Исломжон Саидов – тажик ислам оппозициясынын жаңы лидери

Сүрөттүн булагы, IRT
19-сентябрда "Тажикстандын ислам кайра жаралуу" (ТИКЖ) уюму жаңы лидерин – дээрлик 20 жылдан бери сүргүндө жүргөн Исломжон Саидовду шайлады. Бул – оппозициялык кыймылдын жетекчилигиндеги эң олуттуу өзгөрүү.
Добуш берүү Литванын Вильнюс шаарында өтүп, анда делегаттар 48 жаштагы Исломжон Саидовду мурда Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясы (ТИКЖП) деп аталган кыймылдын төрагасы кылып шайлашты.
Саидов уюмду 2006-жылдан бери жетектеп келген Мухиддин Кабиринин ордуна келди. Кызматты узак мөөнөттөн бери ээлегенин уюмдун айрым мүчөлөрү кескин сындагандыктан Кабири бул жолу өз талапкерлигин койгон жок.
IRT'нын маалыматына караганда, Абубакр Нури менен Абдулкодир Шейховду артта калтырып, Саидов добуштардын 64% алган. Кыймыл өзүнүн Жогорку Кеңешинин 25 мүчөсүнүн бардыгы шайлоого катышканын, 20сы жеке, бирөө кол коюлган кат аркылуу, төртөө онлайн добуш бергенин билдирди. Натыйжада "шайлоого добуш берүүчүнүн 100 пайызы катышты".
Негизги фактылар
Саидовду оппозициялык чөйрөнүн тышында көп адам билбесе да, ал бир нече жылдардан бери бул кыймылдын ишине жигердүү катышып келет.
Ал 1978-жылы 3-январда Тажикстандын борбордук бөлүгүндөгү Нурабад районунун Пандовчи айылында төрөлүп, 2009-жылы Ирандын Захедан шаарында жогорку ислам окуу жайын аяктаган. Ал исламдагы мурас укугу, хадистер жана Куранды чечмелөө жаатындагы адис болуп саналат.
Ал ТИКЖ партиясына 2009-жылы анын диний жана билим берүү түзүмдөрү аркылуу кошулуп, кийинчерээк партиянын Уламалар кеңешинин курамына кирген.
Саидов 2015-жылы Тажикстандан чыгып кеткенден бери Польшада жашайт, ал жерде ТИКЖПнын да, "Тажикстандын улуттук альянсы" оппозициялык коалициясынын (ТУА) да өкүлү болуп жүрөт. Мындан тышкары, ал 2025-жылдын май айынан бери партиянын төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп келатат.
"Биз эми багытыбызды өзгөртөбүз"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Шайлоодон кийинки алгачкы сөздөрүндө Саидов артыкчылыктар өзгөрөрүн билдирип, кыймыл буга чейинкидей эл аралык үгүткө эмес, Тажикстандын ичиндеги калк менен иштөөгө көңүл бурушу керектигин айтты.
"ТИКЖП сүргүндө жасашы керек болгонду ушул кырдаалда жасады. Эми мекен жана мекенде жашаган адамдар гана калды. Күрөштүн багытын мекенге жана эл менен диалогго багытташыбыз керек", - деди ал "Озоди" радиосунун эфиринде.
Саидов ошондой эле уюм мындан ары өзүн биринчи кезекте саясий партия катары көрсөтпөй турганын баса белгиледи.
"Уюмдун аталышынан "партия" деген сөз алынып салынгандан кийин ал ислам баалуулуктарынын жана улуттук кызыкчылыктардын негизинде өнүккөн коомдук, маданий, интеллектуалдык жана агартуучулук кыймылга айланды", - деди ал.
Тажик бийлиги менен мамилелерге келсек, Саидов кыймыл мурдагыдай эле диалогго ачык экенин билдирди.
"Биз диалог тууралуу маселени эч качан четке каккан эмеспиз жана ал ар дайым биздин кыймылдын программасынын бир бөлүгү болуп келген", - деген Саидов ошол эле учурда өкмөт конструктивдүү сүйлөшүүлөргө умтуларына ишенбей турганын билдирди.
Башкалар эмне дешүүдө?
Жетекчиликтин алмашуусу оппозициянын тарапкерлеринин жана байкоочулардын арасында ар кандай реакцияларды жаратты.
Кыймылдын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Махмуджон Файзрахманов "Фейсбукта" Саидовду "билимдүү жана жигердүү" адам жана "чечкиндүү аракеттери жана күчтүү эрки менен айырмаланган, кыраакы ишмер" катары мүнөздөдү.
Уюмдун айрым мүчөлөрү бул шайлоону уюмдун олуттуу жаңылануусу катары кубатташканы менен, социалдык тармактардагы айрым сынчылар бул өзгөрүүлөр негизинен символикалык мүнөздө болушу мүмкүн деп болжолдоп жатышат.
Оппозициянын мурдагы лидери Саид Абдулло Нуринин үй-бүлөсү менен байланышы бар "Нури" фонду бул өзгөрүүлөрдү колдоп, Кабиринин кызматтан кетишин жана Саидовдун шайланышын "эң жакшы чечим" деп баалап, "ТИКЖнын жетекчилигин алмаштырууга убакыт келгенин" билдирди.
Байкоочулар бул шайлоону сүргүндө жүргөн оппозициялык кыймылды кайра уюштуруу боюнча кеңири күч-аракеттердин бир бөлүгү катары карашууда.
2026-жылдын май айында уюм өзүнүн аталышынан "партия" деген сөздү алып салып, тыюу салынган ТИКЖ партиясынан алыстаган. Кийинчерээк ал жаңы уставды жана символикаларды кабыл алып, өзүн "социалдык, маданий, интеллектуалдык жана билим берүү кыймылы" катары тааныта баштады.
Лондондук журналист Эсфандиар Адинех Саидовдун шайланышын кыймылдын ичиндеги реформалардын бир бөлүгү катары мүнөздөдү. "ТИКЖнын жаңы лидеринин шайланышы акыркы айларда партиянын уставындагы жана иштөө ыкмаларындагы реформалардын уландысы окшойт", - деди Адинех.
Саясий серепчи Брюс Паньер кыймыл түз саясий тирешүүдөн алыстап, диний, маданий жана социалдык маселелерге көбүрөөк көңүл бурууга умтулушу мүмкүн деген пикирин билдирди.
Тажикстандын улуттук альянсынын (ТУА) – сүргүндө жүргөн үч оппозициялык топтон ("Эркин ойлуу тажиктердин форуму", ТИКЖ жана "Борбор азиялык мигранттардын форуму") түзүлгөн коалициянын төрагасынын орун басары Салим Султонзода бул үч уюмдун иштөө ыкмаларындагы өзгөрүүлөрдү, ошондой эле Кабиринин коалициянын лидери катары келечектеги ролун жарыялады. ТИКЖ өзүнүн ишмердигин идеологияга жана маданиятка багыттайт. Мындан ары саясий күн тартибин Тажикстандын улуттук альянсы көзөмөлдөйт. Башкача айтканда, ТИКЖ өзүнүн саясий ыйгарым укуктарын ТУАга өткөрүп берди", - деди Султонзода "Замане" радиосуна берген маегинде.
Реформалар 2025-жылдын этегинде жана 2026-жылдын башында уюмдун бир нече мүчөсү жетекчиликтин "натыйжасыз" саясатына нааразы болуп чыгып кеткенден кийин башталган.
1989-жылы негизделген ТИКЖ партиясы тажик оппозициясынын негизги күчтөрүнүн бири болуп, 1997-жылы жарандык согушка чекит койгон тынчтык процессинде негизги ролду ойногон. 2015-жылы Тажикстандын Жогорку соту партиянын ишине тыюу салып, аны "террордук жана экстремисттик" деп тааныган, натыйжада анын лидерлери чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. ТИКЖП башкаруучу партиянын жалгыз күчтүү атаандашы катары эсептелип, Тажикстанда популярдуулугу боюнча экинчи партия катары белгилүү болчу. Бийлик партияны "мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган" деп айыптаган, партиянын мүчөлөрү болсо бул айыптарды "негизсиз" деп четке кагып келишет.
Анын мурдагы лидери Мухиддин Кабири уюмдун бир катар жигердүү мүчөлөрү менен бирге 2015-жылдан бери Европада сүргүндө жүрөт, ал эми уюмдун көптөгөн тарапкерлери Тажикстанда абактарда отурушат.
ТИКЖ партиясы буга чейин үч парламенттик шайлоонун ар биринде экиден мандатка ээ болуп келсе, 2015-жылдагы шайлоодо биринчи жолу парламентте бир да орун ала алган жок. Партия 2010-жылдагы шайлоодо 60 пайыздан ашык добуш алганын, мына ушундан кийин көйгөйлөр жаралып, көп өтпөй ага тыюу салынганын ырастап келет. (ZMa)





























