"Чагымчыл аракеттер болушу мүмкүн". Бишкекте таштанды полигонун ким өрттөдү?

"Бишкек санитардык полигонунда" чыккан өрт. 28-сентябрь, 2026-жыл
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Бишкек санитардык полигонунда" чыккан өрт. 28-сентябрь, 2026-жыл
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бишкектин четиндеги мурдагы таштанды полигонунун рекультивацияланып, жашылдандырылган аймагында түн ичинде өрт чыкты.

Шаар мэриясынын маалыматына караганда, белгисиз адамдар "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын аймагына дөңгөлөктөрдү алып келип, бир нече жерден өрт коюшкан.

28-сентябрь күнү кечки 20.30 чамасында башталган өрт түнкү саат экиге чукул толук өчүрүлгөн.

Мэрия бул окуя боюнча укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүп жатканын билдирди.

Бул арада президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков бул окуянын артында чагымчыл аракет бар болушу мүмкүн экенин билдирди.

"Бул атайын жасалган диверсиябы? "Полигондогу өрттү өчүрүп, үстүн топурак менен жаптык дедиңер эле, мына кайра эле күйүп жатат" деген көрүнүштү атайын жаратып, коомчулукта күмөн саноо пайда кылуу аракетиби? Ансыз да, социалдык тармактарда так ушундай суроо коюп видео бөлүшкөндөр дароо чыкты. Ошондуктан, коомчулукка кайрылабыз, мамлекеттин жана коомдун мүлкүнө зыян келтире турган чагымчыл аракеттерден алыс болууга чакырабыз. Алдыда өлкө үчүн маанилүү саясий процесстер турат. Президенттик шайлоо жакындады. Мындай мезгилде ар кандай чагымчыл аракеттер болушу мүмкүн экенин да эске алуу зарыл. Бул факты боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин баштады. Тергөөнүн жыйынтыгы менен өрттү уюштурууга тиешеси бар адамдар жана алардын максаты тууралуу маалыматтар берилет", - деп жазган ал Фейсбуктагы баракчасына.

Бишкектеги таштанды полигонундагы өрт көп жылдар бою шаардагы негизги экологиялык көйгөйлөрдүн бири болуп келген. Полигондо чыккан өрттөн улам шаарды түтүн каптаган учурлар болгон.

Бийлик акыркы жылдары полигондогу өрттү толук өчүрүп, анын үстүн топурак менен жаап, аймакты рекультивациялап, бак-дарактарды отургузганын билдирген.

Бишкек мэриясынын маалыматында, борбордо бир күндө 1,2 миң тоннага чейин таштанды чыгарылат. 20дай таштанды полигону бар.