Ташиевдерге шаардык соттун өкүмү чыкты. Эксперттер эмне дейт?

"75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон кылмыш иши боюнча айыпталып жаткандардын баары төрт жылдан эркинен ажыратылды, бирок эки жыл пробация колдонулду. Ошондой эле айыпталгандардын мүлкү конфискация болбойт. Мындай чечимди бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаардык соту чыгарды. Соттук коллегия "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу" беренесин "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине алмаштыруу менен өкүм чыгарган. Өкүмдү эксперттер түрдүүчө талкуулап жатышат.
Конституциялык соттун мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова "75чилердин каты" боюнча иште соттун айыптарды кайра квалификациялоо чечимин талаштуу деп эсептейт.
"Эми юрист катары айта турган болсом, абдан кызыктуу чечим болуп калды. Бул жерде кайрадан квалификациялаптыр. Мурда «бийликти күч менен басып алуу», «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» болсо, азыркы квалификациясы боюнча «шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу» түрүнө өтүптүр. Бул берене сөзсүз түрдө шайлоо процесси жүрүп жатканда, каттоо, добуш берүү болуп жатканда колдонулат. Шайлоо процессинен тышкары бул нерселерди мындай квалификациялоо мүмкүн эмес да. Ошол себептен бул жерде соттор эмнеге кайра квалификациялоого барды? «Кыргызда таппасаң, сыйпалап кал» дечү эле го, ошондой болуп калгандай эле сезилип жатат.Актап жиберели десе, бир жагынан бийликтен коркушат. Экинчи жагынан, биринчи инстанциядагы соттун «бийликти басып алуу» боюнча чечимин күчүндө калтыралы дешсе, ал жерде да мыйзамсыз чечим чыккан. Анткени бул чечимдер боюнча пробация колдонулбашы керек", - дейт Сооронкулова.
Ошол эле учурда ал сот эмне себептен ишти ушундай жол менен чечкенин азырынча так түшүндүрүү мүмкүн эмес экенин айтты. Анын пикиринде, сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтыруу же айыпталуучуларды актоо маселесинде кыйын абалга туш болгон болушу мүмкүн.
"Ошол себептен айласы кетип, прокуратура сураган жазаны колдонолу дешсе, ал жерде «бийликти басып алуу боюнча аракет жок. Соттор анан айласын таппай, аргасыздан ушундай бир чечимге келди го дейм. Эгерде, мисалы, бийлик тарабынан кандайдыр бир көрсөтмө боло турган болсо, анда «күчүндө эле калтырып койгула» демек да. Баарыбыз эле билип турабыз да, бул саясий чечим, саясий иш экенин. Ушул жагынан айтканда, чынында, бир кооптонушту. Же болбосо «эмне кылсаңар, ошол кылгыла, бирок актабагыла, соттуулугу болсун» деген көрсөтмө келдиби, айтыш кыйын. Бирок чечимди бат эле чыгарып коюшту. Эмнеге андай болду, аны талдап, ойлонуп көрүш керек. Дагы кандайдыр бир маалыматтар чыгаттыр", - деди Сооронкулова.
Юрист Нурбек Токтакунов соттун чечиминен кандайдыр бир логиканы издебеш керектигин айтып, соңку өкүмдү ортодогу ыктымал макулдашуунун жыйынтыгы катары сыпаттады:
"Ошол өкүм жөн эле Садыр Жапаров менен Ташиевдин келишими. Анткени мурунку өкүм менен конфискация болушу мүмкүн болчу. Ошондон коркту окшойт, ошол эле мөөнөттү калтырды. Бирок конфискация болбошу үчүн беренени өзгөрттү. Бул деген бийлик күчтү сыйлайт экенин көрсөтүп атат. Анткени Ташиев күчтүү саясий оюнчу. Анткени анын маалымат ресурстары, финансылык ресурстары бар. Электораты, колдогон адамдары бар", - деди Токтакунов.
Активист Эрлан Бекчоро да айыпталуучуларга коюлган айыптын "бийликти басып алуу" беренесинен "шайлоо укуктарына тоскоолдук кылуу" беренесине өзгөртүлгөнүнө суроо жаратып жатканын айтат.
"Бүгүнкү шаардык соттун чечими – 75чилерге упай алып келүү менен бийликке дагы бир жолу көө жабылды десем болот. Анткени, буга чейин 75чилерге бийликти басып алуу беренеси коюлган. А эмне себептен "шайлоо укуктарына тоскоол болуу" бернесине алмашылды? Бүгүн дагы шайлоо процесси баштала элек. Мындан жарым жыл мурда дагы шайлоо процесси баштала элек болчу. Эмне себептен бул беренеге алмашылды? Мен мындай бир ойго келип жатам: бийлик чындап эле 75чилерге же ташиевчилер командасына боору ооруп жаткан болсо, актап эле салбайбы. Анткени мындай чечимдер бийликке гана минус алып келип жатат", - деди Эрлан Бекчоро.
"Шайлоого катыша алышпайт"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Саясат талдоочу Кубан Абдымендин айтымында, Бишкек шаардык сотунун "75чилердин каты" боюнча чечими соттолгондор үчүн жеңилдетүү катары каралганы менен, алардын шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнө таасир этет.
"Биринчиден, бул чечимдин чыгышы, албетте, соттолгон адамдардын пайдасына болгон жок. Эң эле жеңил варианты катары каралса дагы, баары бир төрт жылы ошол бойдон калыптыр. Болгону үч жылдык пробация дегени эки жылга кыскартылыптыр. Эгерде эки жылдын ичинде кандайдыр бир бүдөмүк же туура эмес кыймыл- аракеттер боло тургандай болсо, анда төрт жыл дегени реалдуу ишке аша турган камак убактысы болуп калат. Ал эми баары нормалдуу болсо, анда эки жылдан кийин кадимкидей эле чектөөсү жок эркиндикте жашай тургандай шартта жашайт. Ал эми бул чечимдин шайлоого болгон таасири - бул жерде көрүнүп турат, соттолгон адамдардын бирөөсүнүн да шайлоого катышканга укугу болбой калат. Натыйжада, күчтүү делген талапкерлердин арасында Камчыбек Ташиевдин өзүн жана анын тегерегендигилерин көрө албайбыз. Шайлоонун эпкини боюнча эл арасында бир топ сөздөр чыгышы мүмкүн. Албетте, бул коом ичиндеги чыңалууну күчөтүшү толук мүмкүн".
Ошол эле учурда Абдымен азыркы чечим акыркы эмес экенин белгиледи. Анын пикиринде, соттолгондордун адвокаттары апелляциялык арыз берсе, ишти Жогорку сот карайт.
"Бирок бир гана нерсени эстен чыгарбаш керек. Азыркы соттук иш бул Бишкек шаардык гана соттун чечими болуп жатат. Ал эми бул ишке акыркы чекитти Жогорку сот коёт. Ал эми Жогорку сот чечимди бир айдын ичинде чыгарышы мүмкүн, эгер соттолгон адамдардын адвокаттары апелляциялык арызын беришсе. Жогорку сотто дагы ушундай чечим кабыл алса, анда бирөөнүн дагы шайлоого катышканга укугу болбой калат. Атандааштардын арасында Ташиевдин жана анын колдоочуларынын арасындагы аттуу -баштуулардын ысымдары болбой калат".
Талдоочу Адил Турдукулов Ташиев баштаган сегиз адамга чыккан сот өкүмү жеңилдетилгенин, ал саясий компромисстин жыйынтыгы болгонун, буга саясий жана укуктук жагдайлар да негиз бергенин айтты. Ал укуктук жактан "75чилердин каты" боюнча кылмышты табуу кыйын болгонун кошумчалады.
"Саясий жактан катаал куугунтуктун жүргүзүлбөгөнү бул дагы түшүнүктүү нерсе. Анткени шайлоо убагында президент душмандарды көбөйтпөй, тескерисинче, өзүнүн командасында кармоо же нейтралдык позицияда четтетип коюу аракети болду деген ойдомун. Булар баягы эле эски элита. Алар ошо керек болсо Садыр Жапаровдун командасында болгон үлкөн бир чиновниктер, акчалуу, ресурстары бар, электораты дагы бар. Ошондуктан аларды душман катары кылууга бийлик кызыкдар эмес болчу", - деди Турдукулов.
Соттолгондор жана адвокаттар эмне дейт?
Бишкек шаардык сотунда өкүмдү угузуу учурунда журналисттер сот залына киргизилген жок. Айыпталып жаткан мурдагы саясатчылар Камчыбек Ташиев, Нурланбек Шакиев жана Курманкул Зулушев өкүм боюнча комментарий беришкен жок.
Айыпталуучулардын бири Курсан Асанов бул сотто акталарына ишенгенин, убагы келгенде сөзсүз өкүмгө каршы даттанарын айтты.
"Кайрылуу кат боюнча жаңы жагдайлар ачылды. Бардыгы келип, бизге карата жакшы көргөзмөлөрүн беришти. Ошондуктан мен толук ишенген элем, мен толук акталам деп. Убакыт келет, биз дагы даттанабыз".
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов соттун чечимин мыйзамсыз деп атады.
"Албетте, мындай чечимге таң калдык. Жөн гана таң калдык. Бул таптакыр мыйзамсыз чечим. Мыйзамсыз, негизсиз. Алардын минтип кескин, олуттуу түрдө таптакыр башка беренеге өзгөртүп жиберүүгө таптакыр укугу жок болчу. Ал жакындашпайт дагы", - деди Икрамидин Айткулов.
Курсан Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекова биринчи коюлган берене да, жаңы коюлган берене да туура эмес колдонулганын айтты:
"Беренени алмаштырганынын себеби берки статьяны коюш үчүн бийликти күч менен басып алуу болушу керек болчу да, бул жерде эч кандай күч менен басып алуу жок, ошондуктан ал статья туура эмес коюлган болчу биринчи инстанцияда эле. Анан экинчи инстанцияда айла жок ушул статьяны койду. Бирок бул статья коюлган күндө дагы ал убакта шайлоо жок болчу. Ошондуктан бул статья да эч кандай күчү жок деп эсептейм."
75 киши кол койгон каттын башында турган коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков соттон кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал Камчыбек Ташиев менен кат боюнча макулдашуу болбогонун, ал толугу менен Садыр Жапаровду колдорун белгиледи.
"Эч кандай макулдашуу болгон эмес. Мен сотто да айттым. УКМКнын төрагасынын ар бир секунду жазылып турат. эгер мен ага Камчыбек Ташиевге соңку жарым жылда жолуккан болсом, телефон менен сүйлөшкөн болсом алып чыгышпайбы. Мен катты демилгелегенимдин себеби, мен он жылдан бери Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин активдүү күйөрманымын. Алар үчүн мен түрмөгө отуруп чыктым. 2020-жылдан бери бул экөөнү такай колдоп келатам".
Сот жана прокуратура органдары Бишкек шаардык сотунун өкүмү боюнча комментарий берише элек.
Президент Садыр Жапаров Ташиевдин иши боюнча сот чечим чыгарышы керектигин билдирип келген. Ал бир ай мурда журналист Али Токтакуновго маек берип, аны кайра кызматка алып келбей турганын кошумчалаган. Ошондой эле кезектешип президент болуу жөнүндө мурда-кийин макулдашуу болбогонун да билдирген. Бир кезде Камчыбек Ташиевди президент кылуу планы болгонун айткан.
"2027-жылы өзүм шайлоого барбай эле, ушу даяр болуп калса, жакшы иштеп калды, тажрыйба топтоп даяр болуп калса Камчы катышса, мен катышпай эле Камчыны президент кылып коюп, эс алууга кетсемби деген өзүмдүн планым болгон. Ушул мөөнөттөн кийин. 2027-жылы январда шайлоо болот да. Ушундай кылсам деген планым болгон. Өзүнө эки-үч жыл мурун айткам. "Даяр болгун, айлана-тегерегиңди тазала, тарбияла" деп келгем. Анан, карасам, даяр эмес. Эл эми биригип, бир Кыргызстан болуп баратса анан "сен тияктасыңбы же бул тараптасыңбы" деген болбойт. "Мен сени кызматтан алып жатам ошол үчүн, капа болбо. Кийинки шайлоого катышам десең шарт түзүп берем" деп айткам", - деген президент маегинде.
"75чилердин каты" иши боюнча сегиз киши айыпталган. Алар: мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутаттар Курманбек Дыйканбаев жана Аалы Карашев.
Иштин таржымалы
Бишкек шаардык соту бул иш боюнча апелляциялык арыздарды 10-августта карай баштаган. Буга чейин, 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту сегиз айыпталуучуну "Бийликти күч менен басып алууга" байланыштуу берене боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан. Сот алардын ар бирине мүлкүн конфискациялоо жазасын да белгилеген.
Бирок сот үч жылдык пробациялык көзөмөл колдонуп, аларды камакка алган эмес. Ошондой эле айыпталуучулар "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча акталган.
Соттолгон сегиз адам райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берген. Башкы прокуратура да өкүмгө байланыштуу апелляциялык арыз менен кайрылган.
2026-жылдын 9-февралында мурдагы премьер-министрлер, депутаттар, саясатчылар жана коомдук ишмерлерди камтыган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жолдоп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан.
Андан соң кайрылууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, сегиз адамга "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган.
Ушундан кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынган.
Айыпталуучулар өздөрүнө коюлган кинелерди четке кагып, күнөөсүз экенин билдирип келишет.





























