Кыргызстан дүйнө көчмөндөрүн кантип бириктире алды?

Сүрөттүн булагы, Official
- Author, Санжар Эралиев
- Role, Би-Би-Си
- Published
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
Кыргызстан мындан он эки жыл мурда баштаган демилге кылымдар бою этибарга алынбай келген көчмөн элдердин маданиятына эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улам жаңы өлкөлөрдү өзүнө тартууда. Бул оюндарга болгон кызыгуу ушунчалык өскөндүктөн, атүгүл отурукташкан элдер да өздөрүнүн байыркы көчмөн тарыхындагы оюндары менен Кыргызстан уюштурган иш-чарага катышууда.
Совет доорунда да көчмөн маданиятка көбүнчө өтмүштүн мурасы катары каралган. Көк бөрү, ат чабыш, күрөш жана башка салттуу мелдештер эми жөн гана улуттук спорт түрү эмес, көчмөндөр маданиятын эл аралык майданда даңазалаган маанилүү куралга айланды.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда Кыргызстан жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынын, блогерлердин жана серепчилердин көңүл борборунда болду.
"Көчмөн цивилизациясы бир элге же бир мамлекетке эмес, көптөгөн калктарга таандык мурас. Бирок Кыргызстан бул оюндардын демилгечиси болуп, дүйнөгө жөн гана элести же идеяны эмес, даяр маданий өнүмдү тартуулады», - деди BBCге берген маегинде казакстандык саясатчы жана коомдук ишмер Айдар Алибаев.
"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары пайда болгондон кийин көчмөндөр тарыхы китептеги мурастан жандуу эл аралык тажрыйбага айланды. Эми аны көрүүгө, сезүүгө жана бүткүл дүйнөгө көрсөтүүгө болот. Кыргызстан өзүнүн көчмөн мурасын жөнөкөй этнографиялык объектиден заманбап эл аралык маданий-спорттук фестивалга айлантып, аны улуттук бренд деңгээлине көтөрдү".

Сүрөттүн булагы, Official
Көчмөн маданият баарына теңби?
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биринчи жолу 2014-жылы Кыргызстандын демилгеси менен уюштурулган. Ошондо мелдешке 19 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан болсо, бүгүнкү күндө катышуучу өлкөлөрдүн саны жүздөн ашты. Спорттун түрлөрү да 10го жакын багыттан 40тан ашык түргө көбөйдү.
Башында оюндарда негизинен кыргыз жана Борбор Азия элдеринин улуттук спорт түрлөрү көрсөтүлгөн. Азыр болсо мелдештерге Европа, Америка, Азия жана Африка өлкөлөрү да катышууда.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августта Бишкекте башталып, 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунда уланды. Иш-чаранын алкагында Кырчын жайлоосунда этношаарча курулуп, улуттук спорт мелдештери, фольклордук фестивалдар, кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү жана илимий жыйындар уюштурулду.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, көчмөндөр маданиятын бир эле өлкө менен байланыштурууга болбойт. Ал Евразиянын кенен аймактары менен байланышкан жалпы тарыхый мурас болуп саналат.
"Бул жерде бир маанилүү нерсени белгилеп кетиш керек көчмөн маданият бир гана Кыргызстандын маданияты эмес. Ал Евразиянын эбегейсиз зор мейкиндигине Борбордук Азиядан Монголияга, Казакстандын талааларынан Кытайдын түндүк жана батыш аймактарына чейин тараган жалпы тарыхый мурас" - бишкектик тарыхчы жана изилдөөчү Гүлзат Алагөз кызы.
"Ошондуктан бул аймактарда да популяризациялоо боюнча чоң иштер жасалып келет. Кыргызстандын өзгөчөлүгү ушул көп түрдүү мурастын ичинен көчмөндөрдүн оюндарын эл аралык масштабдагы туруктуу платформага айландыра алганында. Башкача айтканда, Кыргызстан "көчмөн маданияты менин гана маданиятым" деп айтып жаткан жок. Тескерисинче, Кыргызстан өзүн Евразиядагы көчмөн цивилизациясынын маданий диалогу өтүүчү аянтча катары көрсөтүп жатат".

Сүрөттүн булагы, Official
Советтер жана көчмөндөр
Тарыхчылар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маанисин түшүнүү үчүн ХХ кылымдагы көчмөндөр маданиятына болгон мамилени да эстеш керектигин айтышат. Совет доорунда көчмөндүк көбүнчө эскиче жашоо образы катары каралгандыктан, көчмөн калкты отурукташтыруу жана коллективдештирүү саясаты жүргүзүлгөн.
"Бул пикирдин негизги өзөгү туура, бирок аны совет бийлиги көчмөн маданияттын баарын жокко чыгарган деп жөнөкөйлөтүп айтууга болбойт. Советтик идеологиянын негизинде коом өнүгүүнүн белгилүү бир баскычтарынан өтөт деген марксисттик түшүнүк бар эле да. Ушул көз карашта көчмөн жашоо образы отурукташкан социалисттик коомго өтө элек, "артта калган" коомдук-экономикалык форма катары кабыл алынган. Борбор Азиядагы көчмөндөргө карата советтик саясатта отурукташтыруу, коллективдештирүү саясаты маанилүү болгон" – дейт тарыхчы Алагөз кызы.
"Бирок бул саясат учурунда мүчүлүштүктөр дагы көп кетип, чарба бүлүнгөн. Ошол 20-30-жылдардагы кайталанган ачарчылыктан Борбор Азиядан жүз миңдеген адам каза болгон. Изилдөөчүлөр бул трагедиянын себептеринин бири катары шашылыш жана катаал ыкмалар менен ишке ашырылган коллективдештирүү саясатын да көрсөтүшөт", — деп кошумчалайт ал.

Сүрөттүн булагы, Official
Маданий иш-чарабы же саясий куралбы?
1930-жылдарга чейин кыргыздардын басымдуу бөлүгү көчмөн же жарым-жартылай көчмөн турмушта жашаган. Кийинки саясаттардын натыйжасында калктын көпчүлүгү туруктуу жашаган жерлерге көчүп, салттуу жашоо образы олуттуу өзгөрүүгө дуушар болгон.
Көз карандысыздыктан кийин Кыргызстанда улуттук мурастарды кайра жандандырууга багытталган иштер күчөдү. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да дал ушул процесстин бир бөлүгүнө айланды.
Бул жылкы оюндардын ачылыш аземи Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтүп жаткан күндөргө туш келди. Ага 20дан ашык мамлекеттин башчылары келип, алардын дээрлик баары Көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышканын айрым байкоочулар маданий дипломатия өңүтүнөн да баалашууда.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ачылыш аземинде оюндарды өлкөнүн заманбап бейнесин көрсөтүү мүмкүнчүлүгү катары сыпаттады:
"Көчмөндөр оюндары – Евразия мейкиндигин байырлаган байыркы көчмөндөрдөн: байыркы гунндардан, байыркы кыргыздардан, байыркы түрктөрдөн, байыркы түргөштөрдөн жана башка көчмөн бабаларыбыздан мурасталып калган улуу маданият.
Мына ушул руханий жана маданий мурас бүгүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аркылуу жаңы мазмун менен кайра жаралууда".

Сүрөттүн булагы, Official
Көчмөндөр мурасы үчүн жаңы трибуна
Оюндардын Бишкектеги жаңы аренада өткөрүлгөн ачылыш аземи социалдык тармактарда чоң кызыгууну жаратты. Ал тууралуу түрдүү тилдерде көптөгөн пикирлер жазылды. Шоуда жүздөгөн катышуучулар болду, чабандестер өнөрүн көрсөтүп, улуттук кийимдер, бийлер жана заманбап жарык эффекттери тартууланды. Айрымдар муну жөнөкөй спорттук иш-чарадан караганда көчмөн элдердин тарыхын жана маданиятын чагылдырган чоң шоу катары баалашты.
Көчмөндөрдүн жаратылыш менен шайкеш жашоо салттары да эл аралык кызыгууну жараткан темалардын бири болуп саналат. Мал чарба өнүмдөрүн толук пайдалануу, жүн менен терини ыргытпай кайра иштетүү каадасы бүгүнкү күндө айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоонун үлгүсү катары да айтылып келет.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ар бир эки жылда бир жолу өткөрүлөт. Мелдештер адегенде үч жолу Кыргызстанда уюштурулду. Кийин ага Түркия менен Казакстан кожоюндук кылды. 2026-жылы оюндар кайрадан Кыргызстанда болду. Кийинки мелдеш 2028-жылы Татарстанда өткөрүлөрү пландалууда.
2021-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилген.
Расмий маалыматтарга караганда, ушул жылдын жаз айларында Бишкек бул иш-чараны өткөрүү үчүн 4 миллион долларга жакын каражат бөлөрүн билдирген. Оюндардын акыркы чыгымдары азырынча жарыялана элек.

Сүрөттүн булагы, Official




























