You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ажылык: Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Мадинага жетти
Кыргызстандан ажылык ибадатын аткаруу үчүн аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабиясынын Мадина шаарына конду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
10-май күнү Ош эл аралык аэропортунан 180 зыяратчыдан турган биринчи топ Мадинага карай жол тарткан. Ажыларды узатуу аземине муфтий Абдулазиз кары Закиров, Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчиси Ияд бин Гази Хаким жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Быйыл Кыргызстан үчүн ажылык квотасы былтыркыдай эле 6000ден ашуун орунду түзөт. Зыяратчылардын калган топтору да жакынкы күндөрү бекитилген графикке ылайык Сауд Арабиясына жөнөтүлмөкчү.
Быйыл Курман айт 27-майда белгиленери айтылган.
Ажылык - бул исламдын беш парзынын бири болуп саналган, мүмкүнчүлүгү бар ар бир мусулман өмүрүндө бир жолу аткарууга тийиш болгон ибадат. Ал белгиленген айларда Сауд Арабиясынын Мекке шаарындагы Каабаны жана башка ыйык жерлерди зыярат кылуу менен ишке ашырылат.
Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра министрлиги 2026-жылдагы ажылык мезгилинин алдында зыяратчыларга расмий визасыз келбөөнү катуу эскерткен. Падышалык мыйзамсыз кирүүгө аракет кылгандар жоопкерчиликке тартыларын билдирүүдө.