АКШ: 50 жаштагы аял укол менен өлүм жазасына тартуу учурунда аман калды

Сүрөттүн булагы, Tennesse Department of Corrections
Теннесси штатындагы абакта отурган Криста Пайк өлүм жазасын аткаруу учурунда ага сайылган эки өлүмгө алып келүүчү уколдон кийин аман калды жана ооруканага жеткирилди. Бийлик АКШнын Жогорку сотунун чечиминин негизинде өлүм жазасын аткарууга аракет кылган.
Өлүм жазасын аткаруу баштала электе, белгиленген убакытка бир сааттай калганда процедура убактылуу токтотулган. Федералдык апелляциялык сот өлүм жазасына тартпоону талап кылган жактоочулардын жүйөлөрүн карап чыгууга убакыт керектигин билдирген.
Бирок Теннесси штатынын прокурору төмөнкү инстанциядагы сот чыгарган убактылуу токтотуу чечимин жокко чыгарууну талап кылган. АКШнын Жогорку соту прокурордун өтүнүчүн канааттандырган.
Убактылуу токтотуу чечимин Жогорку соттун консервативдүү судьясы Бретт Кавано жокко чыгарды. Ал өз чечимин түшүндүргөн эмес. Ага соттун үч либералдык мүчөсү - Соня Сотомайор, Елена Каган жана Кетанджи Браун Жексон каршы добуш беришти.
Жогорку соттун чечими шаршемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00 чамасында кабыл алынган. Өлүм жазасын аткарууга берилген уруксаттын мөөнөтү түн ортосунда бүтмөк.
Кийинчерээк Пайктын адвокаты ага жасалган эки өлүмгө алып келүүчү уколдон кийин да анын тирүү калганын билдирди. Өлүм жазасын аткаруу процедурасы жүрүп жаткан учурда эле абактагы аялдын адвокаттары аны токтотууну өтүнүп, шашылыш арыз беришкен.
"Пайк эс-учун жоготкон, бирок анын жүрөгү дагы эле согуп жатат, коңурук тартканы угулуп жатат", - деп айтылат адвокаттарынын билдирүүсүндө.
Анын адвокаттарынын бири Би-Би-Сиге билдиргендей, 50 жаштагы Пайкка өлүм жазасын аткарууда колдонулган күчтүү уктатуучу дары - пентобарбиталдын эки дозасы сайылгандан кийин "реанимациялык жардам көрсөтүлүп жатат".
Өлүм жазасына күбө болгон адамдардын айтымында, уколдор сайылгандан кийин Пайк дем алып жаткан. Андан соң күбөлөрдү бөлмөдөн чыгарып кетишкен. Кийин түрмөгө тез жардам кызматтарынын унаалары келген.
Теннесси штатынын бийлиги бул окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.
Ал эмне үчүн өлүм жазасына өкүм кылынган
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
50 жаштагы Пайк 1996-жылдан бери өлүм жазасын күтүп келген. Ал киши өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган.
Эгер өкүм аткарылса, Пайк Теннесси штатында 200 жылдан ашык убакыттан бери өлүм жазасына тартылган биринчи аял болот. 1970-жылдардан бери АКШда жалпысынан 18 аял өлүм жазасына тартылган. Бул убакыт аралыгында өлүм жазасына тартылган эркектердин саны 1663тү түзгөн.
Буга чейин АКШнын Жогорку соту өлүм жазасын кийинкиге жылдыруу тууралуу өтүнүчтү четке каккан. Ал эми Теннесси штатынын губернатору ушул жуманын башында Пайктын кечирим берүү өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткан.
Пайк 18 жашында ошол кездеги жигити Тадарил Шипп менен бирге 19 жаштагы Коллин Слеммерди сабап, кыйнап, өлтүргөн. Алар Коллин менен жүрүм-турумунда көйгөйү бар өспүрүмдөр үчүн уюштурулган кесиптик даярдоо лагеринде таанышкан. Киши өлтүрүү коомчулукта чоң резонанс жараткан: жабырлануучунун көкүрөгүнө пентаграмма - сатанисттик ырым-жырымдарда колдонулган символ чегип түшүрүлгөн.
Пайк Коллин аны мазактаганын жана жигитин өзүнө тартууга аракет кылганын айткан. Кийинчерээк лагердеги дагы эки тарбиялануучу сотто көрсөтмө берип, Пайк бул киши өлтүрүү тууралуу кылмышка чейин да, андан кийин да мактанганын, ошондой эле аларга жабырлануучунун баш сөөгүнүн бир бөлүгүн көрсөткөнүн билдиришкен.
Бир жылдан кийин Пайк өлүм жазасына өкүм кылынган. Ал эми ошол учурда 17 жашта болгон Шипп шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулуу мүмкүнчүлүгү менен өмүр бою эркинен ажыратылган.
Ал өзү да жабырлануучу болгонбу?
Бирок Пайктын бала кезинде сексуалдык зомбулукка кабылганы жана кароосуз, көзөмөлсүз шартта жашаганы тууралуу документтер менен тастыкталган маалыматтар бар.
Өкүм чыккандан кийинки жылдар аралыгында Пайктын жактоочулары анын балалыгына байланыштуу маалыматтарды чогултушкан. Алардын айтымында, 1996-жылы сот арачылары бул жагдайларды эске ала алышкан эмес.
Адвокаттарынын пикиринде, эгер Пайк бүгүн өспүрүм куракта соттолсо, анын өткөн тарыхын эске алуу менен, күнөөсү далилденген күндө да, ага өлүм жазасы берилмек эмес.
Жактоочулар көп жылдар бою Теннесси штатынын өкүлдөрү сотто Пайк бала кезинде сексуалдык зомбулукка кабылганы тууралуу калп айтып жатат деп билдирип келишкенин белгилешкен. Бирок жакында анын өлүм жазасы кандай жол менен аткарыларына байланыштуу өткөн сот отурумунда штаттын өкүлдөрү күтүүсүздөн Пайктын сексуалдык зомбулукка жана зордуктоого кабылганын талашпай турганын билдиришкен.
Шаршемби күнү Алтынчы апелляциялык округдун Апелляциялык сотунун судьялары өз чечиминде Пайктын иши боюнча жүйөлөрдү карап чыгуу үчүн аларга кошумча убакыт керек экенин билдиришкен. Бирок Жогорку сот бул чечимди жокко чыгарды.

































