу чекит койду. Анын айтымында, "75 кишинин каты" деп аталган кылмыш ишинин фигуранттары 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого катыша алышпайт.

Камчыбек Ташиев - президенттин досу, узактан бери саясаттагы үзөңгүлөшү жана мурдагы тандемдеши катары белгилүү. Ал быйыл февралга дейре өлкөдөгү президенттен кийинки эле эң таасирдүү адам болуп келген.

"75чилердин каты" деп аталган иш боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук соту июлда Ташиевди жана дагы жети адамды "бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан эле. Бирок аларга пробациялык көзөмөл дайындалып, эркиндикте калтырылды.

Сентябрда Бишкек шаардык соту ишти кайра карап, беренени өзгөрттү. "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси "шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине алмаштырылып, төрт жылдык жаза эки жылдык пробация менен чектелди.

Генерал өзү 16-июлда эле президенттик шайлоого катышпай турганын жана Жапаровду колдой турганын билдирген. Ал Жапаровду колдой турганын кызматта турган кезде да бир канча жолу айткан.

Суваналиев шайлоого аттанабы?

Кантсе да шайлоого барууну ойлонуп жатканын айткан саясатчылар да жок эмес. Мурдагы ички иштер министри, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын мурдагы орун басары жана мурдагы губернатор Өмүрбек Суваналиев шайлоого баруу ниети бар экенин "Азаттыкка" айтты. Ал көп жылдар боюнча саясатта жүргөн адам катары шайлоодо учурдагы президентке атаандаш болчу талапкер чыгышы керектигин, оппозициячыл күчтөрдүн башын бириктирүүгө аракет кыларын белгиледи.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы, буга чейинки шайлоолорго катышкан Клара Сооронкулова Би-Би-Сиге соңку комментарийлеринин биринде президенттикке талапкер болуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын айткан. Ал саясий позициясын ачык билдирүү кандай кесепет алып келиши мүмкүн деген кооптонуу бар экенин да билдирген.

"Бара бергиле, демократиялык маанайда өтөт" дегени менен, кийинки кесепети кандай болот?"- деп суроо салган Сооронкулова.

Жапаров: "Баарына жол ачык"

Ошол эле Садыр Жапаров атаандаштарына келе жаткан президенттик шайлоодо жол ачык экенин айтууда.

Маек учурунда журналист Али Токтакунов андан "эң келишкис атаандашыңыздын да шайлоого катышышына жол берилеби?" деп сураганда, президент: "Баарына жол ачык. Ким барам десе, бара берсин. Орусча айтканда, флаг в руки..."- деген жообун берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров да шайлоодо талапкерлер көп болуп, күчтүү саясатчылар катышкан атаандаштык болушун каалай турганын айтты.

"Менин кааларым: талапкерлер көп болсун. Күчтүү саясатчылар катышса, реалдуу түрдө атаандаштык болсун дейм", - деди БШК төрагасы Би-Би-Сиге берген интервьюсунда.

Бир миллион сомдук күрөө акы

Президенттик жарышка чыгуу үчүн каалоо эле жетиштүү эмес.

Мыйзам боюнча талапкер 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана Кыргызстанда жалпысынан кеминде 15 жыл жашаган жаран болушу керек. Мындан тышкары, ал кеминде 30 миң шайлоочунун колун топтошу зарыл.

Ошондой эле талапкер бир миллион сомдук шайлоо взносун да төлөйт. Бул акча кайра кайтарылбайт. БШК төрагасынын айтымында, мындай взнос талапкердин жоопкерчилигин жогорулатат деген ишеним бар.

Мурда талапкердин акчасы күрөө деп аталчу жана ал кайтарылчу. Бир миллион сом кайтарылат эле.

"Взнос кандайдыр бир деңгээлде талапкерлердин жоопкерчилигин жогорулатат деген ишеним бар. Депутат болобу, президент болобу, мамлекетти башкарууга бара турган адамдар буга жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек. "Катышып турам, каалаган учурда пиар кылып туруп, кайра акчамды алып чыгып кетем" деген болбошу керек". -дейт Шайназаров.

2021-жыл: Жапаровдун атаандаштары

2027-жылкы президенттик шайлоону 2021-жылдагы шайлоо менен салыштырып көрөлү. Мындан беш жыл мурда өткөн шайлоодо Садыр Жапаров менен кошо 17 талапкер президенттикке ат салышкан.

2021-жылдагы президенттик шайлоодо Жапаров 79,20% добуш алган. Адахан Мадумаров 6,79% добуш менен экинчи, Бабыржан Төлбаев 2,36 % менен маарага үчүнчү келгени маалым.

Алардын арасында Адахан Мадумаров, Бабыржан Төлбаев, Мыктыбек Арстанбек, Абдил Сегизбаев, Имамидин Ташов, Клара Сооронкулова, Аймен Касенов, Улукбек Кочкоров, Канатбек Исаев, Бактыбек Калмаматов, Курсан Асанов, Элдар Абакиров, Равшан Жээнбеков, Каныбек Иманалиев, Жеңишбек Байгуттиев жана Арстанбек Абдылдаев болгон.

Бул тизмедегилерден Клара Сооронкулова "Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталып, бирок 2024-жылдын 14-июнунда Биринчи Май райондук соту тарабынан акталды.

Мындан тышкары Имамидин Ташов азыр абакта. Ага бийликти күч менен басып алууга байланыштуу айып тагылып, 2026-жылы шаардык сот анын жазасын сегиз жыл деп бекитти.

Курсан Асанов "75 кишинин каты" иши боюнча төрт жылга соттолуп, пробация менен эркиндикте.

Равшан Жээнбеков да "Кой-Таш иши" боюнча соттолуп, 2025-жылы Биринчи Май райондук соту аны 7 жыл 8 айга эркинен ажыраткан.

Арстанбек Абдылдаев 2023-жылдын декабрында диний кастыкты козутууга чакырык жасаган деген шек менен кармалган. Бирок сот өкүмү чыга электе, 2024-жылдын 5-январында №31 түзөтүү мекемесинде каза болгон.

Абдил Сегизбаев "Белизгейт" иши боюнча соттолгон. 2022-жылы Биринчи Май райондук соту аны күнөөлүү деп таап, 4 млн сом айып пул салган.

Ошентип, ошол талапкерлердин айрымдарынын тагдыры кийинки жылдары бир топ өзгөрдү. Бирок бул алардын Садыр Жапаровго президенттик шайлоодо атаандаш болгону менен түздөн-түз байланыштуу дегенди билдирбейт.

Бекназаров

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кыргыз оппозициясынын бульдозеру" Азимбек Бекназаров шайлоодо президент Садыр Жапаровду колдорун билдирди

Анткен менен кыргыз саясатындагы ветерандардын бири - президенттин саясатын сындап, "Кемпир-Абад ишинде" айыпталуучу катары өткөн, "кыргыз оппозициясынын бульдозеру" атыккан Азимбек Бекназаров бул шайлоодо деле көп талапкер чыгат деген ойдо. Ал өзү Садыр Жапаровго колдоо көрсөтүп жатканын Айбек Теңизбайдын соңку подкастында билдирди.

"Ондогон талапкерлер чыгат деп атпайынбы, ошонун ичинен эң реалдуу, шансы бар бул - Садыр Нургожоевич. Мен мисалы, Садыр Нургожоевичтин барганын колдойм. Президенттин кылып жаткан ишине оң баа берем", - деди.

БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаровдун айтымында, шайлоого катышууну каалагандар 25-сентябрдан тарта талапкерлигин көрсөтө алышат.