You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
"15 мүнөттүк шаар" Министрлер Кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки Башкы планын бекитти
Министрлер Кабинети Бишкектин 25 жылдык дымактуу планын карап, талкуулаган соң бекитти. Бул тууралуу маалымат Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыяланды.
АКШ менен Иран согушу долларга кандай таасир тийгизет?
АКШнын Иранга кол салуусунан кийин доллар дүйнөлүк резерв жана эсеп-кысап валютасы катары өз ордун сактап кала алабы деген талкуу кайра жанданды. Иран Ормуз кысыгын жаап, танкерлерден кытай юаны жана стабилкоиндер менен салык чогулта баштады. Бул жагдай дүйнөнүн алдыңкы валютасы үчүн канчалык коркунучтуу жана Иран согушунун натыйжасында юань доллардын ордун баса алабы?
Чернобылдагы кырсык: СССРдин КГБсы диверсанттарды кантип издеген?
Мындан туура 40 жыл мурда, 1986-жылы 26-апрелге караган түнү Чернобыль атомдук электр станциясынын төртүнчү энергоблогу жарылган. Бул күнү атомдук энергетиканын тарыхындагы эң чоң апаат болгон. КГБнын архивдик документтеринин негизинде СССРдин мамлекеттик коопсуздук кызматтары кырсыктын күнөөкөрлөрүн америкалык тыңчылардын жана чет өлкөлөрдөгү украин улутчулдарынын арасынан кантип издегенин эстейли.
"Кулагымды да, көзүмдү да алды". Чернобыль апаатына 40 жыл
Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыкка быйыл туура 40 жыл болду. Убагында апааттын кесепеттерин жоюу үчүн Кыргызстандан үч миңден ашуун адам жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө алардын тогуз жүздөйү гана калган.
Тегеранда акча тартыш, күнүмдүк жашоо согушка кайтуу коркунучу менен уланууда
Тегарандагы жаркыраган жаз күнү, бул - азык-түлүк жана үй-тиричилик товарларын саткан дүкөндөр менен катар эле тез тамактануучу жана гүл саткан жайлар аралаш жайгашкан Санаеи Газнави көчөсү кадимки эле жердей көрүнөт.
Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз
Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз
Редактордун тандоосу
Садыр Жапаров менен Владимир Путин Москвада эмнени талкуулады?
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 23-апрелде Москвада Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолукту. Кездешүү өтөрү тууралуу алгач болуп кабарлаган орусиялык журналисттер муну жабык жолугушуу деп сыпатташты. Ошондой эле аны Евробиримдиктин Кыргызстанга байланышкан санкцияларды киргизген учурга туш келгенине көңүл бурушту.
Евробиримдиктин жаңы санкциясы: Айрым жабдыктарды Кыргызстанга экспорттоого тыюу салынды
Европа Биримдиги (ЕБ) санкцияларды айланып өтүүгө каршы механизмин биринчи жолу ишке киргизип, Кыргызстанга станокторду жана радио байланыш жабдыктарын экспорттоого тыюу салды. Евробиримдиктин кеңеши Орусиянын Украинадагы согушуна байланыштуу мындай санкциялардын 20-пакетин 23-апрелде жактырды. Кыргыз өкмөтү Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшпөгөнүн белгилеп, Батыш мамлекеттерин кош стандарттуулукка айыптап келет.
Meta жасалма интеллектке кеткен чыгымдардын ордун толтуруу үчүн 8 миң кызматкерин кыскартууда
Facebook, Instagram соцтармактарына жана WhatsApp мессенжерине ээлик кылган Американын Meta технологиялык компаниясы 8 миңге жакын адамын же кызматкерлеринин 10 пайызын жумуштан бошотуу ниетин жарыялады. Бул чечим фирманын жасалма интеллект технологияларына жумшаган ири инвестициялары менен байланыштуу.
Улан Эгизбаев тууралуу тасма кинотеатрларда көрсөтүлө баштады
Кыргызстанда маркум журналист Уланбек Эгизбаев тууралуу "Мафия. Миллиондор изи" аттуу көркөм тасма кинотеатрларда көрсөтүлө баштады. Андагы окуянын өзөгүн ири коррупциялык схема менен күрөшкөн иликтөөчү журналисттер түзөт.
Көк-бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев 14 жылга соттолду
Көк-бөрү федерациясынын экс-президенти, мурда ички иштер органдарында жогорку кызматтарды аркалаган Талас Бегалиев 14 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Чүй облустук соту 23-апрелде чыгарганын аталган соттун басма сөз кызматы билдирди.
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.