БРИКС саммити: Путин, Си Цзиньпин жана Моди жаңы дүйнөлүк тартипке чакырышты, бирок анын кандай болушу керектигин айтышкан жок

Солдон оңго: Орусиянын президенти Владимир Путин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин БРИКС саммитинде сүрөткө түшүүдө.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Солдон оңго: Орусиянын президенти Владимир Путин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин БРИКС саммитинде сүрөткө түшүүдө.
Published
Окуу убактысы: 6 мүнөт

Индияда өткөн БРИКС саммитинин катышуучулары Батыш өлкөлөрү үстөмдүк кылбаган жаңы дүйнөлүк тартипти түзүүгө умтулуп жатканын билдиришти. Бирок Владимир Путиндин Орусиясы, Си Цзиньпиндин Кытайы жана Нарендра Модинин Индиясы сыяктуу уюмга мүчө өлкөлөрдүн кызыкчылыктары ар башка, ошондой эле Батыштагы эң ири мамлекет - АКШ менен мамилелери да айырмаланат. Алар кандай дүйнөлүк тартипти курууну каалашарын сүйлөшүп, орток пикирге келе алыштыбы?

Индиянын премьер-министри мындан ары анын жанында отурган лидерлер башка бирөөлөр белгилеген эрежелерге баш ийгендер эмес, ошол эрежелерди өздөрү түзгөндөрдүн ролунда көбүрөөк болушу керектигин айтты.

Жыйынга БРИКС өлкөлөрүнүн лидерлери - Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Орусиянын президенти Владимир Путин, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы шейх Халед бин Мухаммед бин Заид Аль Нахайян жана Түштүк Африка Республикасынын президенти Сирил Рамафоса катышты.

Европада коопсуздукка негизги коркунучтардын бири катары бааланган Орусия БРИКСте өзүн АКШ жетектеген Перс булуңундагы согуштан улам жеткирүүлөр үзгүлтүккө учурап калат деп кооптонгон өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө мунай, жер семирткич жана металл жеткире ала турган өнөктөш катары көрсөтүп келет.

Бул саммит Путин үчүн Орусия 2022-жылы Украинага толук масштабдуу кол салгандан кийин Орусиянын аймагынан тышкары өткөн жана ал өзү жеке катышкан алгачкы БРИКС жыйыны болду.

Кремлде бул саммитти Орусиянын Украинадагы согуштан улам эл аралык обочолонууда эместигинин дагы бир далили катары баалашы мүмкүн. Мындан тышкары, БРИКСтин ири мамлекеттери Орусиянын агрессиясына түз же кыйыр түрдө жардам берип жатышат: Кытай Москвага кош багыттагы ар кандай товарларды жеткирүүнү улантууда, Иран ага учкучсуз аппараттар боюнча технологияларды берүүдө, ал эми Индия орус мунайынын негизги сатып алуучуларынын бири бойдон калууда.

Бирок бул өлкөлөрдүн баарын табигый союздаштар деп атоо кыйын. Алардын мамилелеринин тарыхында аймактык талаштар, атүгүл куралдуу кагылышуулар да болгон.

2020-жылы Индия менен Кытайдын талаштуу чек ара тилкесиндеги жаңжалы адам өмүрүнүн кыйылышына алып келген. Иран менен Бириккен Араб Эмираттары азыркы Жакынкы Чыгыштагы согушта карама-каршы тараптарда болуп калды: Тегеран БРИКС боюнча өнөктөшүнө ракеталык соккуларды уруп, учкучсуз аппараттар менен чабуул жасаган. Ал эми жаңжалдын кесепеттери дүйнөлүк экономиканын бардык аймактарында сезилди.

ва

Сүрөттүн булагы, Reuters

Трамп баарына каршы: Батыштагы талаштар жана Чыгыштагы достук

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жыйындын жүрүшүндө, Financial Times жазгандай, Орусиянын президенти дүйнөлүк таасир борборун Түштүккө жана Чыгышка жылдыруу менен жаңы дүйнөлүк тартипти калыптандыруу чакырыктарын колдоду.

Ал ошондой эле "өзгөрүп жаткан чындык менен келишкиси келбеген жана өсүп келе жаткан атаандаштарын бардык мүмкүн болгон жолдор менен ооздуктоого аракет кылгандарды" сынга алды.

Си Цзиньпин болсо, өз кезегинде, Кытайдын мамлекеттик "Синьхуа" агенттигинин маалыматына ылайык, "жалпы гүлдөп-өнүгүүгө жол ачууга" тийиш болгон жасалма интеллект жаатындагы жаңы демилгелерди сунуштады.

Бул демилге Бээжиндин өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө өзүнүн жасалма интеллект моделдерин жигердүү жайылтууга умтулган кеңири стратегиясына туура келет.

Би-Би-Синин аймактык кабарчысы жазгандай, Индиянын ушунчалык ар түрдүү өлкөлөрдүн лидерлерин бир үстөлгө чогулта алганынын өзү эле олуттуу дипломатиялык жетишкендик жана анын таасиринин өсүп баратканынын белгиси катары каралышы мүмкүн.

Financial Times басылмасынын пикиринде, саммитке катышкандардын Си Цзиньпин, Нарендра Моди жана Владимир Путин кеңири жылмайып, кол кармашып түшкөн жалпы сүрөтү өзгөчө символикалык мааниге ээ.

Бул көрүнүш Батыштагы кырдаал менен кескин айырмаланды: ал жакта Трамп обочолонуп калган, ал эми Европа мамлекеттик карыздын өсүшүнөн тартып миграция маселесиндеги талаштарга чейинки ички көйгөйлөргө аралашып калган.

Бирок лидерлерди бир жерге чогултуу жаңы дүйнөлүк тартиптин так кандай болушу керектиги боюнча макулдашууга, андан да маанилүүсү, конкреттүү практикалык жыйынтыктарга жетишүүгө караганда кыйла жеңил болду.

Дал ушул карама-каршылык Делидеги саммиттин негизги темаларынын бири болду.

Трамп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Батыштын таасирине каршы тең салмак

Биздин кабарчы белгилегендей, Кытай, Орусия жана Иран сыяктуу өлкөлөр үчүн БРИКС АКШ менен Батыш Европанын дүйнөлүк саясаттагы таасирин алсыратууга мүмкүндүк берген курал болуп саналат.

Бирок Индия БРИКСти ачык эле Батышка каршы блокко айлантууга умтулбайт. Саммитте Нарендра Моди уюм "эч кимге каршы багытталбаганын" өзгөчө белгиледи.

Бул Дели үчүн принципиалдуу мааниге ээ. Индия өз ара тирешип турган мамлекеттер менен мамилесин сактап калууга аракет кылат.

"Бирикмеде аны Батышка каршы блокко айлантууну каалаган өлкөлөр бар, бирок БРИКС андай эмес", - деди Би-Би-Сиге тажрыйбалуу индиялык дипломат, мурдагы элчи Анил Тригунаят.

Анын пикиринде, Индия башка максатка жетише алды - "согуштар доорундагы стратегиялык автономия" идеясын алдыга жылдыруу менен бирге БРИКСтин мүчөлөрүнүн ортосундагы тыгыз кызматташтык үчүн механизмдерди түзүү.

Биргелешкен декларация: Ирандагы согуш жөнүндө, Украинадагы согушсуз

Саммит биргелешкен декларацияны кабыл алуу менен аяктады. БРИКСтин мүчөлөрүнүн ортосундагы пикир келишпестиктер өзгөчө ачык көрүнүп турган учурда мунун өзү эле маанилүү жетишкендик болду.

Быйыл жыл башынан бери бирикмеге мүчө өлкөлөрдүн министрлеринин эки жолугушуусу биргелешкен билдирүү кабыл алынбастан аяктаган. Бул жолу компромисске жетишүүгө мүмкүн болду. Бирок буга көбүнчө катышуучулар эң талаштуу маселелерди конкреттүү чечимдерди сунуштабай эле кыйгап өткөнү себеп болду.

"Дели декларациясы" саммиттин биринчи күнүндө кабыл алынды. Бирок документке эмнелер киргизилгени гана эмес, кайсы маселелер жөнүндө унчукпай коюу чечими кабыл алынганы да көңүл бурууга арзыйт.

Жакынкы Чыгыштагы согуш тууралуу сөз кылып, БРИКСтин катышуучулары тараптарды "бардык мүмкүн болгон деңгээлде сабырдуулук көрсөтүүгө" чакырышты. Декларацияда ошондой эле "жарандык инфраструктурага жана тынчтык максатындагы өзөктүк объектилерге жасалган чабуулдар" айыпталат, бирок алар үчүн жоопкерчилик тараптардын эч бирине жүктөлгөн эмес.

БРИКС Палестина-Израил жаңжалын эки мамлекет принцибинин негизинде жөнгө салууну кайрадан колдой турганын ырастап, палестиналыктарды күч менен көчүрүүгө жана "оккупацияны мыйзамдаштырууга же узартууга" алып келиши мүмкүн болгон аракеттерге каршы чыкты. Ошол эле учурда колдонулган сөздөр буга чейин кабыл алынган БУУнун резолюцияларына кылдат негизделген.

Орусиянын Украинага каршы согушу декларацияда такыр эле айтылган жок. Бул БРИКСтин буга чейинки жыйынтыктоочу документтеринен айырмаланат, анда саммиттин катышуучулары жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырышкан.

Соода маселелеринде да ушундай эле этият формулировкалар тандалды. Документте "тарифтерди тандалма эмес түрдө жогорулатууга" байланыштуу тынчсыздануу билдирилген. Ошондой эле бир тараптуу санкциялар айыпталган, бирок АКШ түздөн-түз аталган эмес. Балким, бул Вашингтондун кошумча нааразычылыгын жаратпоого мүмкүндүк берет.

БРИКСтин көптөгөн катышуучулары президент Дональд Трамптын каарына кабылгысы келбегени көрүнүп турат. Ал буга чейин блоктун айрым демилгелерин, анын ичинде борбордук банктардын санариптик валюталарын чек ара аралык эсептешүүлөр үчүн мүмкүн болгон бириктирүү идеясын "Америкага каршы" деп атаган.

International Crisis Group уюмунун улук аналитиги Правин Донти: "Жакынкы Чыгыштагы жаңжал айыпталган учурда да бир да өлкөнүн түздөн-түз аталбаганы Индиянын мамилесинен улам", - деп эсептейт.

Ошол эле учурда аны соода, бажы төлөмдөрүнө байланыштуу салыштырмалуу катаал формулировка таң калтырган.

"Тарифтердин ушунчалык так айтылганына таң калдым, анткени Индия мындан этият мамилени тандашы мүмкүн эле. Бирок, балким, бул ага өзүнүн нааразычылыгын билдирүүгө мүмкүнчүлүк бергендир", - деди эксперт.

Адаттан тыш сүйлөшүүлөр

Дональд Трамптын жаңы соода чектөөлөрүн киргизүү коркутууларынан жана Жакынкы Чыгыштагы согуштан улам болгон солкулдоолордон кийин дүйнөдөгү азыркы тартипти өзгөртүү БРИКСтин көптөгөн экономикалары үчүн саясий идеядан турмуштук зарылдыкка айланып баратат.

Ошол эле учурда саммиттин эң көрүнүктүү жыйынтыктарынын бири бир нече ай мурда элестетүү да кыйын болгон жолугушуулар болду.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы сүйлөшүү өткөрүштү. Бул согуш башталгандан бери Иран менен БАЭ өкүлдөрүнүн ортосундагы эң жогорку деңгээлдеги жолугушуу болду.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан (оңдо) жана Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы шейх Халед бин Мухаммед бин Заид Аль Нахайян БРИКС саммитинин алкагында сүйлөшүү өткөрүштү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан (оңдо) жана Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы шейх Халед бин Мухаммед бин Заид Аль Нахайян БРИКС саммитинин алкагында сүйлөшүү өткөрүштү.

Тегеран үчүн саммит АКШ менен Израилдин аскердик соккуларынын жана күчөп бараткан экономикалык басымдын шартында Иран эл аралык обочолонууга кабылбаганын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.

АКШнын санкцияларына, Вашингтон жүргүзүп жаткан "Экономикалык четтетилген өлкө" (Operation Economic Outcast) операциясына жана Иран портторунун деңиз блокадасына каршы турууга аракет кылып, Пезешкиан БРИКС өлкөлөрү, анын ичинде Малайзия, Индия жана Эфиопия менен экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө чакырды.

Саммит Кытай үчүн да өзгөчө мааниге ээ болду: Си Цзиньпин Делиге жети жылдан кийин биринчи жолу келди.

2020-жылдагы чек арадагы кагылышуудан кийин Индия менен Кытайдын мамилелери терең өз ара ишенбөөчүлүк менен татаалдашкан, бирок акыркы мезгилде чыңалуу бир аз басаңдады. Ошондой эле соодадагы олуттуу тең салмаксыздык сакталып турат: Индиянын Кытай менен соодасында чоң тартыштыгы бар.

Жолугушууда Си менен Моди жылуу маанайда кол алышты, бирок Индиянын премьер-министринин өзүнө мүнөздүү кучакташуусу болгон жок. Кытай лидери өлкөдө бир суткага жетпеген убакыт болуп, Моди ишемби күнү кечинде уюштурган салтанаттуу кечки тамакка катышкан жок.

Ошого карабастан, саммит мамилелеринин тарыхы ушунчалык татаал болгон эки өлкө үчүн маанилүү окуя болду. Расмий маалыматтарга ылайык, лидерлер ишкердик байланыштарды бекемдөөгө, транспорттук каттамдарды өнүктүрүүгө жана өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюуга макулдашышты.

Эксперт Анил Тригунаят болуп жаткан окуяларды акыркы жылдары байкала баштаган Индия менен Кытайдын мамилелеринин акырындап жылышынын бир бөлүгү деп эсептейт. Анын айтымында, кызматташууга болгон каалоо эки тарапта тең бар. Бирок бул олуттуу практикалык жыйынтыктарга алып келеби же жокпу, азырынча белгисиз.

"Мен дайыма: ишен, бирок адегенде текшер деп айтам", - деп жыйынтыктады сөзүн дипломат.

Андан ары эмне болот?

Саммит БРИКС атаандаш мамлекеттер Батыш салттуу түрдө үстөмдүк кылган институттардан тышкары диалог жүргүзүп, аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн издей ала турган мейкиндикти түзө аларын көрсөттү.

Бирок мындан кийин эмне болору тууралуу суроого жооп берүү алда канча татаал.

Бүгүн БРИКС өлкөлөрү азыркы дүйнөлүк тартипти өзгөртүү зарылдыгы боюнча мурда болуп көрбөгөндөй бир пикирге келип турганы айдан ачык.

Бирок анын ордуна так эмне келиши керектиги жана ага кандай жол менен жетүүгө болору тууралуу макулдашуу кыйла татаал болуп жатат.