You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстан күйүүчү май жана дизель отунун кымбат сатып ала баштады
Кыргызстан күйүүчү май жана дизель отунун Орусидан кымбатыраак баага сатып ала баштады. Бул тууралуу "Ынтымак Ордонун" маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасында жазды.
Анын айтымында, согуш башталганга чейин Кыргызстан Орусиядан АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин тоннасын 650 доллардын тегерегинде алып келсе, учурда анын баасы орточо 950 доллар болуп жатат. Ал эми дизель отунун мурда тоннасы болжол менен 700 доллар болсо, азыр 1200 доллардан ашты.
Орунбеков буга АКШ менен Израиль Иранга каршы согуш аракеттерин баштагандан бери дүйнө жүзүндө газ жана күйүүчү майдын баасы кескин кымбаттаганы себеп болгонун, анын Кыргызстанга дагы түздөн-түз таасири тийип жатканын айтты.
"Айрым жарандарыбыз "эмне үчүн кошуна Казакстанда күйүүчү май арзан да, бизде кымбат?",- деген суроону берип жатышат. Мунун негизги себеби - Казакстанда ири нефть ресурсу бар, өздөрү өндүрөт жана күйүүчү май мамлекет тарабынан субсидирование болот. Башкача айтканда, мамлекет каржылап өз эсебинен бааны төмөн кармап турат",- деди ал.
Орунбеков өлкө мунайды өндүрүп, кайра иштетүү багытында активдүү иштер жүргүзүп жактанын белгилей өттү.
"Учурда "Кыргызнефтегаз" жана "Джунда" нефть кайра иштетүүчү заводдорунда модернизация иштери кызуу жүрүп жатат. Бул заводдор жаңылангандан кийин евростандартка жооп берген сапаттуу күйүүчү май өндүрүлө баштайт",- дейт Орунбеков.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам жалпы дүйнөдө мунай кымбаттап жатканына байланыштуу күйүүчү майдын баасы Кыргызстанда да көтөрүлөрү тууралуу буга чейин "Кыргызстан Нефтетрейдерлер ассоциациясы" эскертүү берген эле.
Ассоциациянын президенти Канат Эшатов Биринчи радиого апрелде курган маегинде баалардын кескин кымбаттап кетишине жол бербөө үчүн нефтетрейдерлер кыргыз өкмөтүнө сунуш киргизип, күйүүчү майды акциз жана салыктардан убактылуу бошотууга чакырган.
"Салыктар жана акциздер баалардын 25% түзөт. Көптөгөн өлкөлөр акцизди жокко чыгарып, кошумча нарк салыгын, сатуудан алынуучу жана башка салыктарды эң төмөнкү чекке түшүрдү. Министрлер кабинетинин алдында мунай ташуучулардын өкүлдөрү кирген ыкчам штаб түзүлгөн. Штаб Министрлер кабинетине бул салыктарды жана маркирлөөгө алынчу, Жол фондуна алынуучу төлөмдөрдү убактылуу жокко чыгара турууну сунуштадык", - деген эле Канатбек Эшатов.
Кыргызстан күйүүчү майдын 95% Орусиядан сатып алат.