Түркияны дүрбөлөңгө салган өзбекстандык аялдардын өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты

25-январда Дурдона Хакимованын өлтүрүлүшүнө каршы Стамбулда нааразылык акциясы уюштурулган.

Сүрөттүн булагы, X/Kadınlar Direniste

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 25-январда Дурдона Хакимованын өлтүрүлүшүнө каршы Стамбулда нааразылык акциясы уюштурулган.
    • Author, Би-Би-Синин Өзбек кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

Стамбулдагы Анадолу 17-оор кылмыштар боюнча соту 31 жаштагы Дилшод Турдимуротов менен 29 жаштагы Гафуржон Камолхожаевди 36 жаштагы Дурдона Хакимованын жана 32 жаштагы Сайёра Эргашалиеванын өлүмүнө күнөөлүү деп тапты. Эки айыпталуучуга тең Түркиядагы эң оор жазалардын бири болуп саналган эки жолудан күчөтүлгөн өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы берилди.

Бул жаза кадимки өмүр бою эркинен ажыратууга караганда кыйла катаал шартта кармоону карайт.

Мындан тышкары, жабырлануучулар каза болгондон кийин алардын жашаган жеринен уурулук кылган деген айып менен ар бирине дагы эки жолудан жети жылдык эркинен ажыратуу жазасы берилди.

Бул кылмыш иши 2026-жылдын 24-январында Стамбулдун Шишли районундагы таштанды контейнеринен Өзбекстандын жараны Дурдона Хакимованын сөөгүнүн калдыктары табылгандан кийин коомчулуктун кеңири көңүлүн бурган.

Эки шектүү Түркиядан чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан учурда Стамбул аэропортунан кармалган.

Кийинчерээк ишке экинчи жабырлануучу да байланыштырылган.

Сайёра Эргашалиеванын үй-бүлөсү 23-январдан кийин аны менен байланыш үзүлгөн соң Түркиядагы өзбекстандык аялдардын укуктарын коргоо уюмунан жардам сураган.

Анын жакындары Түркияга барып, 6-февралда прокуратурага кайрылышкан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Февраль айында Өзбекстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу Сайёра Эргашалиеванын каза болгонун тастыктаган.

Түркиядагы DHA маалымат агенттигинин маалыматына караганда, тергөөчүлөр Сайёра Эргашалиева Стамбулдун Үмрание районундагы үйлөрдүн биринде болгонун аныкташкан.

Көзөмөл камераларындагы тасмаларда Эргашалиеванын 23-январда үйгө киргени, анын артынан Турдимуротов менен Камолхожаев да киргени көрүнгөн.

Эртеси күнү эки эркектин үйдөн бир нече жолу кара таштанды баштыктары менен чыгып, кийин ак түстөгү чемоданды алып кеткени тартылган.

Прокуратуранын маалыматына караганда, эки аял тең ушул үйдө өлтүрүлүп, алардын сөөгү Стамбулдун ар кайсы аймактарындагы таштанды контейнерлерине ташталган.

Дурдона Хакимованын сөөгүнүн калдыктары табылган, бирок расмий өкүлдөр Сайёра Эргашалиеванын сөөгү табылганы тууралуу маалымат беришкен эмес.

Сот жараянында Гафуржон Камолхожаев Сайёра Эргашалиева менен диний никеде болгонун жана аны өзүнүн көз карашында ишенимсиздик кылганы үчүн өлтүргөнүн айтты.

Ал Дурдона Хакимованын өлтүрүлүшүнө тиешеси бар экенин четке какты.

Сотто Дилшод Турдимуротов Дурдона Хакимованы өлтүргөнүн мойнуна алды.

Акыркы сөзүндө ал кылган ишине өкүнүп жатканын айтып, эң оор жазага татыктуу экенин билдирди.

25-январда аялдардын укуктарын коргоо уюмдары Стамбулдун Шишли районунда Дурдона Хакимованын өлтүрүлүшүнө каршы нааразылык жүрүшүн уюштурушкан.

«Аялдардын өлтүрүлүшүн токтотолу» платформасынын жана аялдар уюмдарынын чакырыгы менен Стамбулдагы Шишли-Пангалты метро станциясына чогулган аялдар нааразылык жүрүшүн өткөрүшкөн.

Акцияга көп сандаган полиция кызматкерлери да тартылган.

Митингчилер "Мигрант аялдар жалгыз эмес", "Корго, актаба - кылмышкерлерди сотто", "Эркек урат, мамлекет коргойт", "Унчукпайбыз, коркпойбуз, баш ийбейбиз", "Эркектердин адилеттиги эмес, чыныгы адилеттик" деген ураандарды айтышкан.

Түркия коомунда аялдар туш болгон зомбулук боюнча тиешелүү органдарга кайрылуулар болгондо натыйжалуу иликтөө жүргүзүлбөй жатканын жана "аялдар корголбой жатканын» белгилеген "Аялдардын өлтүрүлүшүн токтотолу" платформасы киши өлтүрүү боюнча билдирүү таратты.

"Жаныбыздан өтүп жүргөн бир эркек аялды өлтүрүп, бөлүктөргө бөлүп, таштандыга таштады. Биз Дурдонанын жашоосун билбейбиз, бирок бул киши өлтүрүүгө себеп болгон эркектердин зомбулугун жакшы билебиз. Мигрант аялдар депортациялануу коркунучунан улам көп учурда туш болгон зомбулук тууралуу полицияга кайрыла алышпайт. Натыйжалуу иликтөө жүргүзүлбөйт, купуялуулук камсыздалбайт, жакындабоо тууралуу чыгарылган чечимдер аткарылбайт. Эркектердин зомбулугу өкмөттүн аялдарга карата кастык саясатынын натыйжасында келип чыгууда" деп айтылат билдирүүдө.

"Дурдона балким ажырашкысы келген, балким өз жашоосу тууралуу чечим кабыл алгысы келген, балким "жок" дегени үчүн өлтүрүлгөн. Кылмышкерлер кайратты АКП депутатынын үйүндө өлтүрүлгөн Нодира Кодированын иши оңой эле жабылып калганынан алышат".

Түркияда Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган миңдеген мигранттар, анын ичинде аялдар да иштеп, жашап келишет. Алардын арасында Өзбекстандын жарандары да көп. Мигрант аялдардын коопсуздугу жана укуктарын коргоо маселеси Түркиядагы аялдарга карата зомбулук көйгөйү менен катар көтөрүлүп келет.