Калифорния: Кыргызстан бүгүн биринчи улуттук спутнигин космоско учурганы жатат

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров биринчи улуттук спутникти космоско учурууга байланыштуу иш-чараларга катышуу үчүн АКШнын Лос-Анжелес шаарына барды. Спутник 1-октябрда Калифорниядан SpaceX компаниясынын ракета-алып жүрүүчүсү менен орбитага чыгарылышы пландалууда. Учуруу Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 00:18де болору айтылды.
Президенттик администрациянын маалыматына караганда, бул иш-чарага катышууга барган Жапаровду Лос-Анжелес аэропортунан SpaceX компаниясынын глобалдык өнүгүү боюнча директору Ребекка Хантер тосуп алды.
Кыргызстанда иштелип чыгып, чогултулган спутникти түзүүгө эки жарым жылдай убакыт кеткен. Аппараттын негизги милдеттеринин бири - Жердин бетин сүрөткө тартып, алынган маалыматтарды айыл чарбасында жана айлана-чөйрөнү көзөмөлдөөдө колдонуу.

Сүрөттүн булагы, Official
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун айтымында, спутниктен алынган маалыматтар айыл чарба жерлеринин жана эгин талааларынын абалын көзөмөлдөөгө, нымдуулуктун жетишсиздигин жана кургакчылык коркунучун аныктоого жардам берет.
""Спутниктик маалыматтар агрардык секторду колдоодогу заманбап аналитикалык инструмент. Биз кайсы аймакта суу жетишсиз экенин, түшүмдүүлүк кандай болорун алдын ала көрүп, туура башкаруучулук чечимдерди кабыл ала алабыз", - деди Акунбеков.
Спутник ошондой эле мөңгүлөрдүн жана суу ресурстарынын абалын көзөмөлдөөдө, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин баалоодо колдонулушу мүмкүн.
Кыргызстандык адистердин айтымында, аппараттын салмагы болжол менен 5–6 килограмм. Аны иштеп чыгууга кыргызстандык инженерлер катышкан. Спутникте Жерди сүрөткө тартууга арналган камералар жана башка сенсорлор орнотулган.

"Кыргыз спутник" ишканасынын өкүлү Динара Моношбекова наноспутниктин чакан көлөмү аны космоско чыгаруу чыгымдарын азайтарын айтты. Анын маалыматына караганда, спутниктен алынган маалыматтар издөө-куткаруу иштеринде да колдонулушу мүмкүн.
"Наноспутник көлөмү менен утат. Учурарда аз чыгым болот. Туристтер жоголсо, ӨКМге маалымат берип тура алат. Спутник күндөн энергия алып иштейт".
Кыргыз өкмөтүнүн айтымында, бул кадам чет өлкөлүк спутник маалымат булактарына болгон көз карандылыкты азайтат. Бул маалыматтарды сактоо, коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
































