You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Улуттук олимпиада комитетинин президенти шайланды
Айваз Оморканов Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп шайланды. Добуш берүүдө 48 киши Оморкановдун талапкерлигин колдоп, бирөө каршы болду. Ал комитеттин башчылыгына жалгыз талапкер болду. Шайлоо бүгүн, 11-майда Бишкекте өтүп, ага комитеттин 49 мүчөсү катышты.
Буга чейин бул кызматка Кыргызстандын Волейбол федерациясынын президенти Эльмурза Сатыбалдиев жана Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев дагы талапкер болушкан. Бирок алар добуш берүүгө бир күн калганда талапкерлигин алып салышкан.
Айваз Оморканов Кыргызстандын Хоккей федерациясынын вице-президенти. Аны атасы Анвар Оморканов жетектейт.
Айваз Оморканов 30 жашта, Бишкек шаарында төрөлгөн. 25 жашында Азия жана Океания аймагы боюнча Эл аралык хоккей федерациясынын эң жаш вице-президенти болуп калган. Ал бүткүл Азия аймагында хоккейдин өнүгүшүн көзөмөлдөйт.
Айваз Оморканов триатлон боюнча спорт чебери жана велоспорт боюнча спорт чеберлигине талапкер. Ironman дүйнө чемпионатына катышкан биринчи кыргызстандык. 2020-жылы 18–24 жаш курактык категориясында Ironman 70.3 дүйнөлүк рейтингинде лидер болгон. 2018-жылдын июнь айында Австрияда биринчи жолу Ironman толук аралыгын багындырган.
Ошондой эле Пекин эл аралык соода жана экономика университетинде эл аралык экономика жана соода багыты боюнча билим алган. Андан соң Кыргыз улуттук университетинде эл аралык соода жана экономика боюнча жана КР ТИМнин Дипломатиялык академиясында магистратураны аяктаган. 2024-жылдын июнь айынан тарта Оморканов Словениянын Кыргызстандагы ардактуу консулу кызматын да аркалайт. Англис, кытай, орус жана кыргыз тилдеринде эркин сүйлөйт.