Чүйдө аялын өлтүрүүгө шектелген киши камакка алынды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Чүй облусунун Жайыл районунда аялын өлтүрүүгө шектелген киши кармалды. Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, 2026-жылдын 23-сентябрында Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын Октябрьская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аял кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
"Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, болжол менен 30 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Маркумдун өздүгү такталып, 1992-жылы туулган жергиликтүү тургун экендиги аныкталган. Алдын ала кароо учурунда маркумдун денесинен бир катар жаракаттар аныкталган. Окуя болгон жерден тиешелүү далил буюмдар алынган", -деп айтылат билдирүүдө.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары маркумдун жолдошу, 38 жаштагы З.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сот анын баш коргоо чарасын карап, камакка алды.
Би-Би-Синин өз булактарынын маалыматына караганда, келиндин артында эки баласы калды.
Ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 18862 учур катталган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 32,1% көп.
Бул аралыкта "Киши өлтүрүү" беренеси менен 26, "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен 3 кылмыш иш козголгон.


























