"Иран эч качан тизе бүкпөйт". Пезешкиян Трампка жооп берди

Сүрөттүн булагы, EPA
Ирандын президенти Масуд Пезешкиян АКШ жана Израил менен дээрлик жети айдан бери уланып жаткан согушка карабастан, Иран эч качан "тизе бүкпөй турганын", бирок жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүгө даяр экенин айтты.
Ал АКШ президенти Дональд Трамптын жакын арада келишимге жетишилбесе, Ислам Республикасын "жок кылып салуу" тууралуу коркутууларына жооп берди.
"Санкциялар, күчөтүлгөн басым жана зомбулукка негизделген кысым алдында Иран элинин каршылыгы гана күчөйт", - деди Пезешкиян БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып.
Пезешкиян ошондой эле кандай гана келишим болбосун, Иран кемелеринин Перс булуңундагы маанилүү суу жолун пайдаланууга тоскоолдук кылып жаткан АКШнын блокадасын алып салууну камтышы керектигин белгиледи.
"Баары Ормуз кысыгын пайдаланып, биз болсо аны пайдалануу укугунан ажыраган кырдаал болушу мүмкүн эмес", - деди ал.
Пезешкиян сөзүн баштаганда залдан чыгып кеткен АКШ делегациясы азырынча анын билдирүүлөрүнө комментарий бере элек.
"АКШнын президенти бизди террорчулар деп атады. Ал эми биз терроризмдин курмандыктары болгонбуз", - деди Иран президенти Нью-Йорктогу БУУнун трибунасынан.
Андан соң ал өлкөнүн маркум Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеинин сүрөтүн алып чыкты. Хаменеий АКШ менен Израил февралдын аягында Иранга каршы биргелешкен чабуул баштаган учурда анын штабына урулган соккунун кесепетинен каза болгон.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал ошондой эле ошол эле күнү Минабдагы башталгыч мектепке жана Ламерддеги спорт комплексине жасалган ракеталык соккулардан каза болгон жайкын тургундардын сүрөттөрүн көрсөттү.
Ирандын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, бул эки чабуулдан 175тен ашуун жайкын тургун каза тапкан жана алардын үчтөн экиси балдар болгон.
АКШ Ламердге сокку урганын четке кагып, Минабда эмне болгонун дагы эле иликтеп жатканын билдирген.
"Күнөөсүз элибиз өлкөбүзгө каршы жасалган коркоктук чабуулдардын жана агрессиянын бутасына айланды. Биз болсо өзүбүздү болгон күчүбүз менен коргодук", - деди Пезешкиян.
Шаршемби күнү Ормуз кысыгында жүк ташуучу кемеге жасалган чабуулдан индиялык деңизчи каза болгону кабарланды. Бул тууралуу Франс Пресс агенттиги Оман жана Индиянын расмий өкүлдөрүнө таянып билдирди.
Индиянын Тышкы иштер министрлиги чабуулду айыптап, Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин тоскоолдуксуз жүрүүсүн калыбына келтирүүгө чакырды.
Февраль айында Иран АКШ менен Израилдин масштабдуу аба соккуларына жооп иретинде Израил жана АКШнын аскердик базалары жайгашкан коңшу Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнө ракета жана дрондор менен чабуул жасаган. Бул чабуулдардан адамдар каза болгон.
Иран ошондой эле адатта дүйнөдөгү мунай жана газ ташууларынын бештен бир бөлүгү өткөн Ормуз кысыгын иш жүзүндө жаап салган. Иран Перс булуңунда, Оман булуңунда жана Араб деңизинде соода кемелерине чабуул жасаган.
Буга жооп катары АКШ апрель айында Ирандын портторуна жана кемелерине блокада киргизген.
Июнь айында АКШ менен Иран согушту токтотуу жана кысыкты кайра ачуу боюнча алдын ала келишимге жетишкен. Бирок Ирандын кемелерге жасаган чабуулдары кайра башталып, АКШ блокадасын кайра киргизгенден кийин бул келишим бир нече жуманын ичинде бузулган.
Иран Ормуз кысыгынын үстүнөн белгилүү деңгээлде көзөмөлүн сактап калууну жана аны пайдаланган кемелерден акы алууну каалайт. АКШ буга каршы.
Шейшемби күнү БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Трамп алдында "чоң чечим" турганын айткан.
"Мен маанилүү чечим кабыл алышым керек. Иранга өз өлкөсүн кайра курууга жана аны мурдагыдан да күчтүү кылууга мүмкүнчүлүк бере турган келишим түзүлөбү же болбосо мындан ары алар адамдарды өлтүрүп, өлкөсүн талкалабашы үчүн Ислам Республикасын тез арада жок кылыш керекпи? Аларга жашап калууга эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, келечекке жана кийинки муундарга үмүтү калбаган тозокту орнотобузбу? Бирок менин оюмча, биз шайлоодон кийин дароо келишим түзөбүз", - деген Трамп.
Пезешкиян бул коркутууну "зомбулукка негизделген ой жүгүртүүнүн белгиси" деп атады.
"[Трамп] муну билиши керек: санкциялар, күчөтүлгөн басым жана зомбулук алдында Иран элинин каршылыгы гана күчөйт. Биз эч качан баш ийбейбиз жана тизе бүкпөйбүз", - деди ал.
Бирок ал: "Биз диалогго, дипломатияга жана сүйлөшүүлөргө даярбыз, бирок күч колдонуу тилин кабыл албайбыз", - деп кошумчалады.
Пезешкиян кандай гана келишим болбосун, анын алкагында АКШнын блокадасы жоюлушу керектигин да ачык билдирди.
"Баары Ормуз кысыгын пайдаланып, биз болсо бул суу жолу аркылуу кеме каттамын пайдалануу укугунан ажыраган кырдаал болушу мүмкүн эмес", - деди ал.
Ал ошондой эле Иран тынчтык максатындагы өзөктүк программага ээ болуу укугунан баш тартпай турганын жана өзөктүк курал жасоого умтулбай турганын дагы бир жолу белгиледи.
"Биз муну ачык айтабыз: өзөктүк куралга - жок, ал эми тынчтык максатындагы өзөктүк технологияларга эч кандай чектөө болбошу керек".
Трамп болсо өз сөзүндө согуш Ирандын өзөктүк бомбага ээ болушуна жол бербегенин белгилеп, өлкөнүн жетекчилеринен "өзөктүк максаттарынан баш тартууну" талап кылды.
Шейшемби күнү Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен АКШнын өкүлү Стив Уиткофф Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында Катар ортомчулары аркылуу кыйыр сүйлөшүү өткөрүштү.
Уиткофф июнь айынан берки алгачкы бул сүйлөшүүлөр "конструктивдүү жана үмүт берүүчү" болот деп үмүттөнөрүн айтып, ортомчулар өз ишин улантарын билдирди.
Бирок Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи сүйлөшүүлөрдө "жаңы эч нерсе жок" экенин айтты. Анын сөзүнө караганда, Аракчи Ирандын буга чейинки шарттарын, анын ичинде АКШнын блокадасын жоюу жана Ирандын тоңдурулган активдерин бошотуу талаптарын өзгөртүүсүз калтырган.

































