Медиктер президенттен дарыгер-нефролог Насира Бейшебаеванын ишине көңүл бурууну суранышты

Дарыгер-нефролог Насира Бейшебаева

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкек шаардык соту 10-сентябрда Бейшебаеваны үч жылга эркинен ажыратууну өкүм кылган
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун эмгек жамааты бүгүн президент Садыр Жапаровго кайрылып, дарыгер-нефролог Насира Бейшебаеванын ишине көңүл бурууну өтүнүштү. Бул кайрылуу Бишкек шаардык соту 10-сентябрда Бейшебаеваны үч жылга эркинен ажыратууну өкүм кылгандан кийин жарыяланды.

Бейшебаевага каршы кылмыш иши 2024-жылы Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда дарыланган өспүрүмдүн оң буту ампутациялангандан кийин козголгон. Кыздын апасы дарыгер туура эмес дарылоо жүргүзгөн деп арыз жазып, бул иш Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде тергелген.

Медиктердин айтымында, кыздын абалы оорлоп, кийин бутун ампутациялоого туура келген. Бирок буту кесилген өспүрүм кыздын апасы буга макул эмес.

Бейшебаева 2026-жылдын февралында кармалып, кийин үй камагына чыгарылган. Райондук сот буга чейин дарыгерге үч жылдык жаза дайындап, аны пробациялык көзөмөл менен алмаштырган эле. Бирок Бишкек шаардык соту жазаны реалдуу үч жылдык эркинен ажыратууга өзгөрттү. Ошондой эле Бейшебаевага үч жыл бою медициналык иш менен алектенүүгө тыюу салынды.

Медиктер президентке жолдогон кайрылуусунда соттун соңку өкүмү алардын арасында тынчсыздануу жаратып жатканын билдиришти. Алар эми дарыгерлер бул окуядан кийин оор жана татаал учурларда чечим кабыл алуудан коркуп калышы мүмкүн экенин айтып жатышат.

Ошондой эле кесиптештери Бейшебаеванын көп жылдык тажрыйбасына басым жасап жатышат. Алар президенттен Бейшебаеванын ишине көңүл буруп, анын жашы жете элек баласы жана карыган апасы бар экенин эске алууну өтүнүштү.

Бүгүн Саламаттык сактоо кызматкерлеринин профсоюзу дагы дарыгер-нефролог Насира Бейшебаевага колдоо көрсөткөн билдирүү таратты.

Бирок буга чейин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүндө дарыланып, оң бутунан ажыраган өспүрүмдүн апасы кызынын бир бутунан ажырап калганына Бейшебаеваны күнөөлөп жатат.

Бул окуя боюнча Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы кылмыш ишин козгоп, быйыл февралда дарыгер-нефролог Насира Бейшебаевага кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбай, этиятсыздыктан оор залал келтирди деген расмий айып тагылган.