You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстанда жети согуш ардагери, 297 оорук эмгекчилери калды
Кыргызстанда 1941-1945-жылдары Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан жети согуш ардагери, 297 оорук эмгекчилери калды. Бул тууралуу бүгүн 9-май Жеңиш күнүнө карата Бишкекте өтүп жаткан майрамдык иш-чарада президент Садыр Жапаров билдирди.
Бул датага карата Бишкектеги Жеңиш аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 81 жылдыгы белгиленүүдө. Иш-чара согушта каза тапкандарды бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.
Андан кийин өлкө башчысы Садыр Жапаров сөз сүйлөп бул кандуу согушта Кыргызстан демографиялык олуттуу чыгымга учураганын айтып, 360 миңден ашуун кыргызстандык же же өлкөнүн ар бир төртүнчү тургуну ага катышканын белгиледи:
"1941–1945-жылдардагы кандуу согуш миллиондогон адамдардын өмүрүн алып, тынч жаткан ар бир кыргыз үй-бүлөсүнө каран түн салып, эсепсиз кайгы-капа алып келгенин жакшы билебиз. Ошол оор кезеңде кыргызстандыктар фронтто да, оорукта да болуп көрбөгөндөй эрдикти жана каармандыкты көрсөтүшүп, Улуу Жеңишке баа жеткис салым кошушкан. - Миңдеген жоокерлерибиздин майдан талаасында эл-жери үчүн кан-жанын аябай курман болушканына, ооруктагы эмгекчилердин күнү-түнү тынбай иштеп, фронтту керектүү азык-түлүк, кийим-кече жана аскердик жабдуулар менен камсыз кылышканына карт тарых өзү күбө".
Өлкө башчысы 110 миңден ашуун кыргыз жараны согушта мерт кеткенин, 150 миңден ашуун кыргызстандык фашисттик баскынчыларга каршы салгылашууларда көрсөткөн эрдиги үчүн орден-медалдар менен сыйланганын, 22 кыргыз "Даңк" орденинин толук кавалери, 73ү "Советтер Союзунун Баатыры" деген ардактуу наамга ээ болушканын да тизмектеп өттү.
Кыргызстанда быйыл Жеңиш күнүнүн урматына "Өлбөс полк" жүрүшү бир канча шаарларда өтүп жатат.
Экинчи дүйнөлүк согушта каза тапкан жакындарынын же согушка катышкан адамдардын портретин көтөрүп көчөгө чыгуу Орусияда патриоттук маанайды бекемдөө үчүн ойлоп табылып, кийин постсоветтик бардык аймакка жайылган.
Соңку жылдары "Өлбөс полкту" Кремлге байланыштырган маанай пайда болуп, жүрүш көптөгөн өлкөлөрдө Москванын Украинадагы аракеттерин колдоо катары кабыл алына баштады.
Коңшу Казакстан былтыр Алматы жана Семейден башка шаарларда коопсуздуктан улам бул жүрүштү өткөрүүгө уруксат берилген эмес.