Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү алмашты

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрдин орун басары Марат Тагаев ээлеген кызматынан бошотулуп, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымат таратты.

"Министрлер Кабинетинин "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө" жобого, ошондой эле ТҮРКСОЙ Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун түзүлүшү жана иштөө принциптери жөнүндө келишимдин 4-беренесине ылайык Тагаев Марат Төлөмүшович ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы Кыргыз Республикасынын өкүлү болуп дайындалды" делет бул тууралуу расмий билдирүүдө.

Марат Тагаев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрдин орун басарлыгына 2023-жылдын 6-февралында дайындалган.

Ал жаштар саясаты, маалыматтык чөйрө жана кино жаатын жетектечү.

Тагаев 1994-жылы 27-апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч айылында туулган.

Саясатка келгенге чейин Марат Тагаев "Сентябрь" телеканалында кабарчы, андан кийин Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын катчылыгында башкы адис, "Азаттык медиада" журналист болуп иштеген.

ТҮРКСОЙ (Түрк маданиятынын эл аралык уюму) - түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эл аралык уюм. Аталган уюмдун башкы кеңсеси Анкарада жайгашкан.