"1618 мүлктү өз ыктыяры менен өткөрүшкөн". Депутаттар "кустуризация" маселесин көтөрүштү

Мамлекетке алынды делген мүлктөрдүн бири
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мамлекетке алынды делген мүлктөрдүн бири
Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Жогорку Кеңеште "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатканда депутаттар мамлекетке өттү делген мүлктөр, ак ниет сатып алуучулардан алынган имараттар тууралуу маселе көтөрүштү. Жогорку Кеңештин 1-октябрдагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева мамлекеттин менчигине өткөн мүлктү кийин мыйзамдуу сатып алган жарандар да мүлкүнөн ажыраганы боюнча кайрылуулар бар экенин айтты.

Жыйында депутаттар мамлекетке кайтарылган мүлктөрдүн көлөмү жана алардын наркы боюнча да суроолорду беришти.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директору Бексултан Токоновдун маалыматына караганда, 2021–2026-жылдары мамлекетке жалпысынан 1773 мүлк жана мүлктүк комплекс кайтарылган. Алардын ичинен 155и конфискацияланган, ал эми 1618 мүлк өз ыктыяры менен өткөрүлүп берилген.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө байланыштуу талаштарда мүлктү мыйзамдуу сатып алган жарандардын укуктары бузулганына көңүл бурду.

"Бизге, Жогорку Кеңештин депутаттарынын даректерине акыркы бир нече жылда абдан көп кайрылуулар келди. Эми баарыбыз тең эле түшунүп жатабыз. Себеби ким болгон, эмне болгон. Бизге арыздангандар: "Биз ак ниет сатып алуучу болгонбуз. Мамлекеттик мүлктү биринчи мыйзамсыз менчиктештирип алгандар да бар. Аларды жоопкерчиликке тартпай туруп, биз миллиондук карызга батып, көптөгөн жабдууларды сатып алып, иштетип, канча адамды жумуш менен камсыз кылгандан кийин мамлекет мүлкүбүздү тартып алып же компенсация бербей, камалып кеткен да учурларыбыз болду" дешти, - деди Сурабалдиева.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директору Бексултан Токонов депутаттын суроосуна жооп берип жатып, агенттикте мурда сатылган же менчиктештирилген мүлктү кайра кайтарып алуу боюнча ыйгарым укук жок экенин айтты. Анын билдиришинче, мындай иштер тергөө жана сот органдары аркылуу жүргүзүлөт.

"Эльвира Жыралбековна, сиз абдан туура маселени коюп жатасыз. Мамлекеттик мүлк агенттигинде мурда сатылган же менчиктештирилген мүлктү кайра кайтарып алуу функциясы каралган эмес. Бизде андай функция жок. Мындай иштер, өзүңүз жакшы билгендей, тергөө жана сот органдары аркылуу жүргүзүлөт. Ал эми мүлктү өз ыктыяры менен өткөрүп берүү учурларында гана биз аны мамлекеттик менчикке кабыл алабыз. Мындай иштер менен сот органдары, укук коргоо органдары алектенет", - деди Бексултан Токонов.

Ал эми мүлк өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлүп берилсе, агенттик тиешелүү чечимдердин негизинде аны мамлекеттик менчикке кабыл алат.

Токонов Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып, "ак ниет сатып алуучу" деп мүлктү мыйзам бузбастан сатып алган жаран болорун түшүндүрдү.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Болот Сагынаев да ушул маселеге токтолду.

"Мыйзам, менин оюмча, мындай тандалма ыкма менен жүрүп жаткандай сезилет. Себеби биздин көптөгөн жарандарыбыз, экинчи жана үчүнчү менчик ээлери да ак ниет сатып алуучу болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө ушундай адамдар мүлкүнөн ажырап, көчөдө калып жатышат. Мисалы, өзүмдүн округумду ала турган болсом, Тоң районунда, Жети-Өгүз районунда менчикке өтүп кеткен он, жыйырма гектар жерлер бар. Алардын тааныш-билиштери бар, бирок аларга эч ким тийген жок. Ал эми таанышы жоктор, мисалы, экинчи, үчүнчү сатып алуучулар жана мен айтып жаткан ак ниет сатып алуучулар бүгүнкү күндө жашап жаткан үйлөрүнөн чыгарылып, эч кандай компенсация төлөнбөстөн көчөдө калып жатышат", - деди депутат.

Мүлктүн баасы боюнча суроолор

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Депутаттар мамлекетке өткөн мүлктөрдүн баасы кандай аныкталарын, алар кантип сатыларын да сурашты.

Эл өкүлү Элвира Сурабалдиева бийликке жеткиликтүүлүгү бар адамдар мамлекетке өткөн айрым объектилерди төмөн баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп калбайбы деген маселени көтөрдү.

Токонов мүлктүн бааланышы жана аукциондордун ачык өткөрүлүшү маанилүү экенин айтты.

Анын маалыматына караганда, мыйзам долбоорунда аукциондор тууралуу маалыматты алдын ала жарыялоо каралган. Жөнөкөй объектилер боюнча маалымат аукционго чейин кеминде 30 күн мурда, ал эми стратегиялык объектилер боюнча 90 күн мурда жарыяланат.

Токоновдун айтымында, мүлктү сатып алууну каалаган жарандар жана юридикалык жактар аукционго катыша алышат.

Ошол эле учурда ал мүлктү баалоодо көйгөйлөр бар экенин моюнга алды.

Анын айтымында, мамлекетке өткөрүлүп жаткан учурда мүлк бир баа менен көрсөтүлүшү мүмкүн, кийин сатууга чыгарылганда кайрадан бааланат. Баалоону негизинен жеке компаниялар жүргүзөт.

"Кээ бир учурларда бир мүлк мамлекетке өткөрүлүп жатканда бир баа менен келиши мүмкүн. Ал эми биз аны сатууга чыгарганда башка баа көрсөтүлүшү мүмкүн", — деди Токонов.

Депутат Кубанычбек Самаков буга чейин мамлекеттик органдар тарабынан мамлекетке кайтарылган мүлктүн наркы боюнча ар кандай маалыматтар айтылганын белгиледи. Ал мүлктүн баасын ким аныктай турганын сурады.

Токонов баалоону жеке компаниялар жүргүзөрүн айтты.

Анын айтымында, тергөө учурунда кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн баалоо менен мамлекетке өткөрүлүп берилгенден кийинки баалоонун ортосунда айырмачылык болушу мүмкүн.

Токоновдун айтымында, мүлк агенттикке өткөрүлүп берилгенде баштапкы баасы менен эмес, "нөлдүк баа" менен келет. Андан кийин агенттик аны кайра баалатат. Мүлк сатууга чыгарылган учурда дагы баалоо жүргүзүлөт.

Агенттиктин жетекчиси учурда мамлекетке кайтарылган мүлктөрдү инвентаризациялоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Анын маалыматына караганда, 450гө жакын мүлк азырынча баалана элек. Алардын арасында бир нече миллиард сомдук мүлктөр да бар.

Мыйзам долбоорун талкуулоодо депутаттар менчиктештирүүнүн ачык-айкындуулугун, мамлекетке кайтарылган мүлктөрдү баалоонун тартибин жана мүлктү мыйзамдуу сатып алган жарандардын укуктарын коргоо маселелерин көтөрүштү.

УКМК жана "кустуризация"

Кыргызстанда 2021-жылдан тарат мамлекеттин мүлкүнө байланыштуу иштерде негизги басым коррупцияга шектелген мурдагы аткаминерлерге жана мамлекеттик кызматкерлерге жасалып келген. Кийин бийликтин мүлктү мамлекетке кайтаруу аракеттери криминалдык чөйрө менен байланышы бар деп айтылган адамдарга жана айрым ишкерлерге да багытталды. Акыркы жылдары УКМК менен прокуратура мыйзамсыз менчиктештирилген деп тапкан жүздөгөн объект жана ишкана мамлекетке кайтарылганын жарыялаган. Бул иштерди негизинен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жүргүзгөн.

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматта турган кезде коррупцияга каршы күрөштөн казынага 4 млрд доллар түшкөнүн айтып келген.

Бирок президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде мындай суммадагы каражат түшкөнүн четке каккан.

"Коррупциядан 4 миллиард түшкөн жок, чынын айтыш керек. Башында эле "Мына, 10 миллиард төктүрдүк, быйыл 50 миллиард төктүрдүк" деп Камчыбек Кыдыршаевич досум айтып жатканда, "Ай, досум, сандар менен ойнобо. Эртең ошончо чыкпай калса, эл "жеп алды" деп айтат. Реалдуу түрдө айт" деп айткам. 300 миллиард болуп кеткени - мисалы, базар баасындагы 100 миң долларлык батирин алса, 300 миңге баалай берген. Аны кимге сатасың, эгер 100 миң доллар болсо базардагы баасы?" - деген эле Садыр Жапаров буга чейин Али Токтакуновго берген маегинде.

Жапаров айрым конфискацияланган кыймылсыз мүлктөр рыноктук баасынан жогору бааланганын айтып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте сатылбай турган жүздөгөн объект бар экенин билдирген.

Камчыбек Ташиев быйыл 10-февралда кызматтан алынган.