АКШ космоско курал жайгаштырганын биринчи ирет мойнуна алды

Ааа

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

АКШ биринчи жолу Жердин орбитасына чабуул койуучу курал жайгаштырганын мойнуна алды.

Дүйшөмбү күнү Аба, космос жана киберсогуш конференциясында сүйлөп жатып, АКШнын Аба күчтөрү министри Трой Мейнк бул курал америкалык күчтөрдү «күчөп жаткан коркунучтардан» коргоо үчүн зарыл экенин билдирди. Ал куралдын мүмкүнчүлүктөрүн тактаган жок жана аны орбитага качан чыкканын айтпады.

Буга чейин америкалык расмий өкүлдөр согуштук чатак чыккан учурда америкалык спутниктерге кол салууга жана алардын ишин бузууга багытталган орус жана кытай программаларын негиз кылып көрсөтүү менен космостогу аскердик мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү ниети тууралуу гана айтып келишкен.

Трамптын администрациясы АКШнын аймагына коркунуч туудурган ракеталарды жана башка буталарды кармоо үчүн пландаштырылган «Алтын купол» системасы космостук компонентти, анын ичинде ракета кармоочу каражаттарды да камтый турганын эске салган.

1967-жылы СССР менен АКШ космоско массалык кыргын салуучу куралды жайгаштырууга тыюу салган келишимге кол койгон (Космос мейкиндигин, анын ичинде Айды жана башка асман телолорун изилдөө жана пайдалануу боюнча мамлекеттердин ишинин принциптери жөнүндө келишим; ал башка өлкөлөрдүн кол коюшу үчүн ачык).

Бирок ал кадимки курал-жарак түрлөрүнө жайылтылбайт, жана акыркы жылдары Орусия, Кытай жана АКШ байланыш, чалгындоо жана навигация үчүн зарыл болгон душмандын спутниктерине кол салууга мүмкүндүк берген ар кандай каражаттарды өнүктүрүп келишти.

2019-жылы АКШда 70 жыл ичинде биринчи жолу куралдуу күчтөрдүн жаңы түрү - Космос күчтөрү түзүлгөн. Өткөн жылы президент Дональд Трамп Космос күчтөрүнүн коргонуу гана эмес, чабуул коюу милдеттери да бар экени тууралуу жарлыкка кол койгон.

Космос күчтөрүнүн басма сөз катчысы бул максаттар үчүн аларда "кинетикалык жана кинетикалык эмес каражаттар" бар экенин түшүндүрдү.

Февралдын башында Орусия Украинага толук масштабдуу басып киргени башталгандан бери эки орус спутниги кеминде 12 европалык аппараттын сигналдарын "жогорку ыктымалдыкта" кармап жатканы белгилүү болгон. Кармалган сигналдар орус чалгынына жеткиликтүү болушу мүмкүндүгү, гипотетикалык түрдө спутниктерди башкарып алуу коркунучу да бар болчу.

2024-жылы АКШ Орусия башка спутниктерге кол салууга жөндөмдүү болушу мүмкүн болгон спутникти учурганын билдирген. Орусия буга комментарий берген эмес.

АКШнын Космос күчтөрү белгилегендей, Кытай "аскердик модернизациялоо стратегиясынын алкагында космостук жана космоско каршы мүмкүнчүлүктөрдү иштеп чыгууда жана колдонууда", ал эми Орусия "космосту согуш жүргүзүү чөйрөлөрүнүн бири катары карайт жана космосто үстөмдүк кылууну келечектеги кагылышуулардагы чечүүчү фактор деп эсептейт".