Судандын көрүнбөгөн балдары: укуктары жок, келечеги туңгуюк

- Author, Этар Шалаби, Патрисия Уайтхорн
- Published
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Эскертүү: макалада сексуалдык зомбулуктун көрүнүштөрү чагылдырылган.
Кичинекей уулун колуна көтөрүп алган 17 жаштагы судандык келин өтө сабырдуу сүйлөп турду – бул анын жаш курагына жана баласынын келечеги үчүн тынчсыздануусуна шайкеш келбегендей.
"Уулумдун атасы жок, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да, улуттук идентификациялык номери да жок", - деди Би-Би-Сиге Амира (коопсуздук максатында каарманыбыздын аты өзгөртүлдү).
Баласынан көзүн албай, Амира Суданда жарандык согуш башталгандан бери абдан жаман окуялар болуп жатканын үшкүрүп айтып берди.
Жаңжал чыкканга чейин Амира үй-бүлөсү менен Эл-Фашир шаарынын чыгыш кварталдарында жашачу. Бул шаарды Ыкчам жооп кайтаруу күчтөрү (RSF) былтыр курчоого алышкан. 2023-жылдын апрелинен бери бул аскерлештирилген топ Судандын туруктуу армиясы менен бийлик үчүн кармашып келатат.
Эл-Фашир өткөн жылдын октябрь айына чейин Дарфурдун батыш аймагындагы армиянын акыркы таянычы болуп келген. Бирок, бир жарым жылга созулган курчоодон кийин шаар RSF тобуна жана союздаш араб куралдуу топторуна багынып берүүгө мажбур болгон.
Тузакта калган он миңдеген карапайым адамдар үчүн чыныгы тозок жашоо мына ошондо башталган. Шаар тынымсыз аткыланып, ырайымсыз кармаштар токтобой, эл азык-түлүктүн жетишсиздигинен жапа чегип жатты.
Амиранын айтымында, Эл-Фаширден түштүк-батышка карай жолдо баратканда, аны RSF тобунун үч куралдуу согушкери уурдап кетишкен.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Көзүмдү таңып, мени Эл-Фаширдин түштүгүндөгү Табит районуна алып келишти. Мени эки ай бир бөлмөдө кармап отурушту. Күн сайын алар мени кезектешип зордуктап жүрүштү", - деп шыбырап айтып берди Амира.
Туткунда өткөн бир нече жумадан кийин Амира кош бойлуу экени белгилүү болду. Көп өтпөй анын абалы кескин начарлап кеткен.
Амиранын айтымында, зордукчулар андан кутулууну чечип, кызды кайсы жерден кармашса, ошол жерге алып барып, жолдун боюна таштап кетишкен.
Эл-Фаширден качкан башка тургундар кызды дарыгерлерге жеткирүүгө жардам беришкен.
Бир нече айдан кийин RSF тобунун көзөмөлүндө болбогон гуманитардык зонада Амира International Medical Corps эл аралык гуманитардык уюмунун колдоосу алдында иштеген ооруканада көз жарган.
Амира бул жерден Судандын Nada Al-Azhar Foundation for Disaster Prevention and Sustainable Development (Nada) кайрымдуулук уюмунан колдоо тапкан.
Бул фонддун кызматкерлери анын үй-бүлөсүн табууга жардам беришти. Амиранын үй-бүлөсү ал маалда Эл-Фаширдин жүз миңдеген тургундары баш калкалаган лагерде жашап жаткан экен.
Баары бири-бирин таап, санаасы тынчып калганы менен, үй-бүлө ушул тапта оор күндөрдү башынан өткөрүүдө. Уулу сегиз айлык болуп калса да, Амира баласын дагы эле каттата албай жатат.
"Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү ооруканадан алуу үчүн да менде болбогон маалыматтарды талап кылышууда. Мен баламдын атасы тууралуу эч нерсе билбейм да", - деп түшүндүрөт Амира.
Маалыматтар болбосо, баланын тек жайын тастыктаган расмий документтер берилбейт.
"Мен баламды эмдете албайм, бала бакчага же андан кийин мектепке киргизе албайм. Мен анын келечеги үчүн корком, себеби ал расмий түрдө эч жерде катталган эмес. Менин материалдык абалым абдан оор, баланы дарылоого жана багууга акчам жок. Жада калса жумушка да чыга албайм, себеби кайрадан зомбулукка кабылам деп коркуп жашап жүрөм", - дейт Амира.
Nada фондунун маалыматы боюнча, Амиранын окуясы уникалдуу эмес. Мындай окуялар Судандын согуш жүрүп жаткан аймактарында барган сайын көбөйүүдө.

Көптөгөн балдар өтө татаал шарттарда жарык дүйнөгө келишүүдө, адатта атасы жөнүндө эч кандай маалыматтар болбойт. Nada фондунун калкты коргоо программаларынын жетекчиси Абу Бакр Юсиф Якубдун айтымында, ушундан улам жаңы төрөлгөн ымыркайды расмий каттоо мүмкүн болбой жатат.
"Баланы каттоо үчүн тек жайын тастыктаган документ, улуттук идентификациялык номер жана атасы тууралуу маалыматтар керек. Бирок атасы болбосо же анын ким экени белгисиз болсо, баланы каттоо өтө кыйын", - деди ал Би-Би-Сиге.
"Көп учурда эне жалгыз калат. Ал тургай эне өзү да өспүрүм, ал жардамга жана колдоого муктаж. Жокчулук эненин мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу түрдө чектеп жатат", - дейт Абу Бакр Юсиф Якуб.
"Мындан тышкары, балдардын саламаттыгы да өзгөчө көйгөйлүү тема, себеби алар зарыл болгон медициналык жардамга жете алышпайт, төрөлгөндөн баштап бир жашка чыкканга чейин алышы керек болгон вакциналардан куру калышууда", - деп кошумчалады дарыгер.
Якубдун айтымында, келечекте мындай балдар билим ала алышпайт, аларга документтер берилбейт, же ары-бери эркин жүрө алышпайт.
Көйгөйдүн масштабын баалоо дээрлик мүмкүн эмес. Nada фондунун башкы директору Шаза Ахмеддин айтымында, сексуалдык зомбулуктун натыйжасында жарык дүйнөгө келген балдардын так саны белгисиз. Буга биринчи кезекте катуу социалдык кысым себепчи болуп жатат.
"Мындай зомбулукту башынан өткөргөн аялдар адатта бул тууралуу кимдир бирөөгө айта алышпайт. Тилекке каршы, бул балдардын энелеринин көбү – 18 жашка чыга элек кыздар. Ошондуктан алар өз алдынча сотко же полицияга кайрыла алышпайт, себеби мыйзам боюнча алар мыйзамдуу өкүлдүн коштоосу менен келип, арыз жазышы керек", - деди Шаза Ахмед.
Анын айтымында, уюм каттаган учурлардын болжол менен 90 пайызында үй-бүлөлөр кызы зордукталганы жөнүндө расмий билдирүүдөн баш тартышат.
"Судандык аял катары, мен баарынан да бир нерседен корком: стигмага кабылган, өмүр бою кодуланып, коркуп жашай турган бир муун өсүп келатат. Бул балдарды коом кабыл албайт, алардын бакубатчылыгы тийиштүү деңгээлде корголбойт, эң негизгиси, алар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн жана өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарынан толук пайдалана алышпайт", - деди Шаза Ахмед.
Анын пикиринде, Судандын мыйзамдары ар бир балага тек жайын тастыктаган документ алуу укугун кепилдегенине карабастан, мындай балдарга башкача мамиле жасалат, алар көз жаздымында калып келишүүдө.
Судандык юрист Мажида Идрис 2010-жылы кабыл алынган Баланын укуктары жөнүндө мыйзам никесиз төрөлгөн балдарды каттоого уруксат берерин айтты.
Бирок энеси зордукталганы тууралуу расмий билдирип, арыз жазган учурда гана баланы каттоого байланыштуу жол-жоболор башталат.
Ушундай арыз жазылгандан кийин гана керектүү документтерди тариздөө үчүн иш социалдык кызматтарга өтүп, андан кийин жарандык абалдын актыларын каттоо органдарына жиберилет. Ал жерде балага энесинин фамилиясы берилип, белгиленген жол-жобого ылайык бала толук юридикалык аты-жөнгө ээ болуп, документ алат.

Анткен менен, Мажида Идристин айтымында, согуш учурунда кырдаал таптакыр башкача, айрыкча Дарфурда аягы көрүнбөгөн жаңжал мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасынын иш жүзүндө бузулушуна жана жарандык каттоо бөлүмдөрүнүн жабылышына алып келди. Натыйжада миңдеген балдар расмий документтерсиз калышууда.
"Документтин жоктугу – бул жөн гана кагаз жок дегенди билдирбейт. Документ болбосо, бала билим алалбайт, медициналык жардамга жете албайт, юридикалык жактан тек жайы белгисиз калат", - деди ал Би-Би-Сиге.
Юристтин айтымында, мүмкүн болушунча тезирээк убакытта жеткиликтүү райондордо жарандык абалдын актыларын каттоо органдарынын ишин калыбына келтирип, балдарга документ берип, өз укуктарынан колдоно алышын камсыз кылуу өтө маанилүү.
Амира уулу менен дагы эле Дарфурда жашап жатат, юридикалык жактан да алардын абалы анык эмес бойдон калууда.
Кыздын апасы небересинин документтеринин жоктугу аны абдан тынчсыздандырып жатканын мойнуна алды.
Nada фонду Амирага психологиялык жардам берип, эмоционалдык жактан колдоо көрсөтүүдө.
"Кызымды тапканча ичкеним ирим, жегеним желим болуп жашап келдим", - дейт Амиранын апасы.
"Кызымдын табылганы Кудайдын керемети болду. Кызыбыз кайрадан жаныбызда отурганына шүгүр кылабыз", - дейт Амиранын апасы. (ZMa)
































