Таласта төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Таласта төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Сүрөттүн булагы, Official

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Талас облусунун Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү жаңы ишкана ишке кирди. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров 12-сентябрда облуска болгон иш сапарынын алкагында катышты.

Ишкананы ишке киргизүүгө 200 миллион сом инвестиция салынган.

Завод жылына болжол менен 40 миң тонна төө буурчакты кайра иштетүүгө ылайыкталган. Бул жерде 100 жумуш орду түзүлгөн.

Ишкана заманбап жабдуулар менен камсыздалып, өндүрүлгөн продукциянын сапаты жана коопсуздугу өзүнүн лабораториясында көзөмөлдөнөт.

Президент заводдун инфраструктурасы жана даяр продукция менен таанышып, технологиялык жабдууларды ишке киргизди.

Садыр Жапаровдун айтымында, буга чейин Таласта өстүрүлгөн төө буурчактын бир бөлүгү сырьё катары сыртка чыгарылып келген.

"Таластык мээнеткеч дыйкандардын маңдай теринен жаралган түшүмдү бир топ жылдан бери жөн гана сырьё катары сыртка сатылып келе жатты эле. Эми өзүбүздө кайра иштетип, даяр продукцияга айландыруу мүмкүнчүлүгүн түзүп жатабыз", -деди президент.

Жапаров өндүрүштүн ачылышы жаңы жумуш орундарын түзүүгө, дыйкандар үчүн туруктуу рынок түзүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

Заводдун ачылышы өлкө боюнча бүгүн онлайн форматта ишке берилген 60 өнөр жай объектисинин бири болду. Алардын арасында курулуш материалдарын өндүрүү, логистика, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана энергетика тармагындагы ишканалар бар.

Президенттин маалыматына караганда, жыл соңуна чейин дагы 50гө жакын объектти ишке киргизүү пландалууда.