"Менин кемчилигим болду". Жумаев акын Аалы Туткучевдин Таластагы майрамда ырдабай калганына түшүндүрмө берди

Сүрөттүн булагы, Social media
Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев төкмө акын Аалы Туткучевдин Эгемендиктин 35 жылдыгына байланыштуу Таласта өткөн майрамдык иш-чарада ырдабай калганына байланыштуу комментарий берди. Анын Би-Би-Сиге айтканына караганда, акынды иш-чаранын программасын тактабай туруп өзү чакырган.
"Протокол чийген жок. Ал менин кемчилигим болуп калды. Бул иш-чараны пландаштырып жатканда программаны карабай эле, Аалы байке менен сүйлөшүп, "келиңиз, ырдап бериңиз" деп чакыргам. Ал киши макул болгон. Башында мен "аянтка келип, ырдап бериңиз" деп айткам. Ошол жерде эл көп болот деп ойлогом. Бирок ал жерде эстрадалык концерт гана болду, ал жерде акындар ырдаган жок. Ошондуктан "Манас ордодо" төкмө акындардын алдында ырдатууну талкуулаганбыз. Анан "сиз элдин баары тааныган акынсыз, жетекчилер кеткенден кийин ырдап калат экенсиз" деп токтотконбуз негизи. Аалы байке менен кечээ сүйлөштүм. Элдин баары эле менден "эмнеге чоң тойго келип ырдаган жоксуң" деп сурап жатат, баарына түшүндүрүп отурмак белем, бир эле жооп берип койдум деп айтты"-, деди Эрмат Жумаев.
Төкмө акын Аалы Туткучев Таласта кайсы бир жеке тойдо ырдап жатып, Эгемендик майрамында ырдабай калганына байланыштуу пикирин ыр менен айткан.
"Бир ай мурун мени да губернатор чакырды,
Той башталып жатканда, ой, кантип кошпойбуз деп акынды.
Анан бир күн калганда, кайрадан чалып протокол келип алып,
Аалы аке чийип салды дейт атыңды", - деген ыр саптары социалдык тармактарда талкуу жараткан.
Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдык маарекеси быйыл Талас облусунда салтанаттуу түрдө белгиленип, бир катар майрамдык иш-чаралар өттү. Ага президент Садыр Жапаров баштаган мамлекеттик жетекчилер, коомдук ишмерлер, облустун тургундары жана коноктор катышты.
































