Элмурза Сатыбалдиев Улуттук олимпиада комитетинин президенттигинен талапкерлигин алып салды

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кыргызстандын Волейбол федерациясынын президенти, экс-депутат Элмурза Сатыбалдиев Улуттук олимпиада комитетинин жетекчилигине талапкерлигин көрсөтпөөнү чечкенин билдирди. Бул тууралуу ал 10-майда Фейсбук баракчасына жазды.

Сатыбалдиев талапкерлигин алып салганынын себебин түшүндүргөн жок.

"Мен Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин президенти кызматына талапкерлигимди көрсөтпөө чечимин кабыл алдым. Биз мындан ары да өлкөбүздөгү спортту өнүктүрүү үчүн биргеликте иш алып барабыз", — деп айтылат Сатыбалдиевдин билдирүүсүндө.

11-майда УОКтун жаңы башчысын жана биринчи вице-президентин шайлоо өтөрү айтылган.

Айрым маалымат каражаттары УОКтун башчылыгына Сатыбалдиевден тышкары Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуевдин жана Хоккей федерациясынын вице-президенти Айваз Оморкановдун талапкерлиги сунушталып жатканын жазышкан.

Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы жетекчиси Умбеталы Кыдыралиев март айынын аягында кызматтан кеткен. Саясий чөйрөдө ал быйыл февралда жумуштан бошотулган Камчыбек Ташиевдин санаалашы экени айтылып жүрөт.

Кыдыралиев бул кызматка 2024-жылдын аягында келип, Садыр Мамытовдун ордун баскан эле. Садыр Мамытов болсо УОКтун башчылыгына Шаршенбек Абдыкеримов кеткенден кийин келген.