You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Шавкат Мирзиёев менен Касым-Жомарт Токаев Москвадагы парадга катышты
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 81 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн 8-майда Москвага келди. Бул тууралуу өзбек мамлекет башчысынын расмий сайтында айтылат.
Мирзиёев ошол эле күнү орус президенти Владимир Путин менен жолугуп, Өзбекстан менен Орусиянын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана чыңдоо маселелери каралды.
Казак президентинин кеңешчиси жана басма сөз катчысы Айбек Смадияр Касым-Жомарт Токаев дагы Москвадагы майрамдык иш-чараларга катышып жатканын ырастады.
Телеграм каналындагы билдирүүсүндө, Кремль казак лидеринин бул чечимине канааттануусун айтканы жазылган.
Акорда бүгүн тараткан маалыматта Касым-Жомарт Токаев дагы Москвада Путин менен жекеме-жеке жолукканы айтылат.
"Сизди Москвада улуу Жеңиш майрамынын алдында көрүп жатканыма абдан кубанычтамын. Бул, айтылып жүргөндөй, көз жаш аралаш майрам. Биз адамзат тарыхындагы эң кандуу согуштун баатырларын урматтайбыз. Фашизмди жеңген совет мамлекети Экинчи дүйнөлүк согуштан улуу держава макамында чыгып, Улуттар уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Биз муну эстеп, ардагерлерибизди урматтайбыз. Азыр Казакстанда согушту көрүп, аны эстеп жүргөн болгону 57 фронтовик калды", – деп Токаев айтканын анын басма сөз кызматы цитата келтирет.
Токаев Путиндин май айынын соңунда Казакстанга мамлекеттик сапары болорун, ага активдүү даярдыктар жүрүп жатканын белгилеген.
"Соңку беш жыл ичинде Орусия казак экономикасынын негизги инвесторлордун бири болуп келе жатат. Соода ийгиликтүү өнүгүп жатат. Быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча, прогноздорго ылайык, биз ишенимдүү түрдө 30 миллиард доллардык көрсөткүчтөн ашабыз - бул жакшы жыйынтык", -деди Токаев.
Президент Садыр Жапаров быйыл Москвадагы аскердик парадга катышпайт.
Буга чейин Кремль 9-майга пландалган парадды утурлай орус башкалаасына келе жаткан чет өлкөлүк жогорку жетекчилердин тизмесин жарыялап, бирок анда борборазиялык лидерлердин ысымдары аталган эмес. Бардыгы болуп чет мамлекеттик жети делегация барары айтылган.
Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков орусиялык басылмаларга "Былтыркыдай эле быйыл да чет элдик конокторду атайын чакырган жокпуз", - деп билдирди.
Бул жолу аскердик парадга келе турган коноктордун тизмеси Орусия Украинага каршы согушту толук масштабда баштагандан берки эң кыска тизме болуп калды. Анда дагы Кремль эч кимди атайын чакырбаганын билдирген.
Быйыл Кызыл аянттагы парадда аскердик техникалардын колоннасы, суворовчулар жана нахимовчулар катышпай эле. Бул өзгөрүүнү Кремль абадан кол салуу коркунучу жана быйыл мааракелик жыл эместиги менен түшүндүрдү.
Владимир Путин Жеңиш күнүнө арналган Кызыл аянттагы аскердик парадда Орусия Украинага каршы согушта жеңишке жетерин дагы бир жолу билдирди. Ал бул согушту мурдагыдай эле "атайын аскердик операция" деп атады.
Өз сөзүндө Путин Орусияга бүтүндөй НАТО блогу каршы турганын дагы кайталады.
Ал "Украина" деген сөздү атаган жок. Анын ордуна мындай деди:
"Жеңүүчүлөр муунунун улуу эрдиги бүгүн атайын аскердик операциянын милдеттерин аткарып жаткан жоокерлерди шыктандырат. Алар бүтүндөй НАТО блогу тарабынан колдоого алынган агрессивдүү күчкө каршы турушууда".
Ошондой эле Путин Орусия тараптан согушка катышып жаткандардын баарына ыраазычылык билдирди. Алардын арасында аскер кызматкерлери, чиновниктер, өндүрүш өкүлдөрү менен катар "аскер кабарчыларын" да өзүнчө белгиледи.
Путин сөз сүйлөп бүткөндөн кийин Кызыл аянтта Орусиянын аскердик техникасы тууралуу бир нече видеоролик көрсөтүлдү. Анда дрондордон тартып аскер кемелери жана өзөктүк ракеталарга чейин көрсөтүлдү.
Быйылкы аскердик парадга аскер техникасы катышкан жок. Орусия бийлиги муну Украина тарабынан сокку урулушу мүмкүн деген коркунуч менен түшүндүргөн.
Андан соң Кызыл аянт аркылуу Орусиянын аскер кызматкерлери сап менен өтүштү. Мындан тышкары, парадга Түндүк Кореянын аскерлер колоннасы да катышты. Түндүк Кореянын армиясы Курск облусунда орус армиясынын аракеттерин колдогон.
Аскердик парад аскер учактарынын асманда учуп өтүшү менен аяктады.