Иран АКШнын согушту токтотуу боюнча сунуштарына жооп берди. Трамп бул жоопту "такыр кабыл алынгыс" деп атады

    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-Би-Си Орус кызматы
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Дональд Трамп Ирандын согушту токтотуу боюнча АКШнын планына карата берген каршы сунуштарын четке какты. Ал арада Ормуз кысыгындагы блокада уланууда, аймактагы жүк ташуучу кемелер дагы деле чабуулдарга кабылып, дрондор соккуларын улантып жатканы кабарланууда.

Буга чейин АКШ менен Ирандын ортосунда ортомчу болуп жаткан Пакистандын премьер-министри Тегерандын планы колго тийгенин ырастаган.

АКШ өз сунуштарын расмий жарыялаган эмес. Бирок жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, сөз Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөргө жол ачышы мүмкүн болгон 14 пункттан турган меморандум тууралуу болууда.

Жекшемби күнү Дональд Трамп Truth Social социалдык баракчасында "өздөрүн Ирандын өкүлдөрү деп атаган адамдардан" жооп келгенин жана аны окуганын жазды.

"Бул мага жаккан жок. ТАКЫР КАБЫЛ АЛЫНГЫС!", - деп билдирди АКШ президенти.

Ал АКШ сунуштаган пландын маңызы эмнеде экенин жана Иран кандай жооп бергенин тактаган жок.

Согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө өбөлгө болчу ок атууну токтотуу режими жылпысынан сакталууда.

Ошол эле учурда аймакта өз ара сокку уруулар уланууда, бирок алардын саны салыштырмалуу аз бойдон калууда.

Иран Ормуз кысыгын бөгөттөөнү улантып, бул дүйнөлүк мунай баасынын мындан ары да өсүшүн шарттап жатат. АКШ Тегеранга басым жасап, өз шарттарына макул кылуу максатында Ирандын портторуна карата блокаданы күчөтүүдө.

Дональд Трамп ушул жумада Иран менен болгон согуш "тез арада аяктайт" деген ишенимин билдирип, көпчүлүк адамдар Тегерандын өзөктүк амбицияларына чектөө коюу боюнча анын аракетин түшүнөрүн айтты.

АКШнын сунуштары тууралуу эмне маалымдалды?

Бул жумада Axios басылмасы билдиргендей, АКШ менен Иран жакын арада өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшу мүмкүн. Бул келишимге ылайык, тараптар согуш аракеттерин токтотуп, Ормуз кысыгын ачып, кийин Ирандын өзөктүк программасы боюнча кеңири сүйлөшүүлөргө өтүшмөк.

Axios маалыматына ылайык, план бир баракка сыйып, 14 пункттан турат.

Басылманын жазганына караганда, Вашингтон Иранга уран байытууну токтотуу боюнча милдеттенме алууну сунуштоодо. Анын ордуна АКШ санкцияларды алып салууга жана Ирандын тоңдурулган миллиарддаган каражаттарын бошотууга макул болот. Эки тарап тең Ормуз кысыгы аркылуу транзитке коюлган чектөөлөрдү да алып салууну караштырат.

Ошол эле учурда ирандык маалымат агенттиктери Tasnim жана Fars маалымат агенттиктери Тегеран ортомчу катары чыгып жаткан Пакистанга 14 пункттан турган өзүнүн тынчтык сунушун да бергенин билдиришкен.

Tasnim жазган маалыматка ылайык, Ирандын бийлиги бардык фронттордо согушту токтотууну жана Ормуз кысыгынын иштеши боюнча макулдашууга келүүнү сунуштаган.

Axios басылмасынын журналисти Барак Равид билдиргендей, Тегеран АКШга Ормуз кысыгынын тагдырын талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөргө эң көп дегенде бир ай убакыт бөлүүнү сунуштап, андан кийин гана Ирандын өзөктүк программасын талкуулоого өтүүнү сунуш кылган.

Тегеран ошондой эле келишимдин жыйынтыгында Израилдин Ливандагы "Хезболла" тобуна каршы согушу да токтошу керек экенин билдирген.

"Биз эч качан башыбызды ийбейбиз"

Жекшемби күнү Ирандын президенти Масуд Пезешкиан АКШ менен болгон сүйлөшүүлөр тууралуу комментарий берди. Ал АКШнын сунуштарын түздөн-түз эскербегени менен мындай деп жазды:

"Биз эч качан душмандын алдында баш ийбейбиз. Эгерде сөз диалог же сүйлөшүүлөр тууралуу болуп жатса, бул багынып берүү же артка чегинүү дегенди билдирбейт".

Буга чейин Ирандын парламентинин жогорку даражалуу өкүлү америкалык планды "каалоолордун тизмеси" деп атаган.

Тегеран кошуна өлкөлөрдү Ормуз кысыгына карата АКШнын блокадасын сактоодон сак болууга эскертти.

Ирандын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Мохаммад Акраминья кысык аркылуу өтүп жаткан кемелер алдын ала Тегеран менен макулдашпаса, "олуттуу кесепеттерге" туш болушат деп айтты. Бул тууралуу Irna агенттиги маалымдады.

Акраминьянын айтымында, америкалыктар "Инд океанынын түндүгүндөгү бул кең акваторияда өз кемелерин жайгаштыруу менен чыныгы блокада орното алышпайт".

Согушка чейин Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөдөгү мунай жана жаратылыш газынын болжол менен бештен бири ташылып турган. Иран бул суу жолуна болгон иш жүзүндөгү көзөмөлүн АКШга басым көрсөтүүчү курал катары колдонуп келген.

Иран кысык аркылуу өтүүгө аракет кылган кемелерге эскертүүлөр жөнөтүп келген, айрым учурларда аларга чабуул да жасаган.

АКШ Перс булуңунда олуттуу аскердик күчүн жайгаштырып келет - анын базалары Катарда, Бахрейнде, Кувейтте, Бириккен Араб Эмираттарында, Сауд Арабиясында жана Оманында жайгашкан.

Иран ошондой эле аймактагы АКШнын араб союздаштарына каршы жооп иретиндеги соккуларды да жасаган.

Жаңы сокку уруулар

Ошол эле учурда Иран АКШ менен союздаш болгон өлкөлөргө жана аймактагы кемелерге сокку уруп жатканы тууралуу кабарланып жатат.

Жекшемби күнү Британиянын Эл аралык деңиз соода операциялары борбору (UK Maritime Trade Operations) эл аралык деңиз каттамдарын көзөмөлдөп, Дохадан түндүк-чыгыш тарапта болжол менен 43 км аралыктагы жүк ташуучу кеме "белгисиз снаряд менен аткыланганын" билдирди. Кеменин бортунда кичинекей өрт чыккан, бирок жабыркагандар болгон эмес. Кийинчерээк Fars маалымат агенттиги атын атабаган булакка таянып, бул кеме АКШнын желеги менен жүргөн жана АКШга таандык болгон деп кабарлады.

Мындан тышкары, жекшемби күнү Кувейт анын аба мейкиндигине дрондор киргенин билдирип, өлкөнүн аскерлери "маселени чечишкенин" айтты.

Бир нече сааттардан кийин Бириккен Араб Эмираттары анын абадан коргонуу системалары Иран тараптан учуп келген эки дронду кармап түшүргөнүн кабарлашты.

Дүйшөмбү күнү 40тан ашык өлкөнүн аскердик мекемелеринин жетекчилери Ормуз кысыгында кеме каттамынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Британиянын планын талкуулашат.

Жыйынды Улуу Британиянын коргоо министри Жон Хили жана Франциянын коргоо министри Катрин Вотрен алып барышат. Коалиция мүчөлөрү согуш аракеттери токтогондон кийин деңиз кыймылын кантип көзөмөлдөө боюнча сунуштарын беришери күтүлүүдө.

6-майда Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык баракчасында эгер Иран келишимге макул болбосо, "бомбалоолор башталат - жана тилекке каршы, алар мурдагыдан кыйла масштабдуу жана интенсивдүү болот" деп жазган эле.