You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Трамп Орусия жана Украина үч күнгө ок атышууну токтотуп, туткундарды алмашууга макул болгонун айтты. Бул билдирүүнү Москва да, Киев да ырасташты
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Сини Орус кызматы
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык баракчасында анын өтүнүчү менен Москва менен Киев үч күнгө ок атышууну токтотууга макул болгонун билдирди. Анын айтымында, бул убакыт ичинде тараптар аскер туткундарын жаңы форматта алмашат. Москва менен Киев да ок атышууну токтотуу жана "1000ге 1000" формуласы боюнча туткундарды алмашуу боюнча макулдашылганын ырасташты.
"Мен Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта ҮЧ КҮНДҮК ТЫНЧТЫК ЖАРЫЯЛАНГАНЫН (9, 10 жана 11-май) кубануу менен билдирем. [...] Бул элдешүү бардык согуш аракеттерин токтотууну жана ар бир тараптан миңден аскер туткунун алмашууну камтыйт. Бул өтүнүчтү мен жеке өзүм жасадым жана президент Владимир Путин менен президент Володимир Зеленский аны колдогону үчүн ыраазычылык билдирем", - деди Трамп.
"Бул узакка созулган, кандуу жана оор согуштун аягынын башталышы болот деп үмүттөнөм", - деп кошумчалады ал.
Трамп ошондой эле согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын жана "күн сайын максатка жакындап бара жатканын" белгиледи.
Киев буга эмне деди?
Украинанын президенти Володимир Зеленский көп өтпөй Киев орус тарап менен "1000ге 1000" форматындагы аскер туткундарын алмашуу боюнча макулдашууга жетишкенин айтып, Трамп айткан үч күндүк тынчтык режимин ырастады.
"Ошондой эле 9, 10 жана 11-май күндөрү тынчтык режими болушу керек. Украина өз жарандарын Орусиянын туткунунан кайтып келишин камсыз кылуу үчүн ырааттуу иш алып барууда. Командама алмашуу үчүн зарыл болгон бардык иштерди тез арада даярдоону тапшырдым", - деп жазды ал социалдык баракчасында.
Украина лидери акыркы күндөрү Москвадагы 9-майдагы Жеңиш парады боюнча "конфигурация тууралуу көптөгөн кайрылуулар жана сигналдар болгонун" айтты.
Орус бийлиги буга чейин 8–9-май күндөрү "Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин Жеңишинин урматына" бир тараптуу тынчтык жарыялаган. Украина ага макул болгон эмес жана мурдараак 6-майдан баштап мөөнөтсүз "тынчтык режимин" сунуштаган. Москва бул демилгеге жооп берген эмес.
8-майдын таңында тараптар кайрадан бири-бирин чабуулдар үчүн айыпташты. Зеленский Украина чабуулдарга чабуулдар менен жооп кыларын бир нече жолу билдирген.
"Биздин аракеттердеги күзгү принцип орус тарапка жакшы белгилүү жана буга чейин далилденген. Украина үчүн позициябызды аныктоодо кошумча маанилүү фактор - бул согуштагы негизги гуманитардык маселелердин бири болгон аскер туткундарын бошотуу. Биз үчүн Кызыл аянттан көрө үйүнө кайта турган украин туткундарынын өмүрү маанилүүрөөк", - деп жазды Зеленский жума күнкү кечиндеги билдирүүсүндө.
Ал ошондой эле Трампка ыраазычылык билдирип, АКШ "орус тараптын макулдашууларды аткарышын камсыздайт" деп үмүттөнөрүн айтты.
Украина президентинин сайтында жума күнү кечинде Кызыл аянттагы парадды өткөрүүгө "уруксат берилгени" тууралуу жарлык да жарыяланды.
"Парад өтүп жаткан учурда (2026-жылдын 9-майы, Киев убактысы боюнча саат 10:00дөн тартып) Кызыл аянт аймагы украин куралдарын колдонуу планынан чыгарылсын", - деп айтылат жарлыкта.
Москва эмне деди?
Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Орусия Дональд Трамптын Украина менен тынчтык жана аскер туткундарын алмашуу боюнча сунушуна макул болгонун билдирди.
"Орусия Федерациясынын президенти Владимир Владимирович Путиндин тапшырмасы боюнча АКШ президенти Дональд Трамп жаңы эле сунуштаган Орусия менен Украинанын ортосундагы туткундарды алмашуу үчүн тынчтык демилгеси Орусия тарабы үчүн кабыл алына турганын ырастайм", - деп билдирди ал. Анын бул сөзүн "Интерфакс" цитата келтирет.
"Эң негизгиси - 9-11-май күндөрүндөгү тынчтык мезгилинде ар бир тараптан миңден туткун алмашуу боюнча макулдашуу болду".
Ушаковдун айтымында, бул макулдашуу америкалык администрация менен болгон байланыштардын жүрүшүндө жетишилген.
"АКШ өкүлдөрү өз кезегинде Киев менен да байланышта болушту", - деди ал.
"Трамптын демилгеси нацизмди жеңүүнүн 81 жылдыгына - биздин ыйык майрамыбызга дал келгендиги маанилүү", - деп кошумчалады Ушаков.
Ал эми Владимир Путин өзү азырынча Трамптын демилгеси боюнча комментарий бере элек.