"Биз Кытайдан алдыдабыз". Трамп ЖИни иштеп чыгууну жайлатууга каршы чыкты

Сүрөттүн булагы, Anna Moneymaker/Getty Images
АКШнын президенти Дональд Трамп ЖИнин алдыңкы моделдерин иштеп чыгууну жайлатууга каршы экенин билдирди. Буга технология тармагынын бир катар өкүлдөрү чакырып жатышат. Анын пикиринде, америкалык компаниялар ЖИ жаатындагы лидерлик үчүн жарышта Кытайдан утулуп калуу тобокелдигине барбашы керек.
"Биз ЖИ жаатында Кытайдан алдыдабыз. Биз дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөбүз жана чынын айтсам, ушундай бойдон калышыбызды каалайм. Анткени ЖИ боюнча ким жеңсе, ошол жеңишке жетет", - деди АКШ президенти 13-сентябрь күнү журналисттерге.
"Биз коопсуздук чараларын көбөйтө алабыз. Ар кандай нерселерди жасай алабыз. Бирок бул жерде өтө көп кыйратуучу күчтөр бар деп ойлойм. Алар көтөрбөшү керек болгон маселелерди көтөрүп жатышат жана ишке ашпай турган нерселер тууралуу суроолорду берип жатышат", - деп кошумчалады Трамп.
Ал "кыйратуучу күчтөр" деп кимдерди айтып жатканын тактаган жок.
АКШ президентинин бул билдирүүсү Anthropic компаниясынын жетекчиси Дарио Амодеи ЖИ моделдерин иштеп чыгууну жайлатууга чакыргандан кийин айтылды. Амодеи мындай технологиялар жаратышы мүмкүн болгон коркунучтарга даярдануу зарылдыгын белгилеген.
Ошол эле учурда Трамп ЖИден келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер менен коркунучтарды "төмөндөтүп көрсөтпөй турганын", бирок жасалма интеллект зыянга караганда алда канча көп пайда алып келет деп эсептей турганын айтты.
Тармактын ичинен айтылган эскертүүлөр
Акыркы убакта жасалма интеллекттин алдыңкы моделдерин көзөмөлсүз иштеп чыгуу боюнча технология тармагынын өкүлдөрү барган сайын көбүрөөк тынчсыздануусун билдирүүдө. Дарио Амодеи өз макаласында ЖИни "анын пайдасынан баш тартпастан, коопсуздукту камсыз кылган тең салмактуу темпте" өнүктүрүүгө чакырган.
Анын айтымында, Anthropic бир тараптуу түрдө өзүнүн моделдеринин коопсуздугун жөнгө салууга жетиштүү убакыт бөлүү милдетин алып, дүйнө өлкөлөрүнүн өкмөттөрүн ЖИ иштеп чыгуучу компаниялардан да ушуну талап кылууга чакырган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Дарио туура айтып жатат", - деп жазды xAI компаниясына жана Grok чат-ботуна ээ Илон Маск өзүнүн X социалдык тармагында. "Мен көптөн бери ЖИ боюнча коңгуроо кагып келем", - деп кошумчалады ал.
Амодеинин чакырыгын OpenAI компаниясынын жетекчиси Сэм Альтман да колдоду. Августтун ортосунда ChatGPT иштеп чыгуучу анын компаниясы ЖИ агенттери көзөмөлдөн чыгып, ЖИ моделдерин бөлүшүүчү Hugging Face платформасын бузуп киргенден кийин алдыңкы моделдерин окутууну жайлатарын жарыялаган.
13-сентябрь, жекшемби күнү CBS телеканалына берген маегинде Амодеи америкалык жана кытайлык ЖИ иштеп чыгуучулардын ортосундагы атаандаштыкты моделдерди өнүктүрүүнү жайлатуу аракетиндеги "эң татаал дилемма" деп атады.
"Биз өзүбүздү алдабашыбыз керек. Анткени алдыга озуп чыгууга жана мунун натыйжасында аскердик артыкчылыкка ээ болууга түрткү берген факторлор ушунчалык күчтүү болгондуктан, экинчи тарап эрежелерди сактап жаткандыгына бекем ишенишибиз керек", - деди Амодеи. Ал мунун канчалык деңгээлде ишке аша турганына өзү да ишенбей турганын кошумчалады.
Эл аралык кызматташуу зарылдыгын OpenAI жана Anthropic компанияларынын мурдагы кызматкери Жейкоб Коксон да айтып жатат. Ал Anthropic компаниясынан кетип жатып, компания тобокелдиктерди азайтуу үчүн жетиштүү аракет көрбөй жатканын билдирген.
NBC телеканалына берген маегинде Коксон Кытай менен болгон жарыш өтө кооптуу болушу мүмкүн экенин айтып, эл аралык деңгээлде координация зарылдыгына чакырды.
Саясий маселе
АКШдагы аралык шайлоолор жакындаган сайын ЖИни мамлекет тарабынан жөнгө салуу маселеси саясий мааниге ээ болууда. АКШ Өкүлдөр палатасынын спикери, республикачыл Майк Жонсон коопсуздук чараларын киргизүү зарылдыгын моюнга алды, бирок жаңы мыйзамдарды кабыл алууга шашылбоого чакырды.
"Эгер Конгресс ЖИни жөнгө салууга аракет кылып, шашылыш түрдө кезексиз сессия өткөрсө, биз Кытай менен болгон жарышта утулуп калабыз. Бул ар бир америкалык үчүн коркунуч жаратат", - деди ал CNN телеканалына.
Өкүлдөр палатасындагы демократтардын лидери Хаким Жеффрис болсо, мыйзам чыгаруучулар ЖИнин өнүгүшүн жайлатуу маселесинде чечкиндүү аракет кылышы керектигин билдирди.
Ошол эле учурда алдыңкы ЖИ моделдеринен келип чыгышы мүмкүн болгон коркунучтар жалгыз көйгөй эмес. Associated Press агенттиги белгилегендей, көптөгөн америкалыктар ЖИнин иштеши үчүн зарыл болгон жаңы маалымат борборлорунун курулушуна каршы чыгууда.
Маалымат борборлорунан улам, атап айтканда, жергиликтүү тургундар суу жана электр энергиясы үчүн көбүрөөк төлөөгө аргасыз болууда. АКШ президенти Дональд Трамп жаңы маалымат борборлорун курууну колдогону менен, республикачылар да, демократтар да шайлоо өнөктүгүнүн алкагында анын бул демилгесин толук колдобой жатышат. Алар өз шайлоочуларынын нааразычылыгын жаратып алуудан кооптонууда.
































