Украина: Андрей Ермак арам акчаны адалдоого шектелүүдө

    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-Би-Си Орус кызматы
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

Украинанын антикоррупциялык органдары Киевдин жанындагы элиталык турак жайдын курулушунда 460 миллион гривняны легалдаштырууга катышы бар уюшкан топтун бети ачылганын билдиришти. Шектүүлөрдүн арасында Владимир Зеленскийдин кеңсесинин мурдагы жетекчиси Андрей Ермактын дагы ысымы аталды. Ал былтыр ноябрь айынын аягында "Миндичгейт" аттуу коррупциялык жаңжалдан кийин кызматынан алынган эле.

Украинанын Улуттук антикоррупциялык бюросу (НАБУ) жана Атайын антикоррупциялык прокуратурасы (САП) Андрей Ермак Киевдин жанындагы элиталык курулуш аркылуу 460 миллион гривняны (болжол менен 10,5 миллион доллар) мыйзамдаштырууга катышы бар "уюшкан топтун" мүчөлөрүнүн бири болушу мүмкүн экенин билдиришти. Ал кылмыш жолу менен алынган мүлктү адалдоо беренеси боюнча шектелип жатат.

НАБУнун маалыматына ылайык, курулуш иштери "Династия" аттуу коттедж шаарчасында жүргүзүлгөн. Тергөө версиясы боюнча, курамына Тимур Миндич жана Украинанын мурдагы вице-премьер-министри Алексей Чернышев кирген бизнесмендер менен саясатчылардын тобу ал жерде жашоо үчүн төрт жеке резиденцияны сатып алуу боюнча келишим түзүшкөн.

Ар бир резиденциянын аянты болжол менен 1 миң чарчы метрди түзүп, баасы эки миллион доллардын айланасында экени айтылды. Антикоррупциялык органдардын маалыматына ылайык, резиденциялар жалпы аянты сегиз гектардан ашкан жер тилкелерине курулуп, алардын баасы алты миллион доллардан жогору болушу мүмкүн.

НАБУ жана САПтын версиясы боюнча, 2021–2025-жылдары бул резиденциялардын келечектеги ээлери жана башка адамдар курулуш иштеринин алкагында дээрлик тогуз миллион долларды адалдаштырган.

Ал эми Ермак тергөө амалдары аяктаганга чейин бул жагдай боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. "Азыр эч нерсени комментарийлебейм. Тергөө иштери бүткөндөн кийин өз пикиримди билдирем", - деди ал.

Зеленскийдин кеңсеси бул боюнча комментарий бере элек.

"Процессуалдык аракеттер дагы деле жүрүп жатат, андыктан азырынча баа берүү эрте", - деди Украинанын президентинин кеңешчиси Дмитрий Литвин. Ага Би-Би-Синин Орус кызматынын кабарчысы, Зеленский анын офисин мурда жетектеген адамдын шектелип жатышына комментарий бере алабы деп кайрылган эле.