Үркүн, Сталин, НКВД. "Жусуп" тасмасы эмнеге талкууга түштү?

- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
Жусуп Абдрахманов тууралуу "Жусуп" тарыхый-көркөм тасма көрүүчүлөргө сунушталгандан кийин чыгармада кыргыз тарыхынын маанилүү окуялары жана тарыхый инсандар кандай чагылдырылганы тууралуу талкуу күчөдү. Тасманы сындагандар Үркүн, Сталиндин саясий ролу, НКВД жана Абдрахмановдун өлүмү сыяктуу окуялардын берилишине байланыштуу суроолорду көтөрүп, айрым тарыхый фактылар тасмада өзгөртүлүп көрсөтүлгөнүн айтышууда. Ал эми режиссёр Таалайбек Кулмендеев жана башкы сценарист Каныбек Иманалиев тасма даректүү эмес, тарыхый булактарга негизделген көркөм чыгарма экенин, андыктан окуялар автордук интерпретация аркылуу берилгенин белгилешет. Талкууга Абдрахмановдун урпактары да кошулду.
Жаш тарыхчы Искендер Батырбек уулу "Жусуп" фильми боюнча бир нече суроо көтөргөн.
"Үркүн тууралуу тасмада бир дагы сцена же сөз жок. Жусуп Абдрахманов Үркүн окуясын башынан өткөргөн. Үркүн учурунда ал апасынан айрылган. Анын апасы, карындаштары, инилери жана атасы каза болуп, Жусуп менен анын иниси Токо гана калган. Ошондуктан Үркүн окуясы Жусуп Абдрахмановдун балалык чагы менен түздөн-түз байланыштуу", - деген тарыхчы ошондой эле Сталиндин образы тасмада туура эмес көрсөтүлгөнүн, НКВД кызматкерлеринин улуту жана Жусуп Абдрахмановдун өлтүрүлүшүнө байланыштуу окуялар тарыхый жактан бурмаланганын айткан.
Ошондой эле Жусуп Абдрахмановдун чөбөрөсү Астемир Абдрахманов тасманы сындап, анда бир катар тарыхый фактылар бурмаланганын айтты.
"Авторлордун эң башкы катасы - Жусуп Абдрахмановдун жеке үй-бүлөлүк архивиндеги документтерди көз жаздымда калтырганында. Бул материалдарды изилдөө сценаристтерге жана режиссёрго мындай одоно каталардан, тарыхый бурмалоолордон качууга жардам бермек. Тартуу тобунун мындай мамилесин кесиптик этиканын толугу менен төмөндөшү, ошондой эле биздин элдин гана эмес, жалпы адамзаттык маданияттын каада-салтын, үрп-адатын баркка албагандык деп атоого болот".

Астемир Абдрахманов тасмага 100 млн сом кеткенин кошумчалады.
"Жусуп" тасмасынын режиссёру Таалайбек Кулмендеев тасмага кеткен каражат тууралуу мындай деди:
"117 млн деп чечилген, бирок биз 104 млн сомго жасап бердик. Кыргызфильмде жөнөкөй фильмдерге 40-60 миллиондон берилип жатат. Бул тарыхый тасмага 100 млн деген түшүнгөн кишиге аз эле акча болуп калат. 100 жыл мурунку кезге кайтып барып, инсталляция жасап, ошол кездеги каармандарды окшоштурганга аракет кылуу бир топ эмгекти талап кылды".
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошондой эле Кулмендеев тасманын даректүү эмес, көркөм тасма экенин белгилеп, режиссёр катары жеке көз карашы менен чыгарма жаратканын айтты.
"Тасма даректүү тасма эмес. Тарыхый булактарга таянганы менен, аны көркөм интерпретация, баяндоо жолу менен ушундай кылып сунуштадык. Мен өзүм режиссёр катары ушундай чагылдырып бердим. Ал жагабы, жакпайбы, ал башка маселе. Бул ар бир адамдын өзүнүн чечими. Буга бааны тарых, анан эл коёт".
Фильмдин башкы сценаристи Каныбек Иманалиев да көрүүчүлөр көркөм тасма менен даректүү тасманын айырмасын билиши керектигин айтып, айрым фактыларга токтолду.
"Кыргыз түшүнсүн, кыргыздын душманы кыргыздан эле чыккан. Кудайкулов чыккан. НКВДнын адамы чыгып атып жатпайбы, ошону түшүнсүн, кыйыр түрдө. Эми ошону сөзсүз айтыш керекпи? Кинонун тили менен түшүнүш керек. Сталин Жусуп Абдрахмановду аткыла деген эмес, ага ушактаган дагы кыргыздар болгон, интеллигенциясы болгон. Аткан да кыргызстандык болгон. А иш жүзүндө Лоцманов ошол жерде УКМКнын төрагасы болгон. Документалдуу тасма бул кургак хроника. Көркөм фильм - ошол кездеги авторлордун: сценарийдин авторунун, режиссёрдун, башкы ролду аткарган адамдын фантазиясы, көркөм ой жүгүртүүсү, романтикасы менен жаралат. Мисалы, "Курманжан Датка" фильми чыкканда, абдан сынга алынган. Азыр эмне болду? Он жылдан кийин биз тарыхтан окуган Курманжан Датка же "Кел-Келден" окуган Курманжан Датка эмес, Садык Шер тарткан, он млн адам көргөн эмоционалдык элес калды".

Сүрөттүн булагы, Social media
Каныбек Иманалиев тасмада Жусуп Абдрахмановдун өмүрүндөгү бардык тарыхый окуяларды толук камтуу максаты болбогонун айтты.
Анын айтымында, тасмада Жусуп Абдрахмановдун өзүнчө атууга алып барылышы анын образын баса көрсөтүү үчүн берилген. Иманалиев тасмада Маяковскийдин өлүмү жана жаназасы сыяктуу окуяларды кеңири көрсөтүүгө байланыштуу сунуштар болгонун айтып, мындай көрүнүштөр тасманын негизги темасынан алаксытышы мүмкүн экенин белгиледи.
"Баарын чогуу алып барып атышкан деп айтып жатышат. Бирок Жусупту өзүнчө атууга алып барганыбыз менен биз Жусуптун образын бийик көтөрүп жатабыз. Бирөө "Маяковскийдин өлүмүн уюштуруп койбойбу?" деп жазып жатат. Анда биз Маяковскийдин жаназасын уюштурсак, Москвага 100-200 адам катышмак, табыт сатып алыш керек, гүл алыш керек, Москванын көчөсүндө тартууга уруксат алыш керек. Ага эле үч миллион сомдой чыгым кетет. Бизде Маяковский биринчи орундабы же Маяковскийди көтөрмөлөшүбүз керекпи? Же Маяковский аркылуу Жусуп Абдрахмановду көрсөтүшүбүз керекпи? Экинчиден, Үркүндү айтып жатасыз. Биринчиден, менин сценарийимде Үркүн бар. Бирок кеп Үркүндү даңазалоодо эмес. Аягында бир эле сүйлөм менен биз Үркүн маселесин чечип жатабыз. НКВД кат жазганда, Үркүн тууралуу "улуттук-боштондук кыймылы" деп атаганы айтылат. Бизге негизгиси ошол керек. Ал эми Үркүндү толук тартсак, 400-500 адамды тартуу, канча транспорттук каражат, канча адамды алып барып, аларды ошол доорго ылайык кийинтүү керек болмок. Бул айткандай эле көп каражатты талап кылмак. Негизги идея - биз Жусуп Абдрахмановдун образын көтөрүшүбүз керек. Маяковскийди эмес, Үркүндү эмес. Үркүн айтылды, ал кыйыр түрдө эле берилет. Андан кийин айрымдар "тигил кирбей калыптыр, бул кирбей калыптыр" деп айтып жатышат. Эгер алардын баарын киргизсең, анда бул тасма документалдык тасмадан айырмасы жок болуп калат", - деди Иманалиев.
16-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын эгемендигинин 35, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун туулгандыгынын 125 жылдыгына арналган "Жусуп" тарыхый-көркөм тасмасы жарык көргөн.

Сүрөттүн булагы, Gov.kg
Тасмада өткөн кылымдын башындагы окуялар чагылдырылып, Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү ролу баяндалат. Кинону тартуу иштери Кыргызстанда, Орусияда, Казакстанда жана Өзбекстанда жүргүзүлгөн.

Сүрөттүн булагы, Gov.kg





























