"75чилердин каты": Башкы прокуратура Ташиевдин адвокатынын арызын карап баштады

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун судьялардын чечимине байланыштуу кайрылуусун каттоого алып, аны кароону баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Мыйзам боюнча мекеме 14 жумушчу күндүн ичинде жообун бериши керек.
Буга чейин Айткулов "75чилердин катына" байланышкан кылмыш иши боюнча Бишкек шаардык сотунун судьяларынын аракеттерин текшерүүнү өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылган.
Адвокат арызында Камчыбек Ташиев жана дагы жети адам буга чейин аларга айып коюлбаган берене - "шайлоо укуктарын ишке ашырууга тоскоолдук кылуу" боюнча күнөөлүү деп табылганын белгилеген.
Айткуловдун пикиринде, айыпталуучуларга жаңы айып боюнча өздөрүн коргоого мүмкүнчүлүк берилген эмес.
Адвокат Башкы прокуратурадан апелляциялык соттун чечимине байланыштуу жагдайларды текшерүүнү, соттук отурумдардын аудио жана видео жазмаларын, протоколдорун, биринчи жана апелляциялык инстанциялардын соттук актыларын изилдөөнү сураган.
Ошондой эле ал соттук коллегиянын аракеттеринде атайылап мыйзамсыз соттук акт чыгаруу жана адвокаттардын мыйзамдуу кесиптик ишмердигине тоскоолдук кылуу белгилери бар-жогун аныктоону өтүнгөн.
10-сентябрда Бишкек шаардык сотунун судья Адис Момуналиев төрагалык кылган коллегиясы "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон кылмыш иши боюнча айыпталган сегиз кишини төрт жылдан эркинен ажыратып, эки жылдык пробация колдонгон.
Соттук коллегия "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу" беренесин "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине алмаштыруу менен өкүм чыгарган. Сегиз кишиге "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренеси боюнча өкүм чыгышы коомдо талкуу жараткан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бишкек шаардык соту бул иш боюнча апелляциялык арыздарды 10-августта карай баштаган. Буга чейин, 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту сегиз айыпталуучуну "Бийликти күч менен басып алууга" байланыштуу берене боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан. Сот алардын ар бирине мүлкүн конфискациялоо жазасын да белгилеген.
Бирок сот үч жылдык пробациялык көзөмөл колдонуп, аларды камакка алган эмес. Ошондой эле айыпталуучулар "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча акталган.
Соттолгон сегиз адам райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берген. Башкы прокуратура да өкүмгө байланыштуу апелляциялык арыз менен кайрылган.
2026-жылдын 9-февралында мурдагы премьер-министрлер, депутаттар, саясатчылар жана коомдук ишмерлерди камтыган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жолдоп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан.
Андан соң кайрылууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, сегиз адамга "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган.
Ички иштер министрлиги алардын аракеттери өлкөдө туруксуздук жаратууга багытталган деп билдирген.
Ушундан кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынган.
"75чилердин каты" иши боюнча сегиз киши айыпталган. Алар: мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутаттар Курманбек Дыйканбаев жана Аалы Карашев.
Айыпталуучулар өздөрүнө коюлган кинелерди четке кагып, күнөөсүз экенин билдирип келишет.
































